(Башталышы өткөн сандарда)
Бир үй-бүлөнү кыйраттым, каалаганыма жеттим. Бирок ошондо да мен эмес, Баян жеӊүүчү болуп чыга келди. Назик каза болгондон кийин анын баласын Баян багып алганын уктум. Ого бетер жиним келди. Эмир дагы да болсо айланчыктап анын жанында. Дастан менен биротоло ажырашып кеткенин уккам. Эми баары бир Эмирге турмушка чыкса керек деп жүрсөм, тагдыр таптакыр башкача бурулуш жасады.
Ошол күнү кечке маал жумуштан чарчап үйгө келгем. Босогодон Эмирди көрүп таӊ калдым. Үӊкүйүп отурган экен, көпкө чейин мени да байкабай отурду.
– Эмир?
Башын көтөрүп мени тиктеди, ошол көз карашты өмүр бою унутпасмын. Көз карашында айласыздык, кыйналуу, тагдырына баш ийүү да, жек көрүү да, сүйүү да, чарчоо да бар эле.
– Мен келдим, сага келдим.
– Магабы?
– Акыркы үмүтүм өчтү. Баян башкага турмушка чыгат экен. Жанара, мен жеӊилдим, мен баары бир жеӊилдим.
Биринчи жолу эркектин минтип буркурап ыйлаганын көрдүм. Аны кучактагым келди, баары жакшы болорун айтып, болгон жүрөк дартын айыктырып алгым келди. Кучактай калдым. Ал дагы мени кучактады, болгон өчүн, күчүн менден чыгарчудай кучактап, өпкүлөп кирди. Алгач коркуп кеттим. Бирок бул менин Эмирим болчу. Көзүмдү жумуп, анын эркине баш ийдим. Эртеӊ менен биринчи жолу эркек менен ойгондум. Уктап жаткан Эмирди көпкө тиктеп жаттым. Мен ушул учурда чексиз бактылуу да, бактысыз да элем. Ал ойгонуп кетип көзүн ачты да, суз гана жылмайып койду. Бул жылмаюуда ушунчалык өзүн-өзү кыйнагандык бар эле, жүрөгүм эрксиз тыз этти. Ал үн катпастан туруп кетти. Ошентип, биз чогуу жашап калдык. Алгач бакыттын алтынчы кабатында жүрдүм. Мурда жумушта көпкө чейин отура берчү элем, эми үйгө эртерээк барганга шашылам. Эмирдин кайсы тамакты жакшы көрөрүн билип, ошол тамакты убараланып жасайм. Кечинде анын келиши менен үй жарык болгонсуп, жашоом мурункудан да таттуу боло баштады.
А Эмир жөн гана жашап жүрдү. Ага менин барым да, жогум да баары бир эле. Табиятымдан жеӊилгим келбеген жаным ого бетер убараланып аракет кыла бердим. Сүйүүм, мамилем менен, эч болбосо акылым, куулугум менен анын жүрөгүндөгү музду эритип алам дедим. Көрсө, көӊүл ишинде куулукка, айлакерликке орун жок тура. Бардык аракетим текке кеткен сайын ого бетер кыйналчу элем. Мен андан жок дегенде төрөп алгым келди. Бирок Кудай мага андай бакытты да буюрбаган экен. Канча жерге барсам да боюмда болбоду. Бир жолу Эмир менен ачык сүйлөшкөнгө аракет кылдым.
– Эмир, экөөбүз ушинтип эле жашай беребизби?
– Кантип?- деди ал телевизордон көзүн албай.
– Ушинтип, сен келген мейманга окшоп, мен...
– Жакпасам чыгып кетем.
Жүрөгүм атып кете жаздады. Мен ага аябай көнүп, ансыз таптакыр жашоомду элестете албай калган элем. Мурун Эмир жөн гана кыялым болсо, эми чыныгы жашоомдун бир бөлүгүнө айланган.
– Мен сенден ажырай албайм, өзүӊ билесиӊ,- дедим эрдимди кырча тиштей.
– Эмнеге?
– Мен сени сүйөм!
– Жанара, күлкүмдү келтирбечи, кайдагы сүйүүнү айтып жатасыӊ? Сен өзүӊдөн башка эч кимди сүйө албайсыӊ.
– Эмир, мен сенден ажырай албайм.
– Бирок Баян менен Дастанды ажыраттыӊ го. Эмнеге сен ажырай албайсыӊ? Сен сценарийиӊ менен бир үй-бүлөнү чилдей тараттыӊ. Баракелде!
– Ал таптакыр башка нерсе.
– Эмнеге, кандайча? Баян да күйөөсүнөн айрылгысы келбегендир. Балким, ал дагы...
– Токтот, Баян, качан болсо Баян! Андан үмүтүӊдү үзө элексиӊби?
Эмир мага жакын келди да, көзүмө көпкө тиктеп турду.
– А сен менден али үмүтүӊдү үзө элексиӊби?
Жок, эч качан үмүтүмдү үзө албайт болчумун. Кекиртегиме кептелген жашымды араӊ жутуп, башка бөлмөгө кирип кеттим. Эми мага Эмир эмнеге келгенин түшүндүм. Ал менден Баян
үчүн өч алып жатканы да белгилүү болду. Кучактап жатканым менен жүрөгү башка деп согуп, мени тиктеп жатканы менен карегинде башка адамдын элеси турганын түшүндүм. Бирок ошондо да аны жашоомдон чыгарып салганга эрким жетпей жүрдү.
Бир күнү ал кийим-кечесин алды да, жөн гана менин жашоомдон жоголуп кетти. Ачык турган үйдү, чачылган буюмдарды, Эмирдин кийимдери жок экенин көрүп, ал менден кеткенин түшүндүм. Тизем бүгүлүп, босогого титирей жыгылдым. Көзүмдү ача албай жатып кайда экенимди түшүнбөй жаттым. Күнбү же түнбү? Өлгөнмүнбү же тирүүмүнбү? Көрсө, ооруканада экем.
Ооруканадан чыкканда акыркы уумду чачып калгым келди. Баяндан акыркы өчүмдү алгым келди. Ойлонуп отуруп Аманатка Назиктин уулу экенин айта турган болдум. Машинемди
алысыраак токтотуп коюп мектепти акмалап турдум. Дарбазадан эки бала чыгып келе жаткан экен, дароо тааныдым. Анткени ал Назиктин көчүрмөсү эле.
– Салам, балдар! Атыӊар Адам жана Аманат эмеспи?
– Ооба, эже,- дешти экөө теӊ жарыша.
– Силер билесиӊерби? Силер... Сен...- деп барып туруп калдым.
– Эмнени, эже?- деди Аманат бакырая. Дал Назиктин үнү менен, Назиктин көздөрү менен балбылдап тиктеп тургандай сезилди. Жаш көкүрөгүмө кептеле берип араӊ үн каттым.
– Сен Назиктин өзүсүӊ го? Тобо, ушунчалык да окшоштук болобу?
– Назик деген ким?
– Назик... Назик сенин апаӊ. Сени төрөгөн чыныгы апаӊ. Баян өз апаӊ эмес. Баланын күлүмсүрөп турган өӊү дароо өзгөрүп, купкуу боло түштү.
– Калп айтасыз! Сиз калп айтасыз!- деди да, колун силке чуркап жөнөдү. Артынан бир тууганы кетти.
Мына ошентип Баяндан акыркы кегимди алып тындым. Эми менин бул жашоодогу миссиям бүттү көрүнөт. Сенделе машинеме барып, рулга өбөктөй бакырып ыйлап жибердим. Биринчи жолу өзүмдү өзүм жек көрдүм, жийиркендим. Көз алдыма Назиктин мөлтүрөгөн баласы, анын көзүнө жаш толо терс бурулуп кеткени тартылып жатты. Байкуш Аманат, сенин эч кандай күнөөӊ жок болчу. Сенин таза дүйнөӊдү кирдеткенге акым да жок эле. Кечир мени! Кечиргиле мени, адамдар! Бул шаарда турганга, мындан ары жашоомду улантканга да акым жок. Башка жерге кетүүнү туура көрдүм. Жумуштан өз эрким менен бошонуп, эми кете турган болуп жатканда рак оорусуна кабылганымды билдим.
Өмүр жана өлүм... Өлүм босогого келгенде гана өмүр ушунчалык таттуу экенин түшүнөт экенсиӊ. Канчалык оор турмушта жашасаӊ да, кандай болгон күндө да өмүрдөн таттуу эч нерсе жок тура. Аттиӊ, мен муну өтө кеч түшүндүм. Мынчалык аз убактым болорун билгенде көп нерсени башкача жасамак экенмин. Бирок убактым аз, өтө аз...
(Уландысы кийинки санда)