Жан дүйнөдөгү ачуу чындыкты даңазалаганы үчүнбү, айтор, бул ыр уккан адамдын жүрөгүнөн орун алып келет. Андыктан ырдын тарыхына кызыгып кимге арналган, автору ким деп сурагандар арбын. Көпчүлүктүн сунушу менен Эрнест Бөрүбаевдин аткаруусундагы «Сиз жөнүндө» аттуу ырдын тарыхын билүүгө биз да кызыктык.
Ырдын автору ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика факультетинин деканы, педагогика илимдеринин доктору САТКАНБАЙ МОМУНАЛИЕВ. Агай ырдын жаралыш тарыхы жөнүндө төмөнкүдөй кеп салып берди.
– Бул ырдын жазылганына 34 жыл болду. Байбичемдин бой жетип, жигиттерди теңине албай жүргөн кези болчу. Мен аны жактырып калып сөз айтып, ыр арнап, кат жазып сүйүүмдү далай жолу билдиргем. Кыз кылыктанып же катка жооп жазбайт, же жактырбай турганын билдирбей күйгүзүп көпкө жүрдү. Ырды ошондой сүйүү отуна куйкаланып турган кезимде жазгам. Алгач жазылганда темасы «Сен» деп аталып, төрт сап эле болчу. Ошентип ыр арнасам да ынабады эле, жубайымды ала качып алдым.
Эмгек жолумду мектепте мугалим болуп иштөө менен баштагам. Ал жакта иштеп жүргөндө адамгерчиликтүү, жакшынакай мугалим айымды жактырып калдым. Ошентип 22 жашымда жубайыма арнап жазган саптарымды 28 жашымда жоопсуз сүйүүмө арнап уланттым. Башкача айтканда, ырдын 2-3-куплети жаралды да, ал «Сизге» деп аталып калды. Үй-бүлөлүү болуп калгандыктанбы, экинчи сүйүүм жактыруудан ары өткөн жок. Учурда биринчи сүйүүм Шарапат менен жашап жатканыбызга 30 жылдан ашуун убакыт болду, 4 уул, 1 кызды тарбиялап өстүрдүк.
Ырды алгач обону менен укканда аябай сүйүндүм. Окуучум Түмөнбай «агай, бул ырга жыйынтык керек болуп жатат» дегенинен 4-куплетин башка кызга жазылган ырдан алып, темасын «Сиз жөнүндө» кылып өзгөртүп койгом. Ошондо бул чыгарма үч сулууга арналып жазылган. Ырга обон, аранжировка аткаруучу да жарашкан, ошон үчүн эл оозуна алынып кетти.
Обончу Түмөнбай Колдошов: «БУЛ ЫРДЫ ӨЗҮМ ДА ЫРДАП ЧЫГАМ»– Ырга обонду 2013-жылы чыгаргам. Алгач обону жаралган, бирок ылайыктуу сөз таппай, бир топ убараланып жүргөн элем. Бир күнү ОшМУда мугалим болуп иштеген Артур Тургунбаев «сонун текст бар» деп калды. Карап көрсөм, мен эңсеген, мен издеген текст экен, обонго куп жарашып калды. Ыр бир жумада даяр болгондон кийин Сатканбай агайга барып ырдап бердик. Агай ыраазы болуп, бизге оригинал текстин берди. Себеби ырдын сөзү колдон колго өтүп, өзгөрүп кеткен экен.
Агайымдын ырлар жыйнагы камтылган 3 китеби чыкса да, ырына обон биринчи жолу жазылыптыр. Ошол кезде Эрнест Бөрүбаев «Элегия» деген ырыңды мага бер» деп сураган эле. Ал ырды Айпери Кулбаева, өзүм да «Сагындыңбы, мен да сагындым» деп ырдап жүргөм. «Үчүнчү киши ырдаганда болбой калат го, андан көрө мен сизге сонун ырды берейин» деп диктофонго жазылган ырды угуздум. Эрнест байке бир жумадан кийин чалыптыр, «бул ырыңа аранжировка жасатып жатам» деп. «Макул, негизгиси, авторун айтып ырдай бериңиз» дедим. Бул ырды азыр ал ырдап жүрөт. Буюрса, «Сиз жөнүндөнү» аккордеонго салып, өзүм да ырдасамбы деген оюм бар.
«СИЗ ЖӨНҮНДӨ»
Сөзү: Сатканбай Момуналиевдики
Обону: Түмөнбөй Колдошовдуку
Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Кат да жазбайм кубанычтуу, кусалуу.
Сымбатыңыз суктандырып турса да,
Жүрөгүңүз, эркиңиз да тушалуу.
Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Кечириңиз, тынчыңызды алдым көп.
Сезимиңиз сенектигин байкабай,
Тажатыпмын айта берип сүйөм деп.
Ырлар жазбайм сагынычтуу, кусалуу,
Күнөөлөбөйм сүйбөдү деп сизди мен.
Сезим жанбоо – бактысыздык, чоң кайгы,
Сүйүп, зарлоо чоң бакыт деп түшүнөм.
Сиз мендиксиз, мендик дагы эмессиз,
Сезим, ойлор бирге, бирок бөлөкпүз.
Сагындырып, саргайтканыңыз үчүн,
Сүйөмүн да, жек көрөмүн сизди эпсиз.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg