«Мен ашык», «Ак кептер» өңдүү ырларды комуздун коштоосунда созуп, «Ак Мөөрдүн арманын» сөөккө жеткире ырдаган Гүлнур Асанованы эл актриса катары да тааныйт. «Туңгуюк», «Мезгил жана Алыкул», «Курманжан датка» өңдүү тасмаларда роль жараткан, токтоо, ойлонуп сүйлөгөн, шапар тээп ашыкча көңүл ачканды жактырбаган маектешимдин кызыктуу баарлашуусуна назарыңыздарды бурабыз.
– Кандайсың, Гүлнур? Жакында Казакстанга бир жылдык турнеге кетем деп жаттың эле. Сен дагы коңшу туугандардын суусун ичип, абасы менен дем алайын дедиңби?
– Жакшы, рахмат. Буга чейин Казакстандын президентинин туулган күнүнө карата барып, Астана шаарында ырдаган элем, ошондо телефон номеримди алып калышкан. Октябрь айынын ортосунда телефон чалып чакырышты, ал учурда Бишкекке концерт бере турган күнүм белгилүү болуп, алгачкы даярдыктар көрүлө баштаган. Президенттин партиясынын атынан өткөрүлчү турнеге чыгып келсем деле болмок, акча да дурус төлөнмөк. Бирок бир тууган эжем илгертен кыялданып, көптөн бери көксөп келе жаткан концертимди колдойм деп калды. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайын деп турнеден баш тартып, концертиме чуркай баштадым.
– Шоу-бизнестегилер өзүнчө топ-топ болуп жүрүшөт го, сен кайсы топтосуң?
– Эч бир тобунда эмесмин. Кошулууга да аракет кылбайм. Акыркы учурда улуу эжекелерибиз Гүлзат Байзакова, Сайра Момунбаева менен баарлашууну жактырып, көңүлүм ошолорго тартып калды. Эжелер менен ой бөлүшүүдө алардын көз карашы жагып калдыбы же мүнөзүм өзгөрдүбү, билбейм.
– Мүнөзүм өзгөрдүбү деп эмнеден улам айтып жатасың?
– Адам өзүн-өзү тарбиялайт деп ойлочумун. Бирок көп учурда турмуш өзү тарбиялап коёт экен. Мен абдан ишенчээк адаммын. Кыйналсам да, жыргасам да дайыма жанымда жүрөт деп катуу ишенип алган досторум мени сындырышты, мен күтпөгөн жоруктарды жасашты. Мурун өтө тамашакөй, ачык-айрым элем, азыр жоошуп, түнт, токтоо болуп калдым.
– Сүйүү темасына өтсөк. Махабаттын азабына малындыңбы?
– Сүйүүдөн көңүлүм калган. Сүйүү – бул керемет нерсе, ошондуктан көңүлүм калса деле дагы таза, ыйык сүйүү келсе керек деп күтө берем. Сүйүүгө өтө туруктуумун, берилсем баш-отумду жоготуп сүйөм. Бир учурларда бир мырзага катуу ишенип алган экем, кийин көңүлүмдү калтырды. Күтүлбөгөн жерден ал «мен сага татыктуу эмесмин, биз бир боло албайбыз» деп салды. Мен тамак ичпей, өзүмдү жоготуп, ыйлап, чыгармачылыгым да алаксыта албай депрессияга кабылдым. Ушундай сезимдерге кабылам деп эч ойлогон эмес элем. Бир ай дегенде араң өзүмө келгем. Ал жигит да кыйналса керек, бир айдан кийин кайрылып келип «баарын кайрадан баштайлы» дейт. Макул болгон жокмун, анткени өткөн иш өттү-кетти, аны кайрып алуу, калыбына келтирүү мүмкүн эмес.
– Бектемир Мамаюсупов экөөңдү чогуу бир тасмадан деле көргөн жокпуз. Бирок силерди көптөн бери кыз-жигит деп угабыз. Көлдө да чогуу эс алыптырсыңар. Мунун чындыгы барбы?
– Бектемир менен сүйлөшө элегиме бир ай болду окшойт. Ортобузда сүйүү болсо азыр жанымда жүрмөк да (күлүп). Негизи эс алуучу жайларга көп барбайм, кээде эле бир жактарга чогуу барып калабыз. Мисалы, сиз айткандай жайында көлгө чогуу барып эс алып келдик. «Эмне кылып жатасың?» деп телефон чалсам ал дагы зеригип отуруптур, анан жүрү-жүрү деп жөнөп кеттик. Эгерде ортобузда сезим болсо мен ошондо курбу кызымды жаныма алмак эмесмин. Чынында, жакшы доспуз. Достуктан сүйүү жаралышы мүмкүн дешиңер ыктымал, бул албетте, убакыттан көз каранды. Анын кыздары көп да.
– Чыгармачылыгыңды кандайдыр бир себептен таштоо керек болсо, бул кадамга барганга күчүң жетеби?
– Күчүм жетет, анткени сүйүүдөн жабыркап жүргөнүмдө «Мезгил жана Алыкул» тасмасына тартылып жаткам. Андан сырткары да бир нече иш-чаралар бар болчу, ошонун баарына кайыл болуп, телефонумду өчүрүп жок болуп кеткем.
– Жакында Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын дипломун алдым дедиң...
– Ал жерге сырттан окуюн деп барып экзамен тапшыргам. Анан эле «окууга келбейсиңби?» деп чалышты, мен «кандайча, биздики бир айдан кийин башталат да» десем, «сырттан окуу бир айдан кийин башталат, сеники күндүзгү да» деп жатышпайбы. Бул да буйруктан го, сырттан окуу дегенди белгилейм деп күндүзгү бөлүмдү белгилеп алып, эки жыл күн сайын барып окуп, экономика тармагы боюнча магистр болуп чыктым.
– Келбетиңе ыраазысыңбы?
– Кудай жараткан келбетиме ыраазымын, болгону боюм мындан бир аз узун болсо деп кыялданып кетем. Менден улуу эжем аппак, бою да узун. Апама «мени кара кылып төрөгөнүңүз аз келгенсип, боюмду да кыска кылып салгансыз» дей берем.
– Чачыңды ар түрдүү өргөндү үйрөнүү үчүн атайын убакыт бөлөсүңбү? Кыскартып, стилиңди өзгөртүүнү ойлонуп көрдүң беле?
– Өзүм кооздоп, ар түрдүү өрө албайм. Бир жакка барарда салондо тааныш эже бар, дайыма ошол өрүп берет. Ооба, мен деле тармалдатып, коё берип башкача стилге өткүм келет, бирок 7-класстан бери өстүрүп келе жаткан чачымды кырктырганга көз кыйбайт.
– Айыл жытын сагынып, кеткиң келген учурлар болобу?
– Кичинемден эле шаарда турам. Таш-Көмүрдө да кабаттуу үйдө жашачумун. Ошол себептенби, же жумушумдун көптүгүнөнбү, чоңойгон жериме көп барбайм. Жердештерим «сенин келгиң келбей эле убактым жок деп жатасың» деп таарынышат. Бирок таята-таенемдикине айылга барып турам. Кичи мекениме көп барбаганым менен, апам бул жакка тез-тез келип турат.
– Атаң келип турабы?
– Атам келбейт деле. Апам экөө ажырашып кетишкен. Атамдын башка үй-бүлөсү бар, кийинки турмушундагы бир туугандарым менен катташып турам. Мурун атам менен көп сүйлөшчү эмесмин. Эмнеге бизди атасыз кылды деген балалык сезим менен таарынсам керек. Турмушта кагылдым, согулдум, көп нерсени түшүндүм дегендей, акыркы учурда атамды жакын сезип, ата катары ал-акыбалын сурап калдым.
– Кийин жолдошуң менен айылда жашаш керек болсо кетесиңби?
– Өмүр бою шаарда өскөн кыз болсом, айылга көчсөм кыйын эле болот го. Бирок шартка баш ийбегенге айла жок.
– Ак жоолук салынчу кез жакындап калдыбы?
– Негизи эле колумду сурап жыл сайын бир адам пайда болот. Менин көңүлүмө төп келгени жок болуп жатат. Ошондуктан атайлап эле жаман кыялымды көрсөтүп, сөз айткан мырзалардын көңүлүн калтырып салам. Ошентип менден баш тартып кетишет. Ушул жылдын эсебинен да колумду сураган адам бар, жообун бере элекмин.
– Рахмат маегиңе.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg