КРнын Эл артисти, «Заманыбыздын супер ырчысы» Гүлнур Сатылганова «Turkvizyon» эл аралык сынагына калыс болуу үчүн 17-ноябрда Казань шаарына учуп кетет. «Мурунку жылы да калыс катары мен бармакмын, ооруп калгандыгыма байланыштуу баш тарткан элем»,- дейт ырчы. Эске сала кетсек, түрк тилдүү элдердин башын бириктирген бул сынакта Кыргызстандын намысын «Non-Stop» дуэти коргойт.