«Супер-Инфо» 2014-жылы талыкпай иштеген чыгармачыл инсандардын мыктыларын аныктады. Бул ирет жыл жыйынтыгы super.kg порталында добуш берүү аркылуу аныкталды. Ошентип эки турдан турган добуш берүүнүн жыйынтыгында төмөнкү номинанттар жеӊишке жетишишти. Жылдын мыктыларына байланышып, сезимдери менен бөлүштүк.“ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЧЫ АЙЫМЫ”
Сайкал Садыбакасова:
– Бул наамга көп жылдан бери көрсөтүлсөм да, ийгилик мага жылмайган эмес. Азыр аябай кубанып турам. Себеби менин эмгегимди күйөрмандарым баалашыптыр. Быйыл, чындыгында, тытынып иштедим. Жыйынтыгында “Жылдын супер ырчы айымы” наамына ээ болуп отурам. Добуш берүү жүрүп жатканда “сабырдуу болушум керек” деп койгом. "Сабырдын түбү сары алтын" деген чын экен.
“ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЧЫ МЫРЗАСЫ”
Нурлан Насип:
– Таӊ атпай сонун кабар болду. Чындыгында, "быйыл утпай калам го" деп коркуп жаткам. Себеби Гүлжигит Сатыбеков байке экөөбүз теӊ тайлашып келе жатканбыз. Анын үстүнө быйыл продюсерсиз, жалгыз иштедим. Менден өтүп үйдөгү бир туугандарым тынчсызданып жатышкан. Жыйынтык чыгарылчу күн жакындаган сайын “албай калат окшойсуӊ” деп коркутушту эле. Бирок эмгегимди эл баалаптыр. Мага добуш берген күйөрмандарыма чоӊ ыраазычылык.
“ЖЫЛДЫН СУПЕР ДЕБЮТУ”
Самара Каримова:
– Азыр Гүлнур (ред. Асанова) курбумдун үйүндө элем. Өтө кубанычтамын. Толкунданып, эмне дешимди да билбей жатам. Телефонумдан улам добуштарды карап турдум. Туугандарым тынчсызданып, социалдык тармактардан күйөрмандарым да “сиз татыктуусуз” дешип мени бир топ колдошту. Баарына ыраазычылык, канчалаган татыктуу талапкерлердин арасынан озуп чыктым. Демек, менин күйөрмандарым күчтүү экен (күлүп).
“ЖЫЛДЫН САХНА АЖАРЫ”
Анжелика:
– Мени колдоп, мага добуш берген күйөрмандарыма рахмат. Аялзаты үчүн "Сахна ажары" деген наам алуу аябай чоӊ сыймык. Мен үчүн да бул наам жагымдуу.
“ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЫ”
“Кыргыз бийи”,
Султан Садыралиев:
– “Кыргыз бийи” улуттук бийди гана эмес, патриоттук сезимди көтөрө турган ыр деп айтар элем. Бул ырды улуу кишилердин сунушу менен ырдап калдым. Аябай кубанып турам. Демек, эл эмгекти баалаптыр. Биздин үмүттөр акталып отурат. Бул ырдын үстүнөн көп адам эмгектенди, алардын баарына ыраазычылык.
“ЖЫЛДЫН СУПЕР РЕМЕЙКИ”
“Эски досторго”,
Роза Шакирова, Азиза, Айнура Салахидинова
Роза Шакирова: – Бул ырды негизи өзүм ырдасамбы деп жүргөм. Анан сөздөрүн байкасам достор менен ырдалчудай экен. Азиза менен Айнурага сунуштасам, алар дароо макул болушту. Ошентип ырды жаздырып ырдап чыктык. Байкасак, тойлордо эл аябай жакшы кабыл алып жатышат. Айнура “клип тарталы” деп калды. Мына минтип досторго арналган ырыбыз күйөрмандарыбыздын колдоосуна татып отурат. Аябай кубанып жатам. Азыр Айнура менен Азизага айтсам, алар да кубанышат. Бул үчөөбүздүн эмгегибиз да. “ЖЫЛДЫН СУПЕР КЛИБИ”
“Жакшы көрөм түбөлүк”,
Асел Кадырбекова, Нурлан Насип
Асел Кадырбекова: – Бул клип Нурлан экөөбүздүн чыгармачылыгыбыздагы эӊ түйшүктүү тартылган эмгектердин бири. Ыйлагыбыз келген учурлар да болду. Биз көргөн түйшүктүн баары кадр артында калды. Аны тартуучу топ гана билет. Бирок жыйынтыгында "Жылдын супер клиби" наамына татыганы аябай кубандырат. Бизди колдогон күйөрмандарыбызга ыраазычылык билдиребиз.
“ЖЫЛДЫН СУПЕР САУНДТРЕГИ”(“АЯТ-3”)
Добр, Назира Токонова:
Добр: – Назира экөөбүз бул ырдын жаралышына себепкер “Аят-3” тасмасынын режиссёру Азамат Арыковго ыраазыбыз. Мен ырдын текстин тасманы көрбөй туруп жазган элем. Азамат байкенин түшүндүрмөсүнөн улам "жашоо бир келет" деген сөзгө басым жасап жазгам. Саптарында чыныгы жашоо чагылдырылган, чын жүрөктөн жаралган ыр болчу. Ырыбыз "Жылдын супер саундтреги" наамын алганына кубанычтабыз.
“ЖЫЛДЫН СУПЕР ТАСМАСЫ”
“Курманжан датка”
тасмасынын продюсери Фархад Бекманбетов:
– Алгач эле SUPER.KG порталынын окурмандарына ыраазычылык билдирем. “Курманжан датка” улуттук долбоор болгондуктан алгач тартуу иштери башталганда бир жагынан сыймыктануу болсо, бир жагынан кооптонуу болгон. Бизге артылган ишеничти актоо үчүн болгон күчүбүздү жумшадык. Чындыгында, тасма жылдын ачылышы болду деп ойлойм. Учурда АКШда жүргөн тасманын режиссёру Садык Шер-Нияз менен Элина Абай кызына, албетте, мындай кубанычтуу кабарды айтып сүйүнчүлөйм.
“ЖЫЛДЫН СУПЕР АКТРИСАСЫ”
“ЖЫЛДЫН ТВ ПЕРСОНАСЫ”
Эркин Рыскулбеков:
– Мен үчүн бул жеӊиш аябай күтүүсүз болду. Жанар Акаевди утат болуш керек деп ойлогом. Себеби журналист катары аны баалайм. Мен 3-ирет “Жылдын ТВ персонасы” наамына талапкер болуп, алгачкы жолу утуп жатам. Бул жеӊишим мен үчүн эмки жылы жакшы иштөөгө чоӊ стимул болуп берет. Мени колдоп добуш берген күйөрмандарыма чоӊ рахмат!
“ЖЫЛДЫН СУПЕР СПОРТЧУСУ”
Айсулуу Тыныбекова:
– Мени колдогон кыргыз элине ыраазымын. Былтыр бул наамды алганымда мынчалык толкунданган эмесмин. Быйылкы жеӊишимди элдин мага арткан ишеничи катары кабыл алып, аябай кубанып турам. Спорт сүйүүчүлөрүн "мага добуш бергиле" деп үгүттөгөн жокмун. Себеби эл кимдин эмгеги сыйлыкка татыктуу экенин өзү чечсин дедим.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg