Айперинин жолдошу Нарулан: «АЙПЕРИ МЕНИ ТЕҢИНЕ АЛБАЙ ДАЛАЙ ЧУРКАТТЫ»
Адатта күз айы тойлорго бай болот эмеспи. Жакында эле Расул Маматкулов кызы Айгеримди турмушка узатып, тойдун сезонун баштап берген эле. Кезек ырчы, куудул Кубик Калыковго жетип, ал 13-октябрь күнү кызы Айперини турмуш жолуна узатты. Ал эми 15-октябрда эки жаштын заманбап тою болуп өттү. Жакшылыктын жүрүшүн тойдогу көз жаздымда калбаган кадрлар айтып беришсин.
Кыз узатуу каадасын бийчилер ачып берип, түндүк алдында Айперини эл алдына алып чыгышты. Тойго келгендердин кол чабуусу астында күйөө бала Айперини түндүктөн алып чыгып, тамада эки жашты чарчашканча жүгүнттү.
Кубик Калыков жубайы Динара менен «күйөө балабызды көргөндө эле жактырганбыз, ыманы ысык жигит экен» деп сүйүнүштү.
Түбөлүктүү куда-кудагыйлардан бололу дешкен эки жаштын ата-энеси бири-бирин куттуктап жаткан кези.
Тост кезеги той ээсинин сахналаштарына келгенде Бек Борбиев «Кубик, кыз киши ушундай тура, кичинесинен багып-өстүрүп, чоңойгондо башкалардын колуна тапшырып берет экенбиз. Көп ыйлаба, өзүң да жашык элең» деп тамаша аралаш куттуктоо сөзүн айтты.
Атайын үлпөт тоюна жасалган 3 кабаттуу торт аукционго коюлган жок. Эки жаш кесип, ата-энелерине ооз тийгизип, калганын элге таратып беришти.
Бойдок кыздардын бүйүрүн кызыткан учур. Айперинин үлпөт гүлүн кайнежесинин кызы тосуп алды.
Бул күнү эки жаш өзгөчө бактылуу.
Тойдо өзгөчө шаңдуу отуруп, бийлеп-жыргап жүрүшкөн бүгүнкү жакшылыктын ээлери Нарулан менен Айперини кепке тарттык.
– Нарулан, силердин сүйүү баяныңар качан башталды?
Нарулан: – Айпери экөөбүз башында жакшы достордон элек. Кийин достугубуз жактыруу сезимине, андан соң сүйүүгө айланды. Айпери ачык, ак көңүл, анда мага жаккан сапаттардын баары бар.
Айпери: – Дос болуп жүргөн кезде Наруландын мүнөзү аябай жакчу, ичимден «эх, сонун жигит...» деп суктанып койчумун. Нике кайып деп коёт го, тагдыр буйруп минтип баш кошуп жатабыз. Биз абдан бактылуубуз.
– Нарулан, Айперинин чыгармачылыгына кандай көз караштасың?
Н: – Айперинин чыгармачылыгына түз эле карайм. Уюлдук телефонума бүт ырларын жүктөп угам.
А: – Чыгармачылыгыңа чектөө койбойм, бирок мени аралаштырбасаң эле болду деп айтып калат.
– Айпери, жолдошуң сени кандай сапаттары менен багындырды?
А: – Сөзүнө турат, жоопкерчиликтүү. Жолдошумда мырзаларга тийиштүү сапаттардын баары бар. Көбү сурашат го, «эмнесин сүйөсүң?» деп, мен бир нерсеси үчүн сүйбөйм, жөн эле сүйөм. Эмне үчүн сүйөрүмдү айта албайм.
Н: – Бир нерсеси үчүн сүйсөң сүйбөйсүң. Эмне үчүн сүйгөнүңдү билбесең, мына ошол чыныгы сүйүү болот (күлүп).
– Айперини багындыруу оңой болбосо керек?
Н: – Оо, артынан далай эле чуркатты. Башында теңине албай, кагып салган күндөрү да болгон. Болбой эле өзүмдүкүн берген жокмун.
– Анда экөөңөргө бакыт каалайбыз!
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (69)
Мынча сулуу жигит, негизи Таластын жигиттери сулуу!!!!! Бакыт каалайм
бактылууууууууууууууууу боол. Куйоосу сопсонун красавчик экен. тугонбос бакыт каалайм силерге.
Бактылуу болгула кармашкан колунар туболуктуу болсун!!!
Бакыт каалаймын бактылуу уй булолордун катарын толуктагыла
Бактылуу болгула кыргыздын алдынкы уй булолорунон болгула ,тоолтура балалу чакалу болгула!!!
Ai kuioo bala Aiperi seni buga 4eiin artynan 4urkatyp kyinasa myndan ary awatyp sogup kyinait emi
Bolot-xan, ха хааааааа , жаман корбогуло бирок точно айтыпсыз
eki duyno baktiluuluktu kaalaymin
админ,кубат кубанычбековдун уйлонуу тоюнан макала жарык корду беле?Супердин архивдеринен такыр таппай койдум.Эгер корсо шилтеме берип коесуздарбы сураныч.Рахмат
missnelya, саламатсызбы!
Тилекке каршы, макала жазылган эмес.
baktylyyyyyyyyyyyy bolgula ekoo ten prosto krasava eken tatuuuuuu tugoilordon bolgula
сонун издешпей табышкандай пара болушуптур эн негизгиси бири бирин тушунуп жашап кетишсин
Кандай соонун бактылуу болгула бири бирине соонун жарашыптыр! Коз тийбесин!
соонун экоо тен соонун паралардан болушуптур туболукко бактылуу болгула кармашкан колунар эч узул босун
Бек байкем зеленыйлардан ыргытып атат го ээ
бактылуу болгула эки жаш ардайым бактылуу болгуула бири бирине жарашкан жубайлардан болупсунар