Нурсултан Майназаров, телеалпаруучу: «БОЙДОКМУН, БИРОК КЫЗ ЖАНДАГАНГА УБАКТЫМ ЖОК»

Мамлекеттик иш-чараларды эне тилибизде, орус, түрк, англис тилдеринде алып барган Нурсултан Майназаровду теледен көрүп эле жүрсөңүз керек. Акыркы убакта той да башкарып жүрөт. «Тамашоу» лигасынан чыккан, колунан да, тилинен да келген 23 жаштагы бул жигитти кенен маекке тарттык. Маек учурунда алдыга койгон ой-максаты бар, кыла турган иштерин эки жыл алдыга пландай алган адам экенин байкадым.

– Нурсултан, салам. Сени эл «тамашоучу», телеалпаруучу катары тааныйт. Алып баруучулукту качан, кантип баштадың эле? Кепти ошондон баштайлы.
– Мен Эл аралык Ататүрк Ала-Тоо университетинин жаңы технологиялар факультетинин инженер-менеджер бөлүмүн аяктагам. Билим берүүбү, соода тармагыбы, кыскасы, ошол системинин сапатын жакшыртуу – менин кесибим. 1-курстан тарта эле окуу жайдагы маараке-кечелерди орусча, кыргызча, түркчө, 3-курстан баштап англис тилинде да алып бара баштадым. Телевидениеге болсо 2011-жылы «Достук көпүрөсү» көрсөтүүсүндө алып баруучулук милдетти аткарып чыктым.

– Кичинеңен эле билим алууга умтулат турбайсыңбы. Университетке келгенге чейин канча тил билчү элең?
– Албетте, эне тилимди, анан орус, түрк тилдерин билчүмүн. Менин түбүм Нарындан. Бирок Бишкек шаарында төрөлүп, бул жерде 5-класска чейин окугам. 6-класстан тарта атамдын кесибине байланыштуу (орган кызматкери) Кадамжай шаарына барып, «Семетей» түрк лицейинде окуп калдым. Алгач ага өтпөй калгам. Аны атайын эле жасагам. Досторум «окуп эмне кыласың, ал жакта жалаң балдар менен камалып жашайсың» деп азгырышкан эле. Суроолорун карабай туруп белгилеп салсам, ырас, өтпөй калыптырмын. Бирок апам «бул бала билет, дагы бир жолу байкап көргүлөчү» деп мени окуу бөлүм башчысына жетелеп барган. Мага да «Балам, сураныч, көңүл коюп, баарын туура белгилегенге аракет кылчы, мен сени жакшы билим алсын деп жатам. Эгер сен өтсөң жүрөгүм тынч болот» деди. Апамды аядым, жыйынтыгында өтүп, 11-классты ошол лицейден аяктадым. Жогорку окуу жайды тандоодо менде маселе болгон жок. Аттестатымды алып барып «аласыңарбы?» десем, «алабыз» дешти. Ошентип 20 пайыздык арзандатуу менен контракттык негизде окуп калдым.

– 1-курстан эле «Тамашоудо» ойнодум дедиң, долбоорго тамашакөйлөрдүн баарын эле ала берет бекен?
– Башында КВНге таптакыр кызыкчу эмесмин. Бишкекте атамдын байкеси (чоң атам), анын баласы Адил үчөөбүз чогуу жашачубуз. Адил КМКТАУнун атынан КВНде ойночу. Келип алып тамашаларын, команда менен ар кайсы жакка баргандарын айтып, мени кызыктыра берет эле.
Бир күнү окуу жайда концерт болуп калды, КВН команданын тамашаларын атайын көрдүм. Жагып калды. Команда түзүп, Адилдин жардамы менен тамашаларды ойлоп чыктык. Кийинчерээк окуу жайдын атынан чыккан «Достук» командасына кошулдум.

– Булардан башка дагы кандай иштер менен алектенесиң?
– КТРде «Коом жана дин» программасын кыргыз, орус тилдеринде алып барам. Өзүм бүткөн окуу жайда тышкы иштер бөлүмүнүн башчысымын. Ал жерде кадимкидей күнүнө сегиз жарымдан беш жарымга чейин иштейм.
Бизге Гарвард университетин бүткөн, беш тилде эркин сүйлөгөн Алмаз Бейшеналиев деген проректор келген. Ошол адам «акыл-эсиң жайында, иштешиң керек» деп бөлүм башчылыкты сунуштады. Андан сырткары тойлорго тамадалык кылам. Ак төөнүн карды жарылган учур экен, бир айда 15ке чукул той алып барып жатабыз. Мааракелерди уюштуруу боюнча командам бар, ошону менен иштейм. Андан сырткары Омар экөөбүз Ала-Тоо университетине аспирантурага тапшырдык, буюрса, экономика илимдеринин кандидаты болобуз.

– Атыңды пайдаланып, мени тааныбайсыңбы деген учур болобу?
– Кээ бирлер «мени тааныбайсыңбы, мен баланчамын» дешсе, бери жакта туруп мен уялам. Азыр биз демократиялык өлкөдө жашайбыз, бирөөнү бирөө тааныганга милдеттүү эмес. Эч качан мен баланчамын деп мактанган эмесмин.

– Алып баруучулук милдетти аркалап жатканда сөз таппай калган учур болобу?
– Бир жолку окуя эсимден кетпейт. Той алып барып жатып, Алтынай эже(ред. Нарбаева) менен узун кепке кирип кетиптирмин. Анын кезеги келгенде «кыргыз элинин сыймыгы, жагымдуу үндүн ээси» деп туруп атын айтайын десем такыр эске келбейт. Жардамчым «Алтынай Нарбаева» деп оозун кыймылдатат же мен анысын илип кетсемчи. Эже артымда турду эле да, өзү «Алтынай Нарбаева» деп шыбырады. Бир топко пауза кармап туруп анан эжени чакыргам.

– Келечектеги максатым миллионер болуу деген элең, миллионер болууга канча калды?
– Чын, көп акча тапкым келет. Бирөөгө жардам бериш үчүн өзүңдө болуш керек. Кудайга шүгүр, үй-жайым, машинам бар. Бирок мамлекетибизди алдыга сүйрөө үчүн, элге сапаттуу азык бериш үчүн көп каражат керек. Миллионер качан болом, билбейм, бирок аракеттер бар.

– Чөнтөктө салып жүргөн күнүмдүк акчаң канча?
– Мурда жаш болуп, эртеден кечке кафелерден тамактанып, акчаны пландабай эле корото берчүмүн. Азыр окуу жайдын ашканасынан тамактанам, анан бензинге, бирдик салганга акча салып жүрөм.

– Акча сүйлөшкөн кызыңдын көңүлүн алганга да керек да, туурабы?
– Ооба, бойдокмун, бирок кыз жандаганга убактым тартыш болууда.

– Мындан бир жыл мурун «биринчи жана акыркы сүйүүмдү тапкам, эки жылдан кийин үйлөнөм» дегениң эсимде, сөзүң күчүндөбү?
– Күчүндө, бир жылдан кийин үйлөнөм, буюрса. Мен мындай үй-бүлөдөнмүн: даяр эч нерсем жок. Бирөө мага үй, машина белек кылам десе да албайм. Баарына өзүм жетишип, үй-бүлөмө да жардам беришим керек. Төрт иним бар. Иним Сабыр
КМКТАУнун алдындагы колледжде, Кенжетай, кичүү эгиз инилерим Иса, Муса мектепте окушат.

– Кызганчааксыңбы?
– Аябай кызганчаакмын. Эркек киши өзү кызганчаак болуш керек.

– Мынча ишти бүтүрүүгө кантип жетишесиң, энергияны кайдан аласың?
– Энергияны уйкудан алам. Акыркы күндөрү беш саат уктап жүрөм. Кечкисин үйгө түнкү 2-3тө келем. Апама рахмат, мага кайсы убакта эмне керек, баарын даярдап берет. Айрымдар ошон үчүн «аял алып эмне кыласың?» деп тамашалап калышат. Болочоктогу жубайымдын апама окшош болушун тилеп келем.

– Атаң грек-рим күрөшү боюнча СССРдин чемпиону экен, спортко мамилең кандай?
– Грек-рим күрөшү менен 1-класстан эле машыкчумун. 3-класстан тарта профессионалдуу машыга баштагам. Дегеним, жумасына алты жолу эки сааттан машыкчумун. Мен окууну да, спортту да жакшы көрчүмүн. Экөөнүн бирөөсүн тандоо керек болду. Апам менен атам кеңешип, менин билим жаатына кетишимди туура көрүштү. Ошондо деле бош убактымда спорт менен алектенчүмүн. 2008-жылы грек-рим күрөшү боюнча спорт чеберине талапкер болгом.

Дегеле жашоодо кандай адамсың?
– Принципке турган адаммын. Кайсы тармактын адамы болбосун бардык жаатта тил табышып кетем. Үйгө карамдуумун, бирок убактымдын жоктугунан бул сапатым экинчи планда калат. Өткөндө апамды сүйүнтөйүн деп самындан баштап керектүү буюм-тайымдардын баарын сатып келдим.

– Сенин элге таанылып, атыңдын чыгышына эң биринчи эмне себеп болду деп ойлойсуң, жолдуусуңбу?
– Ишин мыкты билген кеңеш сурачу адамдарым бар. Бир ишти баштаардан мурун мен сөзсүз ал адамдар менен кеңешем. Чыгармачылыкта Нурзат Токтосунова, Эркин Рыскулбеков, Бакыт Байсариев, «Тамашоунун» жигиттери менен кеңешип турам.

– Рахмат, кызыктуу маегиңе, ийгиликтер коштоп жүрсүн.

«Кичинекейимде деле жаны тынбаган шок бала элем».

«Супер концерт-2013». Бактияр байке «Буй-буй» деп ыйлап ырдап жатып биздин боорубузду эзди, кошулуп да ырдадык».

«Тамадалар» командасынан эң жакшы досторду күттүм».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Нурсултан Майназаров: “Сүйлөшкөн кызымды таарынтып алдым”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
jasi
2014-10-20 12:04:54
Кыргызстанда ендей жаштар кобойо берсин. Азаматсын!
0
bayana1987
2014-10-21 18:04:36
Опеей да Нурсултан, баланды которуп фесбукта дала йэле жарыялап журбодун беле? ....тушунбой калдым....
0
melek1
2014-10-22 03:33:50
bayana1987, kokui owondoiu bar bele???
0
bayana1987
2014-10-25 14:35:55
melek1, ооба, мен Нурсултандын озунон баланбы десем ооба деген...
0
alibekova94
2014-10-22 14:51:06
bayana1987, Жашырып жаткандыр да))))
+1
admin_superstan
2014-10-22 09:58:53
meerim94, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
0
dinooou
2014-10-23 01:18:24
Воо малдес бала экен. Лично мага жакты берген интервьюсу.
0
ALIK-BRO
2014-10-23 01:59:44
эркек аттунун тем боле бойго жеткен баланын кыз жандаар убактысы болбосо кандай еркек же звездабы
0
zoro21
2014-10-23 12:29:57
өтө жакшы!!азаматсың,сенден үлгү алса болот
0
Ariet7
2014-10-24 02:07:07
эми баласы бар болсо жашырып эмне кылат билбейм
0
Positive
2014-10-27 22:43:11
жакшынакай жылдыздуу бала экен уй-булодо кандай болбосун ийгилик каалайм. Зирек бала экен, жакшы маэк куруп бериптир
0
№ 624, 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан