Жакындан бери Малика Дина интернет баракчасына жигити экөөнүн нике шакек тагынган сүрөттөрүн жүктөй баштады. Бул сүрөттөр көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, талкуу жаратууда. Буга чейин жигити тууралуу ачык комментарий бербеген Малика жашоосундагы жаңылыктарын айтып берди.
– Малика, кандайсың? АКШдагы академияга кандайча өтүп калдың?
– Жакшы, рахмат. Мен азыр Манхэттендеги Voice academy музыкалык окуу жайында вокал боюнча билим алып жатам. Ал жакка өтүүдө өтө чоң тоскоолдук деле болгон жок. Учурда мага вокалдан сабак өтүп жаткан Роб Ролс аттуу агайга видеолорумду жөнөтсөм, дароо эле кабыл алды. Мен окуган академиядан Бейонс, Жастин Бибер сыяктуу атактуу ырчылар да сабак алышат экен.
– Интернет баракчаңа жүктөгөн сүрөттөрдөн жигитиң дагы жаныңда экенин көрдүк. Ал мурунтан ошол жакта беле?
– Мурун апамдын жанынан чыкпачу элем, аны сагынып, ыйлаган күндөрүм болду. Чет жерде жалгыз жүргөндөн корктум. Мындан улам сүйүктүүм АКШга мени колдоп келди.
– Азыр Кыргызстанга учуп келиптирсиң, окууңду аяктадыңбы?
– Жок, жакында биздин академияда сабак алышкан ырчылар дүйнөнүн 16 мамлекетине концерт беришет. Ошондуктан менин агайым алар менен чогуу кетип, бизди эс алууга чыгарышты. Кыргызстанга келишибиздин экинчи себеби – бул сүйүктүүмдүн мага сөйкө салышы болду. АКШдан келе жатып эки күн Москва жана Питер шаарларында болдук. Питерге экөөбүздүн ата-энелерибиз да учуп келишип, ошол жерден мага сөйкө салышты. Эми Бишкекте дагы, буюрса, бул майрам уланат.
– Демек, жакынкы убакта турмушка аттанат экенсиң да?
– Кудай буюрса. Мен дайыма айтып келем, кыз кишинин турмушка чыгуучу эң жакшы курагы 18 ден 22 жашка чейин деп. Азыр мен 18 жаштамын. Эрте деп ойлобойм. Бирок той күнүн азырынча ата-энелерибиз чечише элек.
– Жигитиң тууралуу айта кетпейсиңби?
– Биз бала чагыбыздан таанышпыз. Ата-энелерибиз дагы жакын достордон. Ал мен үчүн жөлөк болуп калган. Мен шайыр болсом, ал, тескерисинче, токтоо. Бири-бирибизди толуктап турабыз. Мен аны кайсы бир артыкчылыгы үчүн эмес, жөн гана сүйдүм. Сүйгөндө чоң кемчилиги болсо деле көзгө көрүнбөй калат эмеспи. Калган маалыматты тойдон кийин шашпай айтып берем.