Бир кезде Чыӊгыз десе кыздар ичкен ашын жерге коюп чуркачу. Ошол кездеги кыздарды сүйдүргөн Чыӊгыз минтип үй-бүлө күтүп, кыздуу болуп, 3 кабат үй салып, бир үй-бүлөнүн кожоюну. Биз бүгүн артка кылчайып, бул мырзанын баскан жолуна саресеп салып көрөлү.
«МЕН ҮЧҮН АТА-ЭНЕМ ШААРГА КЕЛИШКЕН»
-1-классымда болсо керек эле, чатак салып жатып апама дүкөндөн комуз алдыргам. Бирок аны черте албай көпкө чейин үйдө илинип турду. 5-класста гана комуз черткенди айылдагы бир эжеден үйрөнгөм. Мектептеги сахнага 5-классымда «Энекем» деген ырды аткарып чыктым. Ошондон кийин эле Манастын миӊ жылдыгы болуп, манас айткам. Кийин мектептер аралык сынак болгондо Манастын атасы Жакыптын ролун аткарып калдым. Ал кезде айылда форма кайдан, өзүбүз эптеп тиричилик кылчубуз. Айылды кыдырып бир чолок чепкен, тон, тебетей таап, өзүм кепкенедеймин, кийиктин сакалын ээгиме тагып алып Жакыптын ролун ойноп чыгармачылык чыйырым башталган.
9-класста окуп калганымда айылда гитара ойногон мода болгон. Атама гитара саттырып алып, ошондо «Бир тууганым» деген ырымдын обону жаралган. Гитара менен айылдагы балдарга ырдап берип, «көрөсүӊөр, шаарга барганда ушул ырым хит болот» деп балалык кыял менен көзүм жетпесе деле тилек кыла берчүмүн. Андан кийин эле 9-классты бүтүп, Жалал-Абаддагы Барпы Алыкулов атындагы музыкалык техникумду бүтүп келдим. Кайра эле өзүм өскөн Чаткалдагы мектепте музыка мугалими, көркөм жетекчи болуп иштедим. Үйдө жалгыз эркек болгондуктан, кийин мени шаарга жалгыз жөнөтпөй, ата-энем айылдагы үй-жайды сатып, Бишкекке көчүп келишкен.
«ҮЧ АЙ РАДИОДО ИШТЕП, ЖАШАДЫМ»
-Шаарга келгеним менен, эч кимди тааныбайм, гитара, комуз чертип, ыр жазганым менен эч кимдин деле иши жок. Атам тааныштары аркылуу Атайбек Бөдөшовду таап, агайга мени жетелеп барды. Агай комуз сатып берип, Искусство институтуна тапшыртып көп жардам берди. Мени күнүгө тосуп алып, жетелеп мугалимдер менен тааныштырып чыгар эле.
Бир күнү үйдө отурсам телевизордон «КТРге алпаруучу керек» деген жарыя чыгып калды. Эртеси телевидениеге барып, аба ырайын окуп, иштеп калдым. Ал жактан Мырзабек Айдаралиев менен тааныштым. Бир күнү ага «ди-джей болгум келет» десем, «жеӊеӊ радиодо иштейт» деп телефондон Назгүл Айдаралиева менен сүйлөштүрдү. «Келип кет» деп чакырганынан барсам, мени Лилия Абдубаитова тосуп чыкты. «Эфирге ар бир чыкканыӊ өзүнчө спектакль болуш керек. Элдин көӊүлүн алып, эсинде калышыӊ керек» деп шарттарын түшүндүрдү. 3 күн текстимди жазып, даярданып барсам «сен биздин стилге туура келбейт экенсиӊ, бирок дагы сынап көрөлү» деп тапшырма беришти. Мырзабек байкеге «бекер эле убара болуп жатат окшоймун» десем, «сенин эмнеӊ кетип жатат, дагы бир барып көр, өтсөӊ өттүӊ, өтпөсөӊ акыр заман болуп кетмек беле?» деп койду. Байкенин сөзү менен барып, кийин өтүп кеттим.
Штатка жаӊы киргенде 3 ай ишканада жашадым. Кароолчунун бир жаздыгы менен төшөнчүсү бар болчу. Кечки саат 6дан түнкү 12ге чейин иштейм. Түнкү 12де маршруттук таксилер токтойт да, кароолчунун төшөгүн жыттап уктайм. Кайра эртеӊ менен туруп үйгө кетем, кечки 6да жумушка келем. Эфирде пультту өзүӊ башкарасыӊ, телефондон угармандарды кабыл аласыӊ, музыканы да өзүӊ таап коёсуӊ, айтор, эфирде иштеп жатканда сүрдөп, толкундангандан көл-шал болуп тердеп кетчүмүн. Ошентип радиодо 7 жыл иштедим. Ошол жерден агарып-көгөрүп, өстүм. Тааныш таптым, атактуулар менен табакташ болдум.
«КЫЗДАРДАН МЕТРЛЕП КАТТАРДЫ АЛЧУБУЗ»
-Ди-джей болуп атым таанылган соӊ жан дүйнөм эӊсеген ырчылыкка кириштим. Ырдап баштаганда продюсер Ильяз Адамов менен иштешип, эки жолу концерт бердик. Кийин «акча бар жерде талаш-тартыш болот экен, сый бойдон эле жүрөлү» деп иштешпей калдык. Концерттен түшкөн акчага Гольф 3 үлгүсүндөгү эӊ алгачкы унаамды алгам.
Продюсерден кеткенден кийин өзүм «25 жаш» деген аталыштагы концертимди уюштурдум. Ошондо иштин көптүгүнөн 3 күн үйгө түнөбөй калгам. Радиодон чыгып, концерттин жумушу менен чуркап, тойго тамадалык кылып, телевидениеде иштеп, 3-4 саат машинада уктап алып, кайра радиого эфирге чыгып жүрдүм.
Мирбек Иманбеков, Султан Садыралиев, Акбар Сүйүнбаев болуп бир группада окуп, бир сахнада ырдап калдык. Мен радиодо иштегенде кол ийрисине тартат болуп алардын ырларын эфирден көп кетирип жетекчиликтен уруш уккан күндөр болгон. Акбар, Султан, Мирбек төртөөбүз концерт бүткөндө күйөрман кыздардан чыга албай кийинүүчү жерде жарым саат күтүп отурат элек. Ал кезде күйөрман кыздар тентегирээк болчу. Спорт Ордосунун эшиктерин сындырып, курткаларыбыз жыртылып, эптеп качып чыкчубуз. Бизди телефонго тартып, кучактап, айтор, башкача эле.
Жаӊы ырдап чыгып жаткан кез, жатаканада жашачубуз. Кыш болгонуна карабай бутубузда туфли. Ошентип күйөрман кыздардан качып, жатакананын алдына барып, төртөөбүз төрт нан алып, анын үстүнө сабиз салатты салып жегенбиз. Өзүбүзчө тамашалашып күлүп коёбуз «тиякта кыздар артыбыздан кууп жылдыз болгонубуз эмне, минтип суукта калтырап көчөдө кургак нан менен сабиз жегенибиз эмне?» деп. Өзүӊдүн жумушуӊду кылганга убакыт таппайсыӊ го, кыздарга деле рахмат. Метрлеп каттарды жазып, сүрөттөрүбүздү чаптап, артыбыздан кууп, номерлерибизди таап алышчу. Азыр үйдө 16 метрлик кат сакталуу. Уюлдук телефонумду айтпай эле коёюн, үй телефонумдун номерин 3 жолу алмаштыргам. Эми ал күндөр артта калып, мен үй-бүлө күтүп, бир кыздын атасы болдум.Жанара Атабекова: «КЫЗДАРДЫН АРАСЫНДА ӨЗҮН ЖОГОТУП КОЙЧУ»
-Радиого биринчи келгенде Чыӊгызга эфирге чыкканды, пультка отурганды дегеле радиого тиешелүү техникалык иштерди мен үйрөттүм. Өзү да аракетчил болчу, бат эле үйрөнүп алат. Дайыма колуна гитара көтөрүп жүрөр эле. Бизге ырдап берип, майрамдардын көркү болчу. Аябай көӊүлчөөк, эч кимге жок дей алчу эмес. Күйөрман кыздар көп келчү, алардын баарына жакшы мамиле кылар эле. Кыз жандуу да болчу. Кыздардын курчоосунда калса, өзүн жоготуп койчу. Анан мен «Чыӊгыз, минтип отурсаӊ эмнеӊ калат, кичине катуураак болчу» деп акыл үйрөтөт элем. Бир күнү «Жанара эже, менин концерттерди алып баргым келет» деп калды. Ошондо Абдумалик Шерматов «сахнага кайтып келдим, 12 күн концерт беребиз» деп мага «концертти алып барып бер» деди эле, Чыӊгызды жаныма алып алдым. Концертте сүйлөп жатсак, Малика сахнага атасына гүл көтөрүп чыгып, калп айтпайын, 10 мүнөт кучакташып, артынан Динара Акулова келди эле, эл тынбай кол чаап, сахна ызы-чуу. Чыӊгызды карасам, толкунданганынан да, сүрдөп да калтырап, ыйлап ийчүдөй болуп араӊ турат. Ошол көз ирмем такыр көз алдымдан кетпейт. Концерт 12 күн болбой эле, токтоп калды. Анан «Жанара эже, 12 күн болсо сонун болмок, ээ?» деп коёт, калтырап корккону менен иши жок. Азыр мени апа дейт, бир жерде көрүшүп калсак да «Жанара апа, кандайсыз?» деп учурашып турат. Үрүнүса Маматалиева, Чыӊгыздын апасы: «БАЛАМДЫ КИТЕП МЕНЕН САБАГАНЫМА ӨКҮНӨМ»
-Кошуналарыбыз «Чыӊгыз баладай болуп урушуп-талашпайт, тентек кылбайт, боорукер, кантип тарбиялайсыӊар?» деп таӊ калышчу. Мен буга атасынын тарбиясы чоӊ деп коём. Анткени атабыз бир сүйлөгөн, алысты көрө билген киши. Чыӊгыз үчүн үй-жайын, мал-мүлкүн, машинасын сатып, бизди шаарга көчүрүп келди. Атасы китеп көп сатып берчү, балам китеп эле окуп отурчу. Чукугандай сөз тапканы да ошондон болсо керек. Эч кимге көргөзбөй дастандарды да жазган. Айылдагылар кезектешип торпок жайчубуз, бир жолу бизге кезек келгенде Чыӊгыз торпокторду айдап кеткен. Үйдөн «Телегей» деген китепти алып кетип, токойдун ичинде окуп отура бериптир. Саат 12 болду, жок, 2 болду, жок, 4 болуп баратат, дагы эле жок. Биз сарсанаа болуп издей баштадык. Сураштырсак, көрдүм деген бир киши болбоду. Саат кечки 5 болгондо колуна «Телегейди» көтөрүп келип жатпайбы. «Каякта жүрдүӊ?» десем, «токойдо китеп окуп отура бериптирмин» дейт. Анын бул жоругунан коркуп кеттимби, билбейм, айтор, колундагы китепти жулуп алып, аны менен урганым эсимден кетпейт. Атайбек Бөдөшов, Кыргызстандын Эмгек сиӊирген артисти, обончу: «ЧЫӉГЫЗДЫ АЛБАСАӊАР ОКУУӉАРДЫ ЖАПКЫЛА ДЕГЕМ»
-Мага Чыӊгызды атасы алып келди. Карасам, музыкалык билими бар, жылдыздуу жигит экен. Искусство институтуна алып барсам, кабыл алуу бүтүп калыптыр. Мугалимдерге «ырдатып көргүлө, талантын байкагыла, эгерде бул баланы кабыл албасаӊар окуу жайыӊарды жаап эле койгула» деп тамашалап жатып 2-курска киргиздим. Мага келечеги көрүнүп турчу, обон да жазат экен, ырларын карап бердим. Дене тарбия институтунун ашканасында тамак арзан болчу. Мына ошол ашканага Чыӊгызды алып барып, «ушул жерден тамактанып жүр» деп көрсөтүп койгон элем. Ал жерде иштеген кыздарга «бул арык балага жакшы тамак берип баккыла, бул жигит келечектеги жылдыз» деп айткам. Бир жылдан кийин эле Чыӊгыз жылдызга айланып кетти, ашканага барсам ошол кыздар «сиз туура айтат экенсиз» деп күлүшкөн.Эрнист Зияйдинов, досу: «ЖЫРТЫК АКЧАГА «КОРЖИК» АЛЫП ЖЕГЕНБИЗ»
-Мен Чыӊгыз менен 1998-жылы таанышкам. Экөөбүз Жалал-Абад шаарындагы Маданият техникумунда чогуу окуганбыз. Досум кыздарга аябай жакын эле. Кээде кыздарга барып келип калганын жанында жүргөн мен билбей калчумун. Студент болуп жүргөндө курсагыбыз ачып, менде 1 сом, Чыӊгызда жарымы жок 1 сом бар экен. Экөөбүз базарга барып, Чыӊгыз сатуучуга жарым 1 сомду тоголок кылып ороп берип, эки «коржикти» көтөрүп качыптыр. Артынан мен кармалып калып, «эже, мен аны тааныбайм» деп сатуучудан араӊ кутулгам. Ошол кезде «үйлөнгөндө бири-бирибизге күйөө жолдош болобуз» деген элек. 2003-жылы мен үйлөндүм, Чыӊгыз Жалал-Абадга келип, жолдош болуп берди. Кийин үй-бүлөлүү болгонума карабай Чыӊгыз үйлөнгөндө мен да күйөө жолдош болдум. Атактуулукка жеткенде да Чыӊгыз такыр өзгөргөн жок. Азыр деле үй-бүлөбүз менен катышып турабыз.
Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg