МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИН КИМ ТАРТИПКЕ САЛАТ?

11-октябрда Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери, подполковник Арыпбек Дарбанаев мас абалында жана айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдап, катуу ылдамдыкта каршы тилкеге чыгып, кичи автобусту сүзгөн. Кырсыктан 5 адам – мас подполковник өзү жана кичи автобустун айдоочусу, 5 жашар кыз, эмчектеги наристе жана анын энеси жабыркады. Бул окуянын күбөлөрү кырсыкты видеого тартып, аны интернетке жүктөшкөн.
ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробай Абдраимов: «Азыр кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Керектүү болгон экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча А.Дарбанаев ички иштер органдарынын кызматынан бошотулат»,- деди.
Биринчи окуя унутула электе 14-октябрь күнү жалпыга маалымдоо каражаттарына ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков Ош шаарындагы кафелердин биринде Кара-Суу районунун ИИБинин башчысы, полковник Марат Орозбаев менен мушташа кеткендиги жазылып чыкты.
ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы жогорудагы маалыматты төгүндөп, Сүйүнбек Өмүрзаков менен Марат Орозбаев өздөрүнө байланыштуу кептерди каралоо катары мүнөздөштү. Анткен менен дал ушундай сөздөр иш жүзүндө чын болуп чыкчу эле. Милиция кызматкерлери деги качан тартипке чакырылат?

Наргиза Бекжанова,
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
bossjoni
2014-10-20 17:39:03
милициялар негизи адам болуш керек
0
Wave.
2014-10-21 11:52:07
Милицияларыбыз ушинтип журсо, ким аларга ишенет? Мен азыр арызданбайм. Уррусун, да башкасын да озум жазалап жатам. Ишенип койгула, милициядан алда канча эффективдуу болот экен.
-1
Ariet7
2014-10-23 03:56:00
адам эмес булар адам болбой калышканы качан арам оокат м.н жашашат..уурулардын устунон да карашат законго коз жумуп туруп.xxxментxx
0
kapitan050868
2014-10-23 11:44:45
милициялар уят.Дордойдо бир кытай айтат силердин милицияны 100 сомго сатып алам деп ичти куйгузот.Айланайын,алтындарым 100 000 сом алгыла 100 сомго мундирди сатбай .уят,уят менты
0
Okumdar
2014-10-23 21:04:36
менин билишимче кудайга жакпаган адам мент болот окшойт
0
№ 624, 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан