Светлана Аширова: «ӨЗҮМДҮ ЫРЧЫ КАТАРЫ СЫНАСАМ ДЕЙМ»

Бүгүнкү каарманым цирк ханышасы, балерина, бийчи, актриса, «жакында чоӊ сахнага ырдап чыгам» деген максаттары бар бийкеч Светлана Аширова. Ал Мирбек Атабековдун «Алдадыӊ» деген ырынын клибинде өз тоюнан качып кеткен кыздын ролун жараткан. Светлана мындан сырткары кинолордо роль аткарып элге таанылып келет.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Түп району
Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 27-март
Билими – Чолпонбай Базарбаев атындагы хореографиялык училищенин бүтүрүүчүсү
Катышкан клиптери – Мирбек Атабеков, «Алдадыӊ», Замир Мырза, «Сүйүүгө таазим», Данияр Эрматов, «Сага» жана башкалар
Тартылган тасмалары – «Салам, Бишкек!», «Жаӊгак токоюнун элеси»
Билген тилдери – Орус, англис, француз, казак, өзбек, испан тилдеринде эркин сүйлөйт
Учурда – Балерина, бийчи, фотомодель, актриса

Куш келипсиӊ, Светлана! Сенин көп кырдуу талант экениӊди билебиз. Азыр кайсы кесипти аркалап жатасыӊ?
– Саламатсыздарбы? Туура баамдадыӊыз, мен көп кесиптин ээсимин. Баарына жетишиш кыйын, унутуп калбаш үчүн кайсы күнү эмне кыларымды алдын ала дептериме жазып алам. Күттүргөндү жаман көрөм, ошондуктан бүгүн маекке эртерээк келип, кеӊсеӊиздердин сыртында күтүп, сиздер айткан убакытта кирдим (күлүп).
Кесибим тууралуу айтсам, искусствонун бир топ тармактарында эмгектенип келем. Учурда кыргыз циркинде жигитовкада солистмин, аттар менен оюн көрсөтөм. Аны менен катар аба гимнасты болуп иштейм. Биз циркте камсыздандыруусу жок иштейбиз. Өмүрүӊө коркунуч жарала турган трюктарды жасасаӊ, ага өзүӊ гана жооп бересиӊ. Даярдануу учурунда бутуӊду чоюп аласыӊ, же аттан кулап түшүп бутуӊ сынып калат дегендей, айтор, жаракат алган учурлар көп эле болот.
– Сага көп кырдуу талант ким тарабынан өткөн?
– Мен 8 жашымда балдардын «Рабаят» берүүсүн алып барып иштегем. Негизи эле мендеги артисттик өнөр бала чакта эле ойгонгон. Анан да менин искусствого болгон кызыгуумдун ойгонушуна апамдын кошкон салымы чоӊ. Анткени апам Айнаш Аширова Куурчак театрында көп жыл эмгектенди. Учурда КТРКнын «Дөөлөт» студиясында үн режиссёр болуп иштейт. Менин балалыгым Куурчак театрында өттү десем болот.
– Алма сабагынан алыс түшпөптүр да?
– Ооба, апам мени катуу, бекем тартипте чоӊойтту. Оюнчук эмне экенин билбей өстүм. Көпчүлүк убакта ийримдерге катышып, окуум менен алек болуп жүрчүмүн. 3 жашымда тамга таанып, 4 жашымда китептерди шар окуп калгам. Андан сырткары апам мени балетке берген, учурда циркте аба гимнасты болуп иштегеним да ошондон. Кээде мен деле кадимки балдардай болуп көчөдө ойногум келчү, терезеден теӊтуштарымды көрүп апама «эмнеге мени жөнөтпөйсүӊ?» деп наалый берчүмүн. Ошол маалда апамдын менин келечегимди түптөөгө болгон аракетин жаман көргөн экенмин.
Бир жолу апам «ойноп кел» деп 1 саатка жиберген, мен аны унутуп калып кечинде үйгө келсем, эшикти ачпай койду. Подъездде отуруп алып ыйладым, ошол кезде «апам мени таштап кетип калыптыр» деп ойлосом керек да. Жарым сааттан кийин эшикти ачып, «мен сени канча убакытка жибердим эле, азыр саат канча болду, карачы?!» деп аябай жемелеп, эшикти жаап кирип кетип калды. Дагы 40 мүнөттөй эшикте турдум, анан «экинчи мындай жоругуӊду кайталабайсыӊ» деген талап менен үйгө киргизген. Ошондон кийин балдар менен ойносом да, улам-улам колумдагы саатты карай берүүнү адат кылып алгам.
– Айрым мырзалардын колунан келбеген ат оюндары менен алектенүүӊө, кара күчтү талап кылган аба гимнасты болушуӊа апаӊ кандай караган?
– Апам кичинемден эле мага атанын да, апанын да тарбиясын берип чоӊойтту. Балетке барып жүргөндө «өзүн-өзү коргогонду үйрөнсүн» деп мени айкидого да берген. 3чү же 4-классымда болсо керек, жакын тууган инимди чоӊ класстагы балдар опузалап жатканда аларды сабап салганым эсимде. Анда да апам чыйпылыктап, «кой, бул эркек болуп кетет» деп башка ийримге берген. Мен «бул эркектин кесиби, бул айымдын кесиби» деп бөлбөйм. Мисалы, бизде бодибилдинг менен машыккан айымдар аз. Бул спорттун түрү менен 3-4 жылдан бери профессионалдык деӊгээлде машыгып келем. Бодибилдинг боюнча Кыргызстандын атынан эл аралык турнирлерге катышкым келет. Негизи эле бизде чымыр денелүү, келбети келишкен, спорт менен машыккан айымдар аз. Өзүм чет өлкөдө цирк боюнча гастролдоп көп жүргөнгөбү, ал жактагы айымдардын спортко болгон мамилесин көрүп таӊ калам.
– «Жакында чоӊ сахнага ырдап чыгам» деп даярданып жатыптырсыӊ?
– Ооба, жакында өзүмдү ырчы катары сынап көрөйүн деп жатам. Бизде саны бар, сапаты жок ырчылар көбөйүп кетти. Албетте, аларды сындагым келбейт, бирок эски элдик ырларды жаӊылап, бузуп ырдагандары жакпады. Мен вокалдан сабак алгам. 5-6 ыр жаздырып койгом, угармандар угуп, өздөрү баа беришсин, алдын ала мактангым келбейт.
– Актёр Канат Абдрахманов менен тасмага, клиптерге чогуу тартылганыӊданбы, көпчүлүк экөөӊөрдү жашоодо да кыз-жигит деп ойлошот экен?
– Ооба, Канат экөөбүз Мирбек Атабеков, Данияр Эрматовдун клиптерине, «Салам, Бишкек!» тасмасына чогуу тартылганбыз. Канатты биринчи жолу Мирбектин клибин тартуу учурунда көргөм. Билбейм, бул жөн гана дал келүүчүлүк болсо керек, эстесем, чындап эле көп жолу чогуу тартылыптырбыз. Бирок биз жакшы достордонбуз, ал жакында эле Кытайга барып Жеки Чандын киносуна тартылып келди, менин Кореядан келгениме аз эле болду.
– Жеке жашооӊдо абал кандай? Сендей ажарлуу кыз бойдок болбосо керек?
– Мен 2009-жылы турмушка чыккам. Жолдошум чет өлкөдө көп жүрөт, мен да гастролдор менен чыгып, айтор, көпчүлүк убакта экөөбүз эки жакта болуп калабыз. "Алыстык мамилени бузуп коёт" дегендей, биз ошол аралыкты кыскартканга аракет кылып жатабыз.
– Маегиӊе чоӊ рахмат!

"Канат экөөбүз кыз-жигит эмеспиз, жакшы достордонбуз".

"Циркте көрсөткөн трюктардын баары күчтү, шамдагайлыкты талап кылат".

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Кээ бир ырчылардын аты эле болбосо, үнү жок" дейт Светлана Аширова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (36)
Boldukan86
2015-01-27 00:25:02
Демек уй булолуу экенда? коздору жагат.
+1
Angel92
2015-01-27 02:32:58
Жеке жашоонузда жана суйгон жумушунузда коптогон ийгиликтерди багындыныз.Апасы мультиктерде ун коштойт адашпасам.Таланттуу адамдын кызы
+1
Aslandira777
2015-01-27 09:41:19
Урматтуу Angel92,Жылуу калоолорунуз учун Сизге чон рахмат! Мен дагы сизге дем жана куч кубат каалап кетмекчимин!
0
Feijipiao
2015-01-27 10:49:04
Азаматсыз коп тил билсениз озунузго жакшы.Башкалар коро албай эле суйлой беришет.Бул биздин канда бар.Ошого болбогон создорго маани бербей койгонунуз туура.
Эн негизгиси бактылуу болунуз.Ар бир ишинизди ийгиликтер гана коштосун!
+1
admin_superstan
2015-01-27 12:01:51
Deniza88, кемсинтүүдөн алыс болууну сунуштайбыз.
0
Aselya_9105
2015-01-27 14:18:26
Жакшы маек болуптурю Иштеринизге ийгилик каалайм. Кыргыздын желегин желбиретип журо бериниз.Силерди чондор баалабаса да Кыргыз элибиз баалайт. Чыгармачылык ийгилик. Унунуз да жакшы экен. Сары чачыныз менен коруп такыр коно алабай койдум, кара чачыныз жакшы жарашат....
0
Aksy-13
2015-01-27 16:32:08
молодец кыз экенсин сага ийгилик каалайм. Кинодогу ролун коруп жактыргам таланттуу кыз экен деп сонун аткаргансын, аракетчилигин жакты менин да кызым бар буйруса сендей кылып турдуу ийримдерге берем деп атам сенин коп кырдуулугун жакты кыскасы жакшы соз жана жакшы каалоолорду каалайм, уй булон жонндо айтып берсен болмок жолдошун бала чака дегендей. Иий баса атын неге Светлана кыргызча эмес дегеним. Келечекте коп талантты кутом сенден, тилегине жет ...
+1
KG_01
2015-01-27 20:04:37
Суйуп калдым журогу бош болдубекен ...(
0
jarkyn_jakta_jasha
2015-01-29 01:04:36
бул кызды клиптерден коруп эле ээ катардагы эле "сулуу" кыздардын бири деп ойлогом. а бирок маегинен сон бул кызды сыйлап калдым....ар дайым озунун устундо иштеген адамдар сыйга татыйт....коп кырдуу талант экенинизди коруп сизге аябай суктандым...азамат
0
Светлана Аширова
2015-01-29 09:37:36
jarkyn_jakta_jasha,Комплименттериниз учун чон рахмат!)) Сизге дагы ийгиликтерди каалап кетмекчимин жана дагы бар болунуз,бай болунуз!!!
0
ayildik_kiz
2015-01-29 10:54:16
Мен деле 3 тил билет экем:)Бул кыз дуйнолук цирк аренасына да чыгып журуп тил билбесе болбой калат го.Азаматсын коп тил билсен ошончо дил билесин деп айтышат.Апасына рахмат кызынын келечегин алдын ала ойлонуп иш кылганы учун!Анан бул кыздын турмушка чыкканына 6 жыл болуп баратыптыр балдары барбы?
0
sagyn91
2015-01-29 11:43:26
Сиз эле калдыныз эле ырчы болбогон.
0
Deniza88
2015-01-29 17:06:57
sagyn91,болсо дагы татыктуу ырчы болсун . Акча, сулуулук, тааныштар аркылуу эмес, элге жеткиликтуу ырлар менен Жана озгочо уну менен
0
Kanimika
2015-01-29 14:38:48
Молодец сиз менен сыймыктанам онорунуз оркундой берсин ишинизге ийгилик эн мыкты актриса деп сизди айтса болот
0
bopos
2015-01-29 16:02:35
Азамат кыз экен,ийгилик коштосун.чынында озу айтып откондой аты бар уну жок ырчыларыбызга караганда жакшы ырдайт экен.ким кайсы онорду аркаласа озуно жагат да,демек ырчы болом десе чыкса ун болсо талант болсо эл баалайт болуш керек.
0
jypar.i
2015-01-29 22:29:44
Кыргыздын сыймыктанчу кыздарынан экенсиң өнөрүң өркүндөй берсин. Мына жакшы тарбия кандай жемиш берерин көрдүк. Апаң азамат айым экен, эми сени менен сыймыктанып, бактылуу апа болуптур. Азыр мындай тарбия бергендер аз.Бактылуу бол
0
orhidea83
2015-01-30 01:38:44
Мен чынында тартылган клиптерди коргон эмес экенмин интервьюну окуп,Света Ашированы тааныдым. (Ким экенини) Мага жаканы тил билгени жана уйронгону АЗАМАТсыз иштеринизге ийгилик , ден соолук . Апанызга алкыш.
0
Diana92kg
2015-01-30 15:25:54
ёёё мооее, жаман коп тил билет го.... ийгилик!!!
0
№ 638, 23-январь-29-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан