Мына ошентип Жылкы жылын узатып, Кой жылын да тосуп алдык. Артка бир кылчайып, өткөн жылда биздин жылдыздар кандай ийгиликтерди багынтты да, кандай жоготууларга учурады, көз жүгүртүп көрөлү.
ТОЙЛОР ТОЙГО УЛАНСЫН...
Жылкы жылы баарынан да көз күйдүргөн бойдоктордун «брондолушу» менен эсте калды көрүнөт. Үйлөнүү той дегенде эле көз алдыбызга ысык аптапта үлпөт көйнөгүн кийип ыйлап турган Айгерим Расул кызы элестейт экен. Анан да өзгөчө ырчы кыз Каныкейдин Медер аттуу мырзага турмушка чыгып, океандын ары жагына кеткени эсте калды. Андан кийин Айпери Кубик кызы Нарулан аттуу жигитке баш байлап, Таластын келини болду. Шоу чөйрөдөн ырчы бийкечтер багын табышса, актёр мырзалар да кем калышкан жок. «Ээнсиреген үй» тасмасында башкы каармандардын образын жараткан Марал Койчукараева менен Атай Өмүрбековдун баш кошкону сенсация жаратса, актёр Мирлан Абдулаев менен режиссёр Руслан Акундун үйлөнүүсү да күтүлбөгөн жагымдуу кабар болду.
«Көк салкын» тасмасында Бакуля деген ат менен таанылган Бакыт Тынайбеков да быйыл бакыт кушун кармап калгандардын катарына кирди. Анан да Мирбек Атабековдун көп жылдан бери сүйлөшүп жүргөн сүйүктүүсү Мээрим менен элге той берип, үйлөнүүсү жылдын тою болду десек жарашат. "Тамашоудон" багы ачылып, элге таанылган Азамат Исмаилов, Кубат Кубанычбеков, Актан Рыскелдиев, Нургазы Саралаевдер да өз бактысын таап, түтүн булатып жатышканын кошумчалай кетели.
Ошондой эле «Президент жана бомж» тасмасында Касиет аттуу кыздын ролун жараткан актриса Жанара Барманова, клиптерден жүзү таанылган модель Аида Чоткараева, жаш акын Кундуз Качкынбаева, Каныкей Акын турмуш жолуна аттанышты. Азиз Жетигенов менен «Беш тапан» куудулдар тобунун бир тапаны Болсунбек Стакеев да кесиптештеринен кем калышпай, сүйүктүүлөрүнө баш кошууга үлгүрүштү.
НАРИСТЕ ЖЫТЫНА МАС БОЛГОНДОР
Жылкы жылында перзент күткөндөрдүн стартын актёр, режиссёр Азамат Арыков кыздуу болуп ачып берди. Аны улай ырчы айым Азиза экинчи жолу энелик бакыттын даамын татып, Селима аттуу кызын жарыкка алып келди. Андан кийин эле жылдыздарыбыз катарынан эркек уулдуу болушту. Санай кетсек, ырчылар Эльзар Өскөнбаева, Нэна, Сапар Эркебаев, Топчубай Айтмаматов, клипмейкер Эрнист Сыдыков, «Тамашоунун» негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев, КВНчи Эльдияр Кененсаров, актёр Атай Өмүрбековдор учурда уулдарын эркелетип бактылуу. Ошондой эле экс-акыйкатчы, депутат Турсунбай Бакир уулуна жаш жубайы актриса Нуриза Бурханова мураскер төрөп бергенин кошумчалай кетели. Ырчы Алихан да кыздуу болуп элге жентек той берди. «Салам, Нью-Йорк!» тасмасында баш каарман Эриканын ролун аткарган актриса Аида Тулебаева Амели деген кыздуу болду. Анан да ырчы Айпери Кулбаева уул төрөп, жылды жыйынтыктады.
СЫЙЛЫК АЛЫП СҮЙҮНГӨНДӨР
Жыл ичинде "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси жашы-карысына карабай берилип жатты. Алар Айнура Салахидинова, Аскат Мусабеков, Дайыр Исмадияров, Эрнест Бөрүбаев, Юлия Руцкая, Жумагүл Раимжан кызы, Эльзар Өскөнбаева, "Кызыл өрүк" ырынын автору Мирлан Алыкулов, «Миӊ кыял» радиосунун кызматкерлери Назгүл Жамгырчиева, Акылбек Жеӊишбек уулу жана башкалар. Андан сырткары Асел Турдалиевага «Билим берүүнүн отличниги» наамы ыйгарылды. Ошондой эле шоу, маданият, спорт чөйрөсүндөгү мыктылардын мыктысы аныкталды. Жыл мыктыларын сыйлоо аземине окурмандар жакында күбө болушат.
КЫРГЫЗ ЖЕЛЕГИН ЖЕЛБИРЕТКЕНДЕРЖылкы жылында чет өлкөлөргө барып, ар кандай сынактарда өнөрүн тартуулап келген жаштар көп болду. Аяна Касымова орусиялык «Артист» теледолбооруна катышып, финалына чейин жетти. Ал эми Айыма Айылчиева Украинанын Киев шаарында өткөн
"X-Factor" сынагынын 5-сезонуна катышып, бирок анын аягына чейин катышуудан баш тарткан. КВНчи Аким Карасаев Орусиянын ТНТ телеканалындагы «Comedy Баттл» юмордук долбооруна катышып, финалга чейин жетти. Эл аралык сынактарга катышуудан тажабаган Курал Чокоев алгач Уфа шаарында өткөн «Уралмоӊо-2014» эл аралык музыкалык сынагында 1-орунду, кийинчерээк Чехиянын борбору Прагада «Diamond Voice» сынагында 3-орунду алды. Декабрь айында Атай Өмүрзаков «Тумар КР» тобу менен бирге Германияда өткөн «Das Supertalent-2014» телесынагынын финалына катышып, 4-орунду ээледи. Ошондой эле Америкада өткөн бий боюнча дүйнөлүк сынакка «We’ll be» бий тобу катышып, таланттарын тартуулап кайтышты.
ОРДУ ТОЛГУС ЖОГОТУУЛАР
Кубаныч менен кайгы дайым бирге жүрөт. Жылкы жылында маӊдай жарылып кубанчудай көп окуялар болду. Тилекке каршы, аны менен кошо шоу, маданият чөйрөсү орду толгус чоӊ жоготууну баштан кечирди. Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бакирдин Алиев 81 жаш курагында көз жумду. Жаш ырчы Фархат Кеӊешбек уулу да автокырсыктан улам каза тапты. Андан кийин эле узак оорудан улам комузчу Нурак Абдырахманов 67 жашында, куудул жана пародист Жаныбек Алыкулов 54 жашында, Кыргыз Эл артисти, обончу, аткаруучу Токон Эшпаев 64 жаш курагында көз жумду. Кыргыз Эл артисти, бий искусствосунун көрүнүктүү өкүлү Мелис Асылбашев 67 жаш курагында каза болду. Сентябрда Каракол шаарында кыргыздын эӊ алгачкы актрисасы, белгилүү тилчи жана профессор Кусеин Карасаевдин жубайы Айша Карасаева 103 жаш курагында көз жумду.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg