Бир айдан бери «Аида Салянова башкы прокурорлуктан кетет экен» деген сөз коомчулукта талкууланып келди. Президент Алмазбек Атамбаев Жаӊы жылдын алдында «мурун кызматтан кетүүгө арыз берген күндөрү болгон, бирок бул сапар эс алууга кетти» деген эле. Эмгек өргүүсү 1 айга жакындап калса да Аида Салянова ишине чыккан жок. 21-январда анын арызы каралып, депутаттар кызматтан бошотууга макулдук беришип, 22-январда президент Алмазбек Атамбаев тиешелүү жарлыкка кол койду.
«БАЛАСЫНЫН КЫЛЫГЫНА АТАСЫ ЖООП БЕРБЕЙТ»
Өткөн жылдын 23-декабрында эмгек өргүүсүнө чыгып кеткен Аида Салянова башкы прокурорлуктан отставкага кетүү боюнча арызын 19-январда берди. Ошол эле күнү анын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго кылмыш иши козголгондугу жөнүндө маалымат коомчулукка тарады. УКМКдан кылмыш иши 5-январда козголгондугу айтылды. «Баласынын кылыгына атасы жооп бербейт» дегендей, жолдошуна козголгон кылмыш үчүн Салянова ээлеген кызматынан кетпеши керек. Ал буга чейин башкы прокурор болуп иштеген эркектерге караганда чоӊ жумуштарды аткара алды» деп 20-январда Бишкекте жарандык активисттик топ маалымат жыйынын өткөрүштү.
БАКЫТ АБДЫКАПАРОВ ЭМНЕДЕН ЧАЛЫНДЫ?
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 20-январда тараткан маалыматта "Бир канча адамдардын тобу «Тазалык» ишканасынын кызматкерлерине карата козголгон кылмыш ишин жабууга жардам берем деп, алдоо жолу менен 50 миӊ доллар акча алышкан. Кылмыш ишинде өтүп жаткан күбөлөр акчага байланыштуу иште Аида Салянованын жолдошу Бакыт Абдыкапаровдун тиешеси бар деп көрсөтмө беришти» деп жазылат. «Салянова Жогорку Кеңештин трибунасында туруп, Батукаевдин "чет өлкөгө саякатын" актап-жактап, кийинчерээк кайра аны экстрадициялоо боюнча суроо жиберди. Президенттин көзөмөлүндө болгон УКМК тарабынан иликтенип жаткан иште жолдошу айыпталуучу катары өтүп жатса, президент өзү башкы прокурорго орден берип, сыйлап жатат. Бул өлкөдө акмакчылыктын чеги жок»,- деп укук коргоочу Чолпон Жакупова интернет баракчасына жазып чыкты. Эске салсак, мамлекет башчы 29-декабрда Аида Салянованы II даражадагы «Манас» ордени менен сыйлаган. Ал экс-башкы прокурордун укуктук мамлекетти жана демократиялык коомду бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн ыйгарылганы белгиленген.
Ал эми Салянова өзү маалымат агенттиктеринин бирине жолдошу жөнүндө айтылып жаткан сөздөрдүн баары калп экенин, убагы келгенде бардык жагдайлар ачыкка чыгарын билдирген. Аида Салянова 2012-жылы «Супер-Инфонун» окурмандары менен түз байланышка чыгып, маек бергенде жолдошунун ишкер экендигин айткан. «Мен өмүр бою эле мамлекеттик кызматтарда келе жаткандыктан, жолдошум бизди багып, шарт түзүп берип, үй-бүлөбүз үчүн жанын аябай иштейт»,- деген эле.
Экс-башкы прокурорду кара булуттар буга чейин эле каптаган. Өткөн жылдын акыркы апталарында «Маркум Камила Дүйшебаеванын өлүмүнө Аида Салянованын аталаш тууганы Калый Саляновдун тиешеси бар болушу мүмкүн» деген маалыматтар жазылып чыккан болчу.
САЛЯНОВА КАЙДА БАРАТ?
Аида Салянованын башкы прокурорлуктан отставкага кетүү арызы Жогорку Кеӊеште 21-январда 57 депутаттын макулдугун тапты. 18 эл өкүлү «каршы» деген добушун берди. Аида Салянованын өзү Жогорку Кеӊешке келген жок. Мунун айынан депутаттар ого бетер ызы-чууга түшүштү. Депутат Ташболот Балтабаев: «Коррупция менен күрөшкөн адамды кечээ эле эч кайда кетпейт, президенттикке татыктуу деген адамды укпай туруп кетиргени жатабыз. Келип отчёт бериши керек болчу»,- деп чыкты.
«Салянова башкы прокурорлуктан кетпесин» дегендер «Ата Мекен» фракциясынын өкүлдөрү болушту. Экс-башкы прокурордун жолдошу Бакыт Абдыкапаровдун юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун жардамчысы экендиги да талкууга жем таштады. Аталган министр «Ата Мекен» фракциясынын квотасы менен кызматка барган. Бул маалыматтар менен катар Аида Салянованын быйылкы жылы өтүүчү парламенттик шайлоодо «Ата Мекендин» катарында катышары сөз болуп баштады. "Ыйык орун бош турбайт" демекчи 22-январь күнү эле президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеӊешке башкы прокурор кызматына Индира Жолдубаеванын талапкерлигин көрсөттү. Ал учурда президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүн жетектейт. Жолдубаева 35 жашта. Буга чейин басылмаларда анын Конституциялык соттун экс-төрайымы, мурдагы башкы прокурор Чолпон Баекованын жээни, Мамлекеттик кадр кызматынын директору Аалы Карашевдин жубайынын бир тууганы экени жазылган.
Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg