Тамашоучу, шоумен, акыркы жылдары сценарист, актёр болуп кеткен Бакыт Осмонкановдун келечектеги кыялдарынын бири – өзүнүн киносун тартуу. Учурда кино чөйрөсүнүн оош-кыйыштарын өздөштүрүп жаткан тамашоучунун чыгармачылык жашоодон башка да кызыктары көп. Ал тууралуу өзү айтып берсин.
– Салам, Бакыт! «Тамашоудо» эгиз козудай ээрчишкен түгөйлөр бар, алардын бири «Ак-Өргө city» командасындагы Самат менен Эмил болсо, экинчиси Жеӊиш экөөӊөр...
– Саламатсыздарбы? Негизи мындай тандемдердин болуп турганы жакшы. «Тамашоудо» бизден башка деле тандем түзгөн балдар бар. Мен муну балдардын ынтымагы катары түшүндүрөт элем. Жеӊиш экөөбүз 8-9 жылдан бери таанышпыз, студент кезде Кыргызстан КВНинде чогуу ойноп жүргөнбүз. Жеӊиштин образын «Моника Беллуччи» командасында жүргөндө балдар менен чогулуп жаратканбыз. Жеӊиш экөөбүз быйыл «Эки адам» күлкү долбоорунун үстүндө иштеп, учурда уландысын тарталы деп жатабыз. Мындан сырткары «Сүйүктүүмдүн каарманы», «Бир тууганчик» тасмаларына сценарий жаздык.
– Өтүп кеткен жылы перзенттүү болуп ата статусуна ээ болгон элеӊ. Уулуӊ торолуп, кылык-жоруктары чыгып калса керек?
– Мен үчүн 2014-жылдын эӊ чоӊ белеги уулум болду. Өзүм кичинекей балдарга жакын эмес элем, азыр деле ошондоймун. Бирок өзүӊдүн балаӊа болгон сезимдер башкача турбайбы. Баламдын кылык-жоруктарын көрүп эле тоюп калам. Үйдөгүлөр баарыбыз аны тегеренип, көзүнө карап айланчыктап жүрөбүз. Уулум Нурсултан мени аябай жакшы көрөт, бир жакка чыгып баратканда кадимкидей ээрчип ыйлайт.
– Үйлөнгөндөн кийин мүнөзүӊдөгү өзгөрүүлөр өзүӊө сезилдиби?
– Мен мурун абдан өзүмчүл болчумун. Окууда да, жумушта да, бардык жакта өзүмдүн кызыкчылыгымды башкалардыкынан бийик коёр элем. Үйлөнгөндөн бери бул сапатым калып баратат. Ал эми үйдө жоопкерчиликтүү болуп калат экенсиӊ. Бойдок кездегидей көчөдө шапар тээп кафе-клубдарда жүрмөй жок. «Үйлөндүм, болду, ашыкча баспашым керек» деп өзүмдү мажбурлаган жокмун, жөн эле ал нерселерден кызыгуу тарады. Үйдө жубайым менен сүйлөшүп, баламды эркелетип, аны менен ойноп үйдүн жылуулугунан чыккым келбей калды.
– Жубайыӊ менен 9 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп үйлөнгөнүӊдү билебиз. Бойдок жигиттерге кеӊеш бере кетсеӊ, канча убакыт сүйлөшүп анан үйлөнсө болот?
– Кеп убакытта эмес. Кеп түгөйлөрдүн бири-бирин жакшы түшүнүшүндө. Бири-биринин мүнөзүн, кыял-жоругун билүү деле жок дегенде жарым жыл убакытты талап кылат. 2 жума же 2 ай сүйлөшүп үйлөнүп алгандарга аябай таӊ калам. Мисалы, мен 3 жылда жубайымды изилдеп-иликтеп «ушул кызга үйлөнөм» деп жыйынтык чыгаргам.
– Үйдө казан-аяк кагышы көбүнчө кимдин айынан болуп турат?
– Көбүнчө жөнөкөй эле турмуштук көйгөйлөрдөн чыгат. Негизи казан-аягы кагышпаган үй-бүлө болбосо керек. Жашоо ошонусу менен кызык да. Мен кол көтөргөн эркектерден эмесмин. Өзүм парламенттик дебат боюнча «Манас» кубогунун 2010-жылкы чемпионумун. Бир нерсе түшүндүргүм келсе сөз менен эле аялымдын мээсин жеп салам. Жубайым тажаганда «уф, ушундай ажыкызсыӊ да, «занудасыӊ» деп чыдабай кетет.
Мен жаманмын, айтышканда тигил-бул жактан далилдерди, аргументтерди келтирип ынандырып салам. Айтышкан жактан жубайым менден жеӊилип калат. Анын бир техникасы бар, чарчаганда «э, барчы» деп башка бөлмөгө кетип калат. А мен артынан ээрчип айтылбай калган сөздөрүмдү айтып кирем, такыр эле көӊүл бөлбөй койгондо конструктивдүү пикирим жинге айланып кетет.
