Бул жуманын башкы жаӊылыгы эшектер болду. Сокулук районуна караштуу Ак-Жол айылындагы сарайлардын биринде эшектердин союлуп жаткандыгы тууралуу маалымат жумурай журтту дүрбөлөӊгө салды.
«БИШКЕКТЕ ЭШЕК СОЙГОН 2-3 ЖАЙ БАР ДЕШҮҮДӨ»Мындай кабар алгач "Ачык саясат +" гезитине жарыяланган. Окуя тууралуу кенен маалымат үчүн күбө, журналист Алтынбек Давлетовго кайрылганыбызда, ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Биздин гезиттин электрондук дарегине бир окурман «Ак-Жол айылындагы мурунку чочко баккан базада күндүз эшектерди союшат экен» деген маалымат жазып жөнөтүптүр. Ага байланышуу үчүн телефон чалсак албай койду. Анан өзүбүз барып көрүүнү чечтик. 17-февраль күнү айтылган дарек боюнча издеп бардык. Сарайлардын биринин каалгасынан шыкааласак, ичинде бирөөлөр мал союп жатышкан экен. Эшикти каккыласак алардын бири чуркап келип эшикти ачты да, бизди көрө сала артка кайрылып эле качып жөнөдү. Анын артынан башкалары да кошо чуркап, сарайдын аркы тарабындагы эшиктен сыртка чыгып кетишти. Карасак 50гө чукул эшекти союп илип коюшуптур, ары жакта баштары, шыйрактары үйүлүп жатат. Бир эшекти болсо жаӊыдан союп башташыптыр. Ичеги-карындарын да сатышат окшойт, алар желим идиштерде салынуу экен. Эми сасыгына киши чыдагыс.
Биз сүрөткө тартып жатканда «сарайдын кожоюнунун тууганымын» деп бирөө келди. «Мен мамлекеттик чоӊ кызматта иштейм, бул жеке менчик жай. Эмнеге тартып жатасыӊар, силердин укугуӊар жок!» деп коркутуп-үркүтүп, колубуздагы камераны талашканынан милиция кызматкерлерин чакырдык. Алардын карааны эле болбосо кайдигер карап, эч кандай иш-чараларды, текшерүүлөрдү жүргүзүшкөн жок. Укук коргоо кызматкерлери бир жума мурун ал жерден эшек союп жаткандарды кармашкандарын айтышты. Бирок иликтөө аяктаганча ал жер жабылып, эшек союу токтоп туруш керек эле да, андай болбоптур. Угушубузга караганда, Бишкек шаарында буга окшогон эшек сойгон 2-3 жай бар экен. Материал даярдалып жатканда редакцияга белгисиз адамдар чалып, гезит бетине чыгарбоо үчүн акча да сунушташты.
«САМСА ЖЕГИМ КЕЛБЕЙ КАЛДЫ»
Бул маалыматтарды алган соӊ биз дагы деле эшек союлуп жатабы, жокпу билүү үчүн айтылган сарайга барганыбызда эшиги бек экен. Сарайдын жанында жашаган атын атагысы келбеген айым төмөнкүлөрдү айтып, агынан жарылды:
– Жакындан бери түнкүсүн эшектерди чоӊ унаага жүктөп өтүп калганын көрүп калчубуз. Коӊшуларымдын айтымында, бул жерде күнүгө 100гө жакын эшек союлат. Алардын эттери Бишкектеги чайканаларга, самсыканаларга кетет экен деп жатышат. Арамды адал кылган туура эмес да! Муну уккандан бери самса да жегим келбей калды.
«ЭШЕК СОЙБОЙБУЗ ДЕП УБАДА КЫЛЫШКАН...»Маалыматка ылайык, бул жер тууралуу Сокулук РИИБинин кызматкерлери 9-февралда эле кабардар болушкан. Андай болсо 17-февралга чейин, журналисттер баргыча эшек союу эмне үчүн токтотулган эмес? Бул тууралуу Сокулук РИИБинин тергөө бөлүмүнүн башчысы Мирланбек Насировго байланышып, төмөнкү маалыматтарды алдык:
– Ал эшек союлган жайды жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери ачыкташкан соӊ биз ал ишти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Чүй облустук бөлүмүнө өткөрүп бергенбиз. Ишти азыр алар териштирип жатышат. Мындан тышкары Санэпидкөзөмөл борбору, Ветеринария инспекциясы жана жергиликтүү бийлик кызматкерлеринен турган комиссия түзүлгөн. Ишкананын жетекчилери тергөө башталганда бизге чет өлкөлүк компаниялар менен түзүлгөн келишимдерди алып келишкен. Келишимдерде эшектердин терилерин Түркияга, эттерин Кытайга жөнөтүшөрү жазылган. Ал жакта 380ге жакын эшектин эттерин атайын муздаткычтарга сактап коюшуптур. Бизге алар "тергөө иштери аяктаганча эшек союуну токтото турабыз" деп убада кылышкан болчу. Эгер журналисттер барганда союп жатышса, анда ал мыйзамсыз.
«ЭШЕКТЕРДИ МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ СОЁБУЗ»
25-февраль күнү эшектин этин иштеткен цехтин ээси Алмаз Такырбашев маалымат жыйын өткөрүп, ал эттерди Кытайга жөнөтөрүн билдирди:
– «Эшектин эти коомдук тамактануучу жайларга жеткирилет» деген маалымат жалган. Мен эч бир коомдук тамактануучу жай менен мындай келишим түзүп, эт жеткирген эмесмин. Биздин фирма 2006-жылы негизделген, айыл чарба продуктуларын кайра иштетүү менен алектенет. Өткөн жылдын 17-декабрында Түркиянын эт экспорттоо менен иш алып барган фирмасынын жетекчиси, ишкер Сердар Латыфсес менен эшектин этин экспорттоо боюнча келишим түзгөм. Биздин фирма түрк тарапка 2500 эшек этин даярдап бермекпиз, ал болсо Гонконг шаарындагы зоопаркка жеткирмек. Алгачкы партиясын жакында жөнөтмөкпүз. Бирок минтип иш үзгүлтүккө учурады. Менин менчик фирмама уруксатсыз кирип келишкен журналисттерди сотко берем.
Келишимге кол койгонго чейин бардык тиешелүү мамлекеттик органдардан уруксат алганбыз. Ошол эле дин өкүлдөрү, муфтият менен да кеӊешкенбиз. Алар «эт мусулман эмес өлкөлөргө сатылса уруксат» дешкен. Укук коргоо органдары менен да сүйлөшкөнбүз. Атайын иш уюштуруп, жумушчу орундарды түзүп, айыл өкмөттөрдүн, ветеринардын маалымдамасы менен эшектерди сатып ала баштагам. Ар бир эшекти орточо эсеп менен 2000 сомдон алам. Бир эшектен орточо алганда 59-60 килограмм эт чыгат. Ич эттери 9 килограммга жакын болот. Анын бардыгын санитардык нормаларга ылайык таӊгактап, муздаткычтарга сактап койгонбуз. Бардык эшектерге «уурдалган эмес» деген маалымдама алгам. Үстүбүздөгү жылдын 20-январынан бери 605 эшекти сойгонбуз. Ишканада эшек сойгон 12 жумушчу иштейт. Ичеги