13-октябрда «Түрквизион» тандоо сынагынын жарым финалы болуп, андан Гүлнара Тойгонбаева, Кайрат Примбердиев, Адилет Азимов баш болгон 10 ырчы өттү. Алардын өнөрүнө Гүлзинат Суранчиева, Эркин Мээрканов, Замира Молдошева, Райхан Бейшеналиева, Гүлнур Сатылганова калыстык кылышты.
Сынактын Кыргызстандагы өкүлү, продюсер Канат Култаев сынактын өтүшү тууралуу төмөнкүчө билдирди:
«Эреже боюнча заманбап, жаңы ыр аткарылыш керек болчу. Аткаруучулардын көпчүлүгүнүн даярдыгы бизди канааттандырган жок. Ал эми Салтанат Аширова фонограмма менен ырдаганы үчүн сынактан четтетилди. Эми финал 26-октябрда филармонияда болот».