ТААНЫЙ ЖҮРҮӉҮЗ
Жаш ырчы Жазгүл Эстебесова 5 жылдан бери чыгармачылыктын казанында кайнап келет. Кыргыз эли таланттуу кызды түгөл тааныбаса да, Жазгүл Талас элине кеӊири таанылып калган ырчылардын бири. Анткени чыгармачылык тушоосу дал ошол туулуп-өскөн жеринде кесилген. «Кесибим боюнча юристмин, бирок ырчылык каалоом күч, андыктан бул өнөрдүн өтөсүнө чыгам деп ойлойм. Былтыр Талас шаарындагы стадиондо Эрлан Шүкүрбековдун жардамы менен жеке концертимди бергем. Анда цирк шоусун көрсөтүп, бир форманы 4 секундда чечип алмаштырып көпчүлүктү таӊ калтыргам. Репертуарымда «Ардагым», «Өкүнбө сен», «Ак келин», «Асманга караймын» деген ырларым бар»,- дейт чоӊ сахнага кадам таштаган ырчы. Жазгүл Эстебесованын ырларын бул жактан уга аласыздар.