«Салам, Нью-Йорк!» тасмасы аркылуу таанылган актёр Бектемир Мамаюсупов 18-январда туулган күнүн белгиледи. Буга чейин деле өздүк майрамын түнкү клубдарда өткөргөн актёр бул жолу да салтты бузган жок. Бектемир: «Коноктор түнкү саат 12ге чейин келишти окшойт. Аларды тосуп алып орундуктарга жайгаштырып жатып, туулган күнүмдүн кандай өткөнүн деле байкабай калдым. Бирок досторум «жакшы өттү» дешти»,- дейт.
Ага удаа эле 19-январда «Сен» деген ыры менен кайрадан жанданып чыгып жаткан ырчы Жийдеш Идирисова борбордогу тойканалардын биринде өздүк майрамын белгиледи. Кесиптештери, достору менен шапар тепкен Жийдеш конокторуна атайын бий даярдап, ырдап да берген. Куттуктап келгендердин белектеринин өзгөчөсү – ырчынын сүрөттөрү түшүрүлгөн эки жаздык жана жууркан болгон.
Ал эми актриса, ырчы Гүлнур Асанова туулган күнүн 20-январда белгиледи. Гүлнур эӊ жакын адамдары менен тар чөйрөдө майрамдаганын, алардын жылуу сөздөрү күч-кубат, эргүү бергенин айта кетти.