«Ишенчи», «Ак куулар» ырлары менен элге алынган ырчы Автандилди көптөн бери көрбөй да, укпай да калдык. Себебин билүү үчүн ырчыга кайрылсак, продюсеринен кеткенин айтат. «Продюсерим Арсен Мендебаев менен иштешпей калганыбызга көп болду. Ал Айар экөөбүздөн башка дагы үч жигитти карамагына алган. Ошондуктан мен ордумду жаштарга бошотуп бердим» дейт ырчы. Ал эми продюсери Арсен: «Автандил экөөбүз чогуу иштешпей калган окшойбуз. Бирок бул тууралуу эч кандай кеп козголгон эмес. Азыр, угушумча, ал өз алдынча клип тартып, гастролдоп жүрүптүр. Телефонуна чалсам такыр жооп бербей жатат»,- дейт.
Ырчылардын продюсеринен үн-сөз дебей кетиши бул экинчи жолку көрүнүш. Эске салсак, буга чейин Минюра Рахимжанованын да иштешпей калганын продюсери бизден уккан эле.