"Устаттан шакирти өтүптүр" дегендей, бийчи Атай Өмүрзаковдун окуучусу Баяман өзгөчө бийи менен дүйнөнү таӊ калтырууда. Бийчи жакында Германияда өткөн сынакта немис элин таӊ калтырып эле тим болбостон, бир сыйра жашытып да кайтты. Анда сөз башынан болсун.
Туулган жылы, күнү – 1996-жыл, 25-февраль
Туулган жери – Ош облусунун Кара-Суу районунун Эркин айылы
Билими – Орто
– Баяман, Германияда утулуп калганыӊарда көзүӊө жаш алып ыйладыӊ. Бул кубанычтын көз жашы беле же өкүнүчтүнбү?
– Анда мен эле эмес, немистер да ыйлады го. Ошол кезде көз алдыма апамдын элеси тартылып кетти. Анткени Москвага барып апама жолукканда өтө оор турмушта жашап, иштеп жатканын көрүп зээним кейиген эле. Ошолорду эстеп ыйладым. Кубанычтын да жашы болду десем болот. Германиядагы белгилүү сынакта бийлеп жаткандыктан, аябай толкундандым. "Апамдын жаман баласы Германияны багынтып жатат" деп, жеӊбесек да элдин бизге кол чапканына эреркеп кеттим окшойт.
– Бийге болгон шыгыӊ кичинекейиӊде байкалчу беле?
– Атай байке сахнага жаӊы бийлеп чыга баштаганда мен 14 жашта элем. Аны көрүп менде бийге болгон кызыгуу жаралды. Күзгүнүн жанына туруп алып Атай байкени туурап бийлей берчүмүн. Талаада иштеп жүргөндө да жөн иштебей ар кандай кыймылдарды жасап, өзүмдү Атай байке элестетип алар элем. Жадакалса кой кайтарып жүрүп да тоодо бийлечүмүн. Кечинде Кудайдан сурап, "мен да атактуу адам болоюн, эл-жер көрөйүн" деп дуба кылып уктайт элем. Таенемди кучактап жатып "кийин көрөсүз го, мен дүйнө кезем, Атай байке менен бийлейм" деп кыялдарымды бөлүшчүмүн. Ошондо "айланайын, тилегиӊе жет, сенин белгилүү адам болоруӊа ишенем" деп таенем мени колдоп, батасын берчү.
Ал эми таякелерим алгач бийлейм деп чыкканымда "эркек бала да бийлейт бекен, кайдагыны айтпачы" деп каршы болушкан. Ага карабай алдыга умтула бердим. "Жаштын тилегин берет" дегендей эле, азыр кыялдарым орундалып келатат.
Бийлегенде да Атай байкеден өзгөчөлөнөйүн деп колдорумду кайрып бийлегенди үйрөндүм. Өзүмдө деле талант болсо керек, болбосо антип бийлеш ар кимдин эле колунан келе бербейт го.
– Таенеӊдин колунда өссөӊ, өзүӊдүн ата-энеӊ кайда эле?
– Мен 3 айлык кезимде атам менен апам ажырашып кетип, таенемдин колунда чоӊойдум. Таенем учурда 80 жаштан ашып калды. Тага журтум тарбиялап, менин адам болуп калыптанышыма чоӊ салым кошушту. Таенем аябай эркелетип өстүргөндүктөн, өтө эркемин. Өз апама караганда таенемди жакшы көрөм. Апам Орусияда иштейт. Атам ким экенин билбейм, билгим да келбейт. Анткени ал күнүгө мас болуп келип, апамды аябай сабачу экен. Апам төрөйүн деп калганда сабаган экен, боюнан түшүп калыптыр. Ошондуктан ал киши жөнүндө ойлогум келбейт. – Таенесинин эрке баласы мектепте кандай окуду эле?
– 5-класска чейин "эӊ жакшы" деген бааларга окуп, класстын президенти болдум. Чоӊойгондон кийин окууга көӊүл бурбай койдум. 7-класстан баштап түндө көчө таптап, балдар тамеки тартса, мен да аларга кошулуп жүрдүм. Азыр ал күндөрдү эстегенден уялам. Ошонун айынан таякелеримден көп таяк жедим. Алар болбосо мен "хулиган" болуп кетмек белем, ким билет?
– Окуучу кезде сүйүүгө жолуктуӊ беле?
– Айылда өзүмдөн эки жаш кичүү кызды жактыргам. Ал экөөбүз бири-бирибизди аябай жакшы көрчүбүз. Талаада иштегенде жумуштарына жардам берип турчумун. Анан мен Бишкекке келе бердим, ал күнүгө чалат "качан келесиӊ? Сени сагындым" деп. Күтө берип тажады окшойт, туулган күнүмдө "бүттү, мен сени сүйбөйм" деп көӊүлүмдү оорутуп койду.
– Демек, учурда жүрөгүӊ бош экен да?
– Мага жоош, көп сүйлөбөгөн, жан дүйнөсү таза, мени, жакындарымды сыйлаган кыздар жагат. Атай байке да "кыздар менен көп сүйлөш, тартынбай адам менен мамиле курганды үйрөнөсүӊ" деп айта берет. Айткандай эле азыр Альбина аттуу сүйлөшкөн кызым бар, музыкалык мектепте окуйт. Экөөбүз интернеттен таанышканбыз. Өзүнө ишенген, эмне кааласа көксөгөнүнө жеткен, чечкиндүү кыз. Ошол сапаты менен мени арбап алды.
– Бий дүйнөсүнө аралашып, элге таанылгандан кийин жашооӊ өзгөргөндүр?
– Ооба, Атай байке мага бийлегенди гана эмес, кийим тандаганды, чач жасалгалоону да үйрөттү. Ал мен тандаган кийимдерди эч жактырбайт. "Жүдөө кийинесиӊ" деп урушуп калат. Сыртынан жоош болуп көрүнгөнү менен, өтө шайыр, анын жанында жүрсөӊ зерикпейсиӊ.
Учурда Атай байке, мен жана 2 бала болуп чогуу жашайбыз. Күнүгө 4-5 саат бий менен машыгабыз. Бизден башка «Адем» деген тобубуз да бар. Биз чет жактарга кеткенде, алар биздин атыбыздан Кыргызстан, Казакстан, башкача айтканда, Орто Азияга чыгып турушат. «Тумар КР» Европа өлкөлөрүнө барат.
– Күйөрмандарыӊ көбөйүп калса керек?
– Мен маршруткада көп жүрөм, көргөндөр "Тумар КР", учабыз, учак" деп тийшип калышат. Айрымдары "сен бой көтөргөн бала экенсиӊ, мага жакпадыӊ" деп сөгүп салышса, айрымдары "мен сени сүйүп калдым" деп ээрчип алышат. Бейтааныш эле адамдар "сенин тууганыӊмын" деп чыгышты. Кечээ бир эже чалып, "жолугалы, мен сенин чоӊ энеӊмин" деп, жолуккан соӊ "ооруп жатам, кредитим бар эле, жардам берчи" деди эле, 100 доллар бердим.
«ТАКЫР КИТЕП ОКУБАЙМ»
Замира Рахманбердиева
star@super.kg