АИДА САЛЯНОВА ЮСТИЦИЯ МИНИСТРИ БОЛУУДАН БАШ ТАРТТЫ

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, аталган фракция квотасындагы юстиция министри кызматын экс-башкы прокурор Аида Саляновага сунуш кылган. «Ал буга чейин юстиция министри болуп иштегенине байланыштуу тажрыйбасы мол деп ойлодук, анын үстүнө Аида Салянова компетенттүү жана кадыр-барктуу»,- деп Текебаев 5-февраль күнү «Акипресс» агенттигине билдирген. Фракция лидери сунуштун алдында коалиция ичиндеги өнөктөштөр менен кеӊешкенин, Президенттик аппарат жана президенттин өзү да каршы болбогонун айтты. «Бирок Аида Салянова биздин сунуштан баш тартып койду. Ал адегенде ыраазычылыгын билдирди, кийин бул сунуш анын келечектеги пландарына дал келбесин айтты»,- деди Өмүрбек Текебаев.

 

 

 

Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Mir82
2015-02-09 10:01:01
Аида менин ойумча акылдуу аялзаты экен, чондордун сасык ойундарын коруп билип калып булардан алыс эле журойун деген окшойт
0
sesh_elya
2015-02-09 11:53:28
Prezidenttikke dayardanayin dep jatsa kerek.
0
kursantbek
2015-02-09 13:38:13
sesh_elya, оа менда ошондой деп ойлоп койдум президентта озу кичине соз баштап койду эми президенттике даярданатда
0
macho90
2015-02-09 22:40:48
Myshyk chychkan oinop atyshat. Munu srazu prezidentke ylaiyk dei koiso el prizdentin koshup jok kylat oshon ushun azyrtan (tajryibaluu) aiym dep elege sekin- sekin aityp. Maga ukuk berse jaman kylmakmynda bir ekoosunu.
0
casio-ctk
2015-02-10 00:10:50
коммент жазганга да баш жетпей калды буларга!!!
0
Bakulya79
2015-02-10 01:06:59
Шабашкасы аздырда бул жумуштун.
-1
bakyt_2015
2015-02-10 21:35:11
Салянова азамат озун женил баа кылгысы келбеген экен. Мадумаров же Рафшан болгондо хоп майлы дейт эле, аял болсо да кыргыз деп олумуш болгон лидер сорой эркектерден туболук ойдо турарын корсотуптур. Президент болсо кыргыздын кадыр-баркын коп эле которот эле. Бар болсун эжекебиз.
0
№ 640, 6-февраль-12-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан