Бүгүнкү күндө атактуу ырчы, актёр, айтор, эл көзүндө жүргөн адамдардын кайда, качан, эмне кылып жүргөнүн, баскан кадамынан бери билип турууга болот. Анткени алар саат сайын эмне кылганын сүрөттөрү менен интернет баракчасына жүктөшөт. Бул ирет биз гаджет менен «ооруп жүргөн» жылдыздарга суроо салып, жашоосунда жаӊы технологиялар канчалык маанилүү экенин билдик.
Учурда элди өз туткунуна алган гаджеттердин бири – бул «селфи үчүн таякча» (селфишот). Илимий аты – телескопикалык монопод штатив. СЕЛФИ ҮЧҮН ТАЯКЧА
Штатив (немис тилинен которгондо «бекемдөө», «тургузуу») – видеокамера, фотоаппарат жана уюлдук телефондорду орноштурууга болгон түзүлүштөр. Ал iPhone, Android, Windows операциондук системдеринин негизинде иштеген уюлдук аппараттарга ылайыкташкан.
Телескопикалык деп штатив аны узартуу үчүн жайылып, кайра жыйылчу бөлүктөрдөн тургандыгынан улам аталып калган. Жыйылган учурунда штативдин узундугу 23 сантиметр, жайылганда 1 метр болот.
Монопод деп аталышынын себеби – штативдер үч буттуу, эки буттуу болот. Селфи үчүн ылайыкталган штативдин бир эле буту болгондуктан, аны монопод штатив деп аташкан. Штативдин негизги кызматы – өзүнө фотоаппарат, видеокамера жана уюлдук телефондорду бекем орнотуу болуп эсептелет. Айта кетчү нерсе, пульт менен иштечү штативдер да бар. Алар уюлдук телефонуӊуздагы «көк тиш» (bluetooth) кызматынын жардамы менен иштейт.Нурмат Садыров: «WHATSAPP`ТА» СҮЙЛӨШӨМ ДЕП УНААНЫ СҮЗҮП АЛГАМ...»
– Мен жаӊы гаджеттердин активдүү колдонуучусумун. WhatsApp программасын колдонгонума 2 жыл болду. Жумушумдун көпчүлүгүн үйдөн чыкпай эле WhatsApp аркылуу сүйлөшүп бүтүрүп алам.
Бир жолу жол чыракта токтоп туруп, бирөө менен WhatsApp аркылуу жазышып жатып алаксып кетипмин. Бир маалда машиналар жүргөндөй болду эле, эки жакты карабай эле унаамды айдасам, астымдагы машинага бир тийди. Ал болсо алдындагысын сүздү. Ошентип жөн жерден 2 унааны оӊдотуп бергем. Бирок канчалык гаджеттердин зыянын тартпайын, аларсыз жашоомду элестете албайм.Дайыр Исмадияров: «СЕЛФИ ҮЧҮН ТАЯКЧАНЫ АНЖЕЛИКАДАН АЛГАМ»
– Менин жашоомдун 80 пайызы интернетте өтөт. Калган 20 пайызы уйкуга кетет. Мисалы, мурун бир документтерди алыска жөнөтүү үчүн почта колдончубуз. Азыр жадакалса паспортубузду сканерден өткөрүп, WhatsApp`тан керектүү адамдарга жөнөтүп эле виза даярдатууга мүмкүн болуп калбадыбы. Өзүм убара болуп барбайм деле. Мурун күйөрман менен ырчынын аралыгы канчалык алыс эле, азыр болсо күйөрмандарым менин ар бир кадамымды инстаграммдан көрүп турушат. Ал жакта көбүнчө селфи эмеспи, селфиге түшүү үчүн ылайыктуу түзүлүш – бул «селфишот». «Селфишотту» алганыма аз эле болгондо сындырып алып, азыр Анжеликаныкын көтөрүп жүрөм. Аны да «мага 500 сомго сатчы» деп алган бойдон акчасын берелекмин.Аваз Акимов: «АГЕНТТЕ БЛОГГО ЖАЗГАНДАР МЕНЕН УРУША БЕРЧҮМҮН»
– Азыр гаджеттерсиз жашоону элестетүү кыйын. Эӊ жөнөкөй саатты деле колдонбой калбадыкпы. Себеби телефонубузда бар. Аба ырайын деле мурун сыналгыдан күтүп көрсөк, азыр ал нерсе телефонубузда. Мурун адамдар бири-бири менен кантип жолугушчу, кантип кат жазып жөнөтүшчү деп таӊ калам. Азыр мага ал нерселер жомоктогудай сезилет. Эсимде, агент жаӊыдан колдонула баштаганда аны телефонума жүктөп алгам. Анан агенттен «блогго» жазчу эмес белек. Ал жазганыбыз баарына чыгат го. Мен аны башында билбей эле бир досум «сен чочкосуӊ» деп блогго жазса, мени чочко деди деп өзүмө алып уруша бериптирмин. Же тиги бала түшүнбөйт. Кийин үйрөнүп калбадымбы, бул түшүнбөстүк үчүн көпкө чейин уялып жүргөм. Бир эле жолу урушсам мейли эле, ага чейин деле көптөр менен блогдон уруша кеткем да...Айгерим Расул кызы: «ИНТЕРНЕТТЕ КӨП ОТУРГАНДАРДЫН ЖЕКЕ ЖАШООСУ КЫЗЫКСЫЗДАЙ»
– Менин жаӊы үлгүдөгү телефондорду ала бермей адатым бар. Бирок интернетке көп баш бакпайм. Көӊүлдөнүп калганда эле инстаграмм, социалдык тармактарга жана WhatsApp`ка кирип калам. Болбосо бир-эки ай деле интернетсиз жашай берем. Менимче, интернетке байланган адамдардын жеке жашоосу жоктой же кызыксыздай туюла берет. Селфиге «мода» экенинен улам эмес, болгону өзүмдү өзүм тартып алуу оӊойлугунан улам түшөм. Бирөөгө «мени тартып койчу» деп жалынгандан көрө өзүм сүрөткө тартканым жакшы эмеспи.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg