Кыргызда «Тамаша, чындыгына жараша» деген кеп бар. Анын сыӊары биз да бүгүн жылдыздар тууралуу тамаша токудук. P.S: Чымчымайга чычаламай жок!
2016-жыл. Стивен Спилберг съёмка учурунда өзүнүн командасына кайрылып жатат:
– Кесиптештер, биз быйыл Нурлан Мамакеевден үлгү алып иштешибиз керек. Карагылачы, ал эки жумада тасма тартып «Гиннесттин рекорддор китебине» катталды.
Радиодо Нооруз Алымбаевдин «Көк жөтөл» ыры жаӊырып жатат. Аны уккан карыя жанындагы небересинен минтип сурайт имиш:
– Ай, балам, бул ырчы эмне туберкулёз болуп ооруйт бекен?..Ошол эле радиодо Асел Кадырбекова ырдап жатса чоӊ эне:
– И-ий, байкуш, суук тийгизип алган окшойт, үнү жакшы чыкпай калыптыр ...- деп кейип-кепчиген экен.
Мерген Турган Москвага гастролдоп барып, ажатканага кирсе бир мужук минтип кыйкырат дейт:
– Женщина, закрой дверь! Это мужской туалет!
Тамашоучу Жеӊиштен журналист сурап жатат:– Эгерде тамашоучу болбосоӊуз ким болмок элеӊиз?
– Бодибилдер...
Ипподромдун жанында машиналардын тыгынынан эптеп чыккан маршруттук таксинин айдоочусу терезесин ачып, жолдо өтүп бараткан кишиден сурайт:
– Ипподромдо ат чабыш болуп жатабы?
– Жо-ок, концерт, Айгерим Расул кызы төрөптүр...
Омар АКШнын бир шаарына концерт коймокчу болуп уюштуруучуну «мени бүт Америка тааныйт» деп ишендирет. Концертке 10 эле адам келет. Ачууланган уюштуруучу Омарга:
– Мени Америкада баары тааныйт дедиӊ эле го...- деп нааразы болсо, ырчы сыр бербей:
– Ооба, баары тааныйт. Тааныбаган 10 эле киши бар экен, мени менен таанышып кетишпедиби, өзүӊ көрдүӊ го,- дейт имиш.
Асхат Субанбеков
star@super.kg