– Азыркы чыгып жаткан кинолорду тамашоучуларсыз элестетүү кыйын болуп калды. Кино жаатында мындай активдүү болгонуӊардын себеби эмнеде?
– Биринчиден, бул тамашоучулардын популярдуулугунан кабар берет. Экинчиден, чынында, тамашоучулардын ой жүгүртүүсү, фантазиясы башкачараак. Эгер жакшы бир КВНчи менен мыкты бир тамашоучу кошулуп кино тартса ойдогудай тасма жаралчудай. Үчүнчүдөн, кино – бул биздин чыгармачылыктагы жаӊы тепкичибиз. Биз «Тамашоудо», эл аралык аренада оюн көрсөтүп бүттүк, андан ары каякка бармак элек? Кайра эле чыгармачылыктын айланасында жүргөнгө туура келет. Колдон келгени тамада, алпаруучу, долбоорлорду иштеп чыгуучу, актёр, сценарист. Бул жаман эмес, эӊ жакшы көрүнүш. Мисалы, рейтинги жогору берүүлөрдү деле алып карасак, ошол эле «Comedy Club», «Наша Раша», «Прожекторперисхилтон» берүүлөрүнүн алпаруучулары КВНчилер. Орусияда КВНчилерге талап кандай жогору болсо, Кыргызстанда тамашоучуларга талап ошондой эле.
– Сенин башка кесиптин ээси экениӊди билебиз. Кесибиӊ боюнча иштеп көрдүӊ беле?
– Менин үч жогорку билимим бар. Экөөнү кызыл диплом, бирөөнү көк диплом менен бүтүрдүм. Бирок үч билимимдин теӊ чыгармачылыкка тиешеси жок. Кесибим боюнча юрист, экономист жана дипломатмын. Кичинемде юрист, экономист же журналист болом дечүмүн. Негедир журналистикадан билим ала албай калдым. Өзүм 1 жыл экономист болуп иштеп көрдүм. Маянасы деле жакшы болчу, бирок кечке бир жерде отуруп иштөө мен үчүн эмес экен. Билим алып койсоӊ, кайсы тармакта иштебе, сөзсүз пайдасы тиет.
– Чет өлкөлүк жигиттерге турмушка чыккан кыздарга көз карашыӊ кандай? Билишимче, көпчүлүк биздин мырзалар муну улуттун талуу маселеси катары карашат.
– Жеке мага бул маселеде кыздын кандай максатта чет өлкөлүк жигитке турмушка чыгып жатканы маанилүү. Акча үчүнбү, чет өлкөнү көрүш үчүнбү же жөн эле Кыргызстанда жашагысы келбегини үчүнбү, балким, сүйүү үчүндүр. Эгер сүйүү үчүн чыгып жатса суроом жок, анткени сүйүүдө улут болбойт.
Сүйүүдө адамдын жаш курагы, расасы маанилүү эмес. Анан да эки улуттан жаралган балдар акылдуу болушат деп коюшат. Кыргыздар жадакалса жердигине да маани беришет, нарындыктар Нарынга, оштуктар Ошко күйөөгө тийсе дейт. Ушундай стереотиптер менен жашаган адамдарды караӊгы адамдар деп эсептейм. Мисалы, мен Ысык-Көлдөнмүн, жубайым Оштон. Ортобузда эч кандай тоскоолдук жок, тескерисинче, муну менен Кыргызстандагы бөлүнүүчүлүк маселесин жоюп жатабыз деп ойлойм.
– Миллион долларыӊ болсо биринчи эмнеге сарптамаксыӊ, мисалы, «Тамашоуну» сатып алат белеӊ?
– Жок, мага бирөөнүн оокатынын кереги жок. Даяр нерсеге тап болгонду жаман көрөм. Биринчиден, мен ал миллионду өзүм иштеп тапмакмын, ага жетүүгө, буюрса, аз эле калды. Азыр силерге «кайрымдуулукка, жетим калган кароосуз балдарга бермекмин» деп жооп берип, сулуулар сынагына катышкан кыздарга окшоп каламбы деп жатам (күлүп)."ӨЗҮМДҮН КИНОМДУ ТАРТУУНУ КЫЯЛДАНАМ"
– Жубайыӊ кызганчаакпы же сенби?
– Мен кызганбайм, анткени жубайыма ишенем. Жубайым кызганганда «красавчик деле эмесмин го, мени ким карамак эле?» деп коём.
– Майрамдарда жубайыӊа гүл бересиӊби же гүлдүн акчасынбы?
– Хе-хе, гүлдүн акчасын берем.
– Жакынкы аралыктагы пландарыӊ?
– Өзүм режиссёрлук кылып, кино тартууну кыялданам.
– Көбүнчө күтүп каласыӊбы же күттүрүппү?
– Пунктуалдуу болгонгобу, көбүнчө күтүп калам.
– Сөгүнөсүӊбү?
– Сөгүнгөндү жаман көрөм. Бирок эмоцияны чыгаруу үчүн сөгүнүп да коюу керек.
Лунара Бекиева
star@super.kg