(Башталышы өткөн сандарда)
Анипа Асанды кууп чыккандан кийин көпкө чейин бир чекитти тиктеп отуруп калды. Өмүрүмдө эч нерседен коркпогон жаным биринчи жолу корктум. Азыр бир ууч болуп дирилдеп турган менин тагдырым бул аялдын колунда эле. Көпкө ойлонуп отурду да, башын көтөрдү.
– Жанара, алдыргандан башка айлабыз жок. Элдин бетин кантип карайбыз?
– Макул, бирок катуу оорутпайбы?
Бечара жаным ошол кезде андан башканы ойлобоптурмун. Кийин балалуу боло албай каларымды, ден соолугума оор залал келтирерин билбептирмин. Анипа эртеси эле мени дегдеӊдете жетелеп врачка алып барды. Ошентип, 14 жашымда боюмда болуп, ал бечара наристе жарык дүйнөгө келе элек жатып өмүрү менен кош айтышты. Кичине болсом да туура эмес нерсе кылганымды сездимби, боорумду жерден ала албай буркурап ыйладым. Ал эми өз колу менен менин тагдырыма балта чапкан аял бир балээден кутулганына сүйүнүп, кудуӊдай кетип бара жатты. Сүйүнгөн боюнча базарга барып, кадимки тирилигин кылып жүрөт. Бала туруп андан жийиркендим, бала туруп орду толгус жоготуума ичим сыйрылып жатты.
Бул окуядан соӊ эч кимди, өзүн да, өзгөнү да аябаган кекчил, куу, кара мүртөз Жанарага айландым. Дүйнөм, ааламым кара түскө боёлуп, мени өз кучагына алып бара жатты. Ал эми Баяндын жашоосунда ар түрдүү түстөр бар эле. Ал атасынын эркеси, апасынын жалгыз кызы болчу. Башка никеден болсо да, агалары ал үчүн жанын бергенге даяр болушчу. Анда баары бар эле, мендей болуп бир да кордук көргөн эмес. Болуптур, ар ким өзүнө татыктуу жашоодо жашайт, ага каршылыгым деле жок. Бирок менин жападан жалгыз адамым, кичинемден тирек, аска зоо кылып алган, алгач бир тууган, кийин жашоомдогу биринчи махабатым болгон Эмирдин жүрөгү да ага таандык болчу.
Биринчи жолу Анипадан да, Асандан да өтүп жек көргөн адамым Баян болду. Бирок канчалык жек көрсөм да, менде бир учур боло турган. Турмуштун запкысынан жабыркаган мени Баяндын мээрими жылытчу. Мен аны чындап бир тууганымдай жакшы көрчүмүн. Азыр өлүм алдында турганымда да ошол чындыкты айткым келет.
Баян, курбум, жалгыз мээрманым. Менин катып калган жүрөгүмдү жылыткан сенин мээримиӊ болчу. Сен мага ар дайым жардамга келчүсүӊ. Намыстансам да, ошол жардамды кабыл алгым келбесе да, ичимден «тобо, акылы жок акмак, менин жаман көргөнүмдү кантип билбейт?» деп кыжырлансам да, жүрөгүмдүн бир учу сен деп жылып турчу. Эх, ортобузда Эмир болбогондо...
Менин Эмир деген бүтпөгөн, соолубаган сүйүүм болбогондо өмүр бою сенин Жанараӊ бойдон калмакмын. Эсиӊдеби, ал тургай бутумдагы өтүгүм түшүп калганда сен жаӊы өтүгүӊдү мага берип, өзүӊ эскиӊди кийип жүрчүсүӊ? Үчөөбүз студенттик күндөрдө курсагыбыз ачканда бир нанды ортодон бөлүп, суу менен ичип алып жатып калчубуз.
Сенин жакшылыгыӊды санай берсем түгөнбөйт, бирок баары бир көӊүлүмдүн түпкүрүндө ич күйдүлүк бар эле. Кызык, кээде өзүмдү сени менен атаандашуу үчүн төрөлүп калгандай сезчүмүн. Менин ордумду тартып алгандай, дүйнөдөгү эӊ бактылуу ордумду сен ээлеп алгандай сезим жашачу. Кичинемден ушул сезим бар эле. Эмир менин сүйүүмдү түшүнгөн жок. Көздөрү дайым Баянды издеп турчу. Мени отко түшүргөн ошол көз караш болчу.
– Жанара, Баян бүгүн канчада чыгат? Сен бүгүн аны ээрчитип сайга келсеӊ сонун болмок... Баян бүгүн эмнеге сабакка келбей калды?..- дей берчү.
– Мен сага суфлёр белем? Кааласаӊ барып өзүӊ сүйлөш,- дейм бурк этип. Ал үӊкүйүп отуруп калганда кайра ичим түтпөй кетет. Баянды сөзгө алаксытып ээрчитип чыгам, ал бечара түшүнбөйт деле. Көздөрү менен куйкалап жатса деле байкабайт. Саамайына түшкөн чачтарын сылап, ойлуу отура берет. Сулуу жүзүн, мээримдүү көз карашын эч ким, эч нерсе өзгөртө албачудай сезилчү. Кийин өзү да Эмирди жакшы көрүп калды. Ушундан кийин кызганыч мени эки эсе кыйнай баштады. Анан экөөнү ажыратууну ойлодум. Ал дагы ишке ашты, Эмир ак жеринен түрмөгө камалды. Баян аны тез эле унутуп койду. А мен шорума көрүнүп унута албадым. Көӊүлүмдөгү сезим жалындабаса да, түтөп, жанымды кыйнай берди.
Анан Баян менен Дастандын махабаты башталды. Бакыт кушу кайрадан анын башына конду. Дастан ар бир кыздын кыялы эле. Өзүнө ишенимдүүлүгү, курчтугу менен адамдарды өзүнө тартып турчу. Жашырганда эмне, Назик экөөбүздүн теӊ ичибиз куйкаланып жатты. Кимибиздики көбүрөөк, кимибиздики азыраак маанисиз эле. Мен бул учурда көп ийгиликтерге жетиштим, машинам, кызматым, эл сыйлаган атым бар болчу. Тырышып жүрүп көп нерсеге ээ болдум. Ушул учурда Эмир түрмөдөн бошоп, эркиндикке чыккан. Бирок Баяндын турмуш куруп кеткенине ичи күйүп, Орусияга кетип калган эле. Мен башка адам менен турмуш куруп кетүүнү көздөгөнүм менен, ал аракетимден эч майнап чыкпады. Эч бирине көӊүлүм тартып, сүйүүм ойгонуп кетпеди. Жумушубузда мени жактырып жүргөн бир жигит бар эле. Өзү мага келүүдөн тартынат, бирок жалдырап эле ээрчий тиктейт. Бир күнү лифтке чогуу түшүп калдык.
– Улан, сен мени жактырасыӊ, туурабы?
– О-оба,- деди ал кекечтене. Бечара мындай суроону күтпөсө керек.
– Анда кааласаӊ, бүгүн менин үйүмө кел. Көӊүлдүү кеч өткөрөлү,- дедим да, чыгып кеттим. Тигил жалдыраган боюнча калды. Айтып алып өзүнчө кыжалат боло бердим. «Жанара, кайсы бир күнү мамилени башташыӊ керек, мына, баштоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк» деп өзүмдү жубатканым менен кыжалатмын.
Кечинде Улан келди. Колундагы гүлүн алып вазага салдым.
– Мени сүйөсүӊбү?- дедим түз эле.
– Жанара, мени кыйнабачы, ансыз деле билесиӊ го,- деди тигил үшкүрө. Бир аздан кийин мени кучагына алып, эрдине эриндерим жакындап келе жатты.
Ошол түнү мен 14 жашымда зордукталып гана тим болбостон, аял катары да өлгөнүмдү түшүндүм. Көз алдыма мени басып жыгылган зөөкүр, аборттун жанды ачытып ооруткан темир аспаптары тартыла түштү...
– Аа-а!
Өзүмдү билбей бакырып жиберип, кучагынан суурулуп чыга качып жөнөдүм. Көрсө, менин жигиттерге жакындабаганым, жашым 27ге келип калса да, бир да жигит менен кучакташып өбүшпөгөнүм ушундан тура. Ич көйнөкчөн «а-а» деп бакырган боюнча коюнунан тура качса, ар бир эле эркек корксо керек. Сыртта көпкө жүрүп үйгө кирсем, Улан кийинип алып кеткенге
камынып жаткан экен.
– Кечир,- дедим мен.
– Балким, мен жардам берермин?- деди ал үмүт менен.
– Жок, мага бир адамдан башка эч ким жардам бере албайт,- дедим башымды чайкай...
(Уландысы кийинки санда)