«Баёо сезим», «Адашпайм», «Жалгыздык» деген ырлары менен эл оозуна алынган Бегимай Карабаева турмушка чыгып, эки кызын тарбиялап үйүндө отурган эле. Улуу кызы бешке чыгып калганда ырчы айым жолдошу менен ажырашып кеткенин билдирди. Турмуштан жолу болбогон Бегимай «эми чыгармачылыкка жан дилим менен киришем» дейт.
– Бегимай, салам! "Чыгармачылыкка кайттым, жеке жашоомдо да өзгөрүүлөр болду, жолдошум менен ажыраштым" деп жатасыӊ. Эмне болуп кетти?
– Ооба, чыгармачылыкка кайттым. Кайтканда да алдыма опол тоодой максат, пландар менен келдим. Кудайым мага ошол максаттарымды ишке ашырууга күч-кубат берсин. Жеке жашоомдо да чоӊ бурулуштар болуп кетти. «Кыздын барар жери күйөө» дегендей, бактымды табайын, бала жытын жыттайын деп, сүйлөшүп турмушка чыктым эле, тилекке каршы, ажырашып кеттик.
– Бири-бириӊерди жакшы билбей туруп эле турмуш курдуӊар беле?
– Жолдошум экөөбүз бир мектепте окуганбыз, менден бир жаш улуу. Ошондо эле жакшы сүйлөшчүбүз. Ортодон байланышыбыз үзүлүп калып, арадан алты жыл өткөндөн кийин кайрадан жолугушуп калдык. Экөөбүз сүйүшүп, бир айча сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнбүз. Турмуш башыӊдан өтмөйүнчө баары бир түшүнбөйт экенсиӊ. «Ажырашып кетиптир» дегендерди укканда «эмнеге ажырашып кеттиӊер, сүйүшүп жүрүп үйлөнбөдүӊөр беле? Сүйлөшүп табышып албайсыӊарбы?» деп баарын оӊой ойлочумун. Көрсө, жашоо биз ойлогондой жеӊил эмес экен.
– Кайын журтуӊду түшүнүктүү, интеллигент адамдар деп уктук эле. Катачылык кимден кетти?
– Кайын ата, кайын энем абдан жакшы адамдар. Беш жыл жашадым, ошончо жүрүп бир да жолу алардан жаман сөз уккан жокмун, мени өз кызындай көрүшчү. Аларды азыр деле сыйлайм. Сонун күндөрдү башымдан өткөрдүм, бирок жолдошум экөөбүздүн ортобузда эч кимге айтылбаган бир гана нерсе туруп алды. Ал нерсе болбогондо дагы деле чогуу жашай бермек элек. Экөөбүз урушуп-талашпай дасторкон үстүндө баарын чечишип алып эки жакка кеттик. Кайын журтум дагы «бул экөөӊөрдүн турмушуӊар, өзүӊөр чечкиле» дешти. – Кыздарыӊдын экөө теӊ сендеби?
– Улуусу Айдай төрт жарымда, ал атасында. Анткени ал учурда Ош шаарында англис, орус тилдеринен сабак алып жатат. Мен кичүү кызым Адемай менен Бишкекке келе бергем, ал үчтө. Учурда жөн отурбай визажисттин курсуна окуп жатам. Бүтүп алып сулуулук салондорунда иштеп тажрыйба топтоп, анан Баткен шаарына Бишкектегидей заманбап салон ачсам деген тилегим бар.
– Кызыӊ атасын сагынып ыйлаган жокпу?
– Улуусу атасына, кичүүсү мага жакын. Кичүүсүнө мен эле болсом болду. Ошентсе да атасы үйгө тез-тезден келип турат.
– "Жаштык кылып эрте турмушка чыгып алдымбы?" деп өкүнгөн жоксуӊбу?
– Өкүнгөн жокмун. Өтө жаш деле турмушка чыккан жокмун. Кыз бала үчүн 23 жаш ак-караны ажыратып калган курак. Алтындай эки кыздын энеси болдум. Апамдын кадырын түшүндүм. Жашоо эмне экенин жон терим менен сездим. Турмушка чыга электе таптакыр башка Бегимай элем, азыр 180 градуска өзгөрдүм.
– Мурун кандай элеӊ да, азыр кантип өзгөрдүӊ?
– Мурун көк бет, каалаганымды жасатчумун же жасачумун. Көп да сүйлөчүмүн. Азыр сабырдуумун, ойлонуп иш кылам, көп сүйлөгөнүмдү азайтып, укканга өткөм. Бир нерсени угуп, көрүп коём, бирок аны талкууга алып сүйлөй бербейм. Мурун чечим кабыл аларда апамдын кеӊешин колдойт элем. Азыр "бул жеке менин турмушум, өзүм билем, мындан ары жашоомо эч кимди аралаштырбайм" деген принципке туруп алдым.
– Чыгармачылыкка кандай пландар менен кириштиӊ?
– Сахнаны аябай сагынып калыптырмын. Жолдошум менен жашап жүргөндө «мен ырдайм, колдоо көрсөт» десем таптакыр бул теманы жаап салган. «Унут да, ал теманы экинчи козгобо» дечү. Кээде гезит окуп калсам «ии, дагы гезитиӊди баштадыӊбы?» деп калчу. Ошондо жараны ырбатпайын деп, анын айтканы менен болуп, сахна деген баштыгымдын оозун жаап койгом. Эми белимди бекем бууп киришип жатпаймынбы.
– Жаӊы ыр жаздырдыӊбы?
– Бек Борбиевдин Назми эже ырдаган «Тамаша» деген ырын жаӊы жаздырдым, жакында радиолордон уга аласыздар. Анын артынан эле дагы бир ыр жаздырып, клип тарттырганы турам.
– Чыгармачылыктан беш жылдай алыс жүрдүӊ, жалгыз иштөө кыйынчылык туудурса керек, бирөө-жарым менен чогуу иштешүүнү ойлонгон жоксуӊбу?
– Ушу тапта кеӊеш сурап байланышкан адамдарым бар. Бирок кимдир бирөө менен чогуу иштешүүнү ойлонбоптурмун. Кандай кыйынчылык болбосун мен азыр баарын көтөрүүгө, аны жеӊүүгө даярмын.
– Оштон концерттерге барчу белеӊ?
– Бир да концертке барган жокмун. Ал гана эмес, чынын айтайын, турмушка чыкканы шоу-бизнестегилердин эч кимиси менен байланышпадым. Балдарымдын кийимин жууйм, тамак жасайм, бала бакчага алып барам, алып келем. Анын арасында балдарыӊ оорушат, алар менен кошо ооруп калат экенсиӊ. Ушуну менен эле күнүм өтчү.
– «Эмне ырдабай калдыӊыз?» деп сурагандар болчу беле?
– Ооба, аябай көп сурашчу. «Эмне ырдабай калдыӊыз, ырларыӊыз бизге жакчу, качан чыгасыз?» деп сурай беришчү. Азыр деле чогуу окугандар таанып сурап жатышат. "Турмушка чыктым, балалуу болдум" деген жоопту узатам. Тааныштар жолукканда ден соолугуӊдан кийин эле «балалуу болдуӊ беле?» деп сурашат экен. «Канча кабат үйүӊ бар, машинаӊ барбы, канча алтыныӊ бар, дүкөн ачтыӊ беле?» деп сурабайт экен да. Көрсө, бала баарынан бийик, кымбат турбайбы.
– Баягыдай жаш кыз эмессиӊ, бир турмуш көрүп калдыӊ, колуӊду сурагандар болсо эми жигиттердин эмнесине карайсыӊ?
– Азыр бул жаатта мен эч нерсе айта албайм. Жакынкы күндөрдөгү пландарымдан таптакыр чийип салгам. Ал туурасында ойлогум да келбейт. Менин эӊ негизги максатым – кыздарымды аман-эсен чоӊойтуу жана чыгармачылыгымды колго алуу. Баарынан жүрөгүмдү өйүгөнү эркектер аялдары менен кеӊешип иш кылышса. Менин жолдошум кеӊешүү дегенди билчү эмес, баарын өзү жасачу. Мага жоопкерчиликтүү, сарамжалдуу, үй-бүлөсүн ойлогон, эрки күчтүү мырзалар жагат. Бардык айымдарга ушундай мырзаларды каалайм.
– Рахмат маегиӊе, чыгармачылык эргүү каалайм!
Cүйүн Кулматова
star@super.kg