Азыркы коомдун трагедиясы ажырашуу десек болот. Сүйүшүп, бири-бирин жакшы таанып баш кошуп, бирок тез эле кайра ажырашып кетип жаткандар жок эмес. Адам ажырашууну кантип көтөрүү керек? Мурунку калыбына келүү үчүн канча убакыт талап кылынат? Анда аты таанымал адамдар бул күндөрдү кантип жеңгени тууралуу кеп кылалы.Нурзат Токтосунова, «Заманыбыздын супер алып баруучусу»: «КАНТИП ӨЗҮНӨ КЕЛСЕ БОЛОТ ДЕП МАГА КӨП КАЙРЫЛЫШАТ»
– Турмушка чыккан ар бир кыз «жакшы жашайын, балалуу болоюн» деп жаңы жашоого аттанат. Бирок турмушта ар кандай болот экен. Азыр ажырашкан айымдар мага социалдык түйүндөр аркылуу же өзүмө телефон чалып деле «Ажырашуу ар бир эле адамга оор тиет болуш керек. Ошону кантип жеңдиңиз? Кантип жылмаюуңузду кайрып алдыңыз? Башты көтөрүп жашап кетүү үчүн эмне кылуу керек?» деп көп кайрылышат. Себеби ажырашкандан кийин жылдап өздөрүнө келе албай, ооруп, кадимкидей карып кетишет экен.
Мен жашоодо ушуну түшүндүм, сага кереги жок адамдар өздөрү эле жолуңдан четтеп кала беришет экен. Ажырашып кеткенден кийин кызыктуу китептерди көп окудум, жакшы адамдар менен баарлашып өзүмдү алаксыттым. Өйдө-төмөн сөздөр көп айтылат экен. Өзүмдүн баамды түшүргөн жокмун. Эч нерсеге карабай «баары жакшы болот» деп алдыга умтулдум. Албетте, башында ыйладым, анан башты бийик көтөрүп, белимди бекем бууп чыгармачылыкка кириштим. Бир туугандарың, жакындарың, сени жакшы көргөн адамдар үчүн жашашың керек да.Добр, «Заманыбыздын супер рэп ырчысы»: «АРТЫМДА КАРА ИЗ КАЛТЫРГАНДАЙ БОЛДУМ»
– Кээде үйлөнгөн тааныштарга кезигип калып, «жашоо кандай?» десем «ажырашып кеттик» дегендер болот. Бирок аларга аты чыккандарга караганда бир аз жеңил болсо керек дейм. Эл көзүндөгү адамдарга караганда батыраак өздөрүнө келишсе керек. Анткени алардан «эмнеге ажыраштыңар?» деп тааныштары гана сурайт. А менден мени менен таанышы деле, телевизордон көргөнү деле жолуккан жерден улам сурап жараны тырмай беришти. «Кыялыбыз келишпей калды» деп кыска эле жооп берип кутулчумун. Жаңы ажырашканда мен да адамдардан, адамдар да менден качып калгандай туюлду. Өзүм түнт адаммын, ого бетер сыртка чыккым келбей, көздөрдөн качып, үйдө эле отуруп калгам.
Үй-бүлөм колдоду, досторум да ар кандай майрамдарына аралаштыра башташты. Ичимде ит өлүп жатканы менен, сыртымдан эч кимге билдирбегенге аракет кылчумун. Артымда кара из калтыргандай болуп бир топ кыйналдым. Ортодо бала жок болгондугуна сүйүндүм. Кандай болсо да баланы кыйнабаш керек да.
Жаш кезде ажырашам деп эч ойлогон эмесмин. Өзүбүз баскан жол, өзүбүз кетирген ката да, ошондуктан күнөө экөөбүздөн тең кетти. Азыр эми эки кишинин бири эле «качан үйлөнөсүң?» деп сурай беришет. Бир жолу ажырашкандан кийин экинчисинде майда-чүйдөсүнө чейин ойлонот экенсиң. Кыз-жигит катары көбүрөөк сүйлөшүп, оң-терс жактарын жакшылап байкап, анан баш кошуу керек экен деп калдым.Айжан Эмилова, футболчу Азамат Байматовдун мурунку аялы: «ЖАКЫНДАРЫМ МЕНИ КҮНӨӨЛӨЙ БЕРИШЧҮ»
– Биз Азамат экөөбүз интернеттен таанышып сүйлөшүп калганбыз. Бир аз убакыттан кийин эле ал аэропорттон тосуп алып, үйлөнүү туурасындагы сунушун киргизип калды. Азамат бойдок кездеги сөздөрүнө турат го дегем. Бизде уруш-талаштар үйлөнгөндөн кийин бат эле башталган. Эгер мындай боло турган болсо эмнеге үйлөндүк деп жаман болуп жүрдүм. Таарынып ата-энемдикине да кетип калгам. Кечиримдүү болоюн деп кечирип, кайра келип да жашап көрдүм. Кийин телефон чалып кечирим сурап «кайра жарашалы» деди, мен «ортобузда эч нерсе болбойт» дедим.
Ажырашкан соң ата-энемдин, тууган-туушкандын алдында өзүмдү аябай жаман сезип жүрдүм. Жакындарым «сен чыдабай койдуң» деп мени күнөөлөп калышат. Мен жакшы эле чыдадым. Тамагын жасап, кийимин даярдап бардык аялдар жасаган нерсени жасап жүрдүм. Акыркы убакта мага эле эмес, менин ата-энеме да орой мамиле кылып калган. «Өлбөгөн адамга жаз да келет» дегендей, ажырашкандан кийин эле жашоо токтоп калбайт экен. Азыр деле жашоом уланып жатат, Кудайга шүгүр.Айтурган Сатиева, 5-каналдын диктору: «АЗЫР ДЕЛЕ ӨЗҮМӨ КЕЛЕ ЭЛЕКМИН»
– «Эки чыгармачыл адам баш кошушса баары жеңил болот, бири-бирин түшүнүп жашашат» деп көп айтышат. Бизде андай болгон жок, жолдошум Семетей деле журналистика чөйрөсүндөгү адам. Убагында ырчы Бекчорого продюсер болгон. Айрымдардай урушуп-талашпай, жаман-жакшы айтышпай, үч жарым жыл жашагандан кийин ажырашып кеттик. Мен башында бул убактылуу болсо керек, жарашабыз го деп жүргөм. Үй-бүлөлүү жашоого көнүп алган элем, анан ажырашуу оюмда же планымда жок болгондуктан катуу депрессияга кабылдым.
Ажырашкандан кийин моралдык, материалдык жактардан, албетте, түрдүү кыйынчылыктар болду. Жатаканадан бөлмө алып жашап жүрдүм. Курбуларыма да, жакындарыма да кошула албай, өзүмдү жаман сезип, жалгыздыкты эле каалап калгам. Бирөө менен сүйлөшкөндө, ал кино тууралуу болобу же жөн гана окуган чыгармасын айтып береби, мага тиешелүүдөй сезиле берчү. Ар бир бейтааныш адам деле «ии, бул ажырашып кеткен тура» деп сөөмөй кезеп карап жаткандай туюлчу. Мындай катуу депрессиядан чыгуунун жакшы жолу бир нерсеге алаксуу экен. Мейли, ал жөн гана хоббиң болсун. Мага бул учурда ак кагаз менен калем жардамга келди, өзүмдүн ой-кыялым менен жуурулуштуруп новелла жазганды адат кылып алгам. Ушундай кырдаалда жаралган чакан чыгармаларымдын саны 100гө чукул. Бирок аларды 1-чыккан китебиме кошкон жокмун. Анткени эмоция менен жазылгандыктан бир топ убакыттан кийин кайра карап чыгууну туура таптым.
Жолдошум аял алып алса эмне болом, ортодогу балабыз кантет деп ойлоно берчүмүн. Ойлогондой эле ал үйлөндү, баламды кээде атасы алып кетет да. Ошондо аялы менен деле көрүшүп калып жаттым, бирок таң калганым, мурдагыдай жан дүйнөм ооруган жок. Кадимкидей эле кабыл алдым. Мен бул суроонун үстүндө ойлоно берип, өзүмдү психологиялык жактан даярдап койгон экенмин.
Кыскасы, ошол убакытта өзүмдү такыр бош койчу эмесмин. Ыр жазам, кино көрөм, йога менен машыгам, жумушка даярданам. Үч жылдай болду ажырашканыма, азыр деле толук өзүмө келе элекмин. Бирок бардык нерсеге сабырдуулук менен мамиле кылганды үйрөндүм.«Триумф-инфо» психологиялык окуу борборунун психологу НУРЗАДА МАЯМЕРОВА төмөнкүдөй кеңеш берет:
– Түгөйлөр үчүн ажырашуу өтө эле кыйын. Ажырашуудан кийин сөзсүз түрдө бирине-бири таарынуу болот. Анткени чогуу түзгөн пландар, «өлгөнгө чейин чогуу жашайбыз» деген убадалар аткарылбай калганы кыйноого алып келет. Андан сырткары «колумдан келбеди, үй-бүлөнү сактап кала албадым» деген ойлор өзүн-өзү күнөөлөөгө түртөт. Андыктан ажырашканда, биринчиден, кандай күнөө кетирсе да түгөйүңдү кечирүү керек. Кечирбесе өзүнө эле туура эмес эмоциялар пайда болот. Түгөйүнө ыраазычылык билдирип, аны күнөөлөбөгөнгө аракет жасоо кажет. Катачылык экөөнөн тең кетет. Экинчиден, ар кайсы ойлорго алдырбай, жумушка баш-оту менен кирип алаксыганы жакшы. Жашоо улана берет, келечекке үмүт менен жашоо керек. Үчүнчүдөн, денени машыктыруу менен (физикалык көнүгүүлөр, бий, йога, спорттун түрлөрү) организмдеги стресстен калган нерселерди ордуна келтирүү керек. Анткени дененин жаш, чымыр болушу бизге жакшы маанай, жакшы эмоцияларды берет.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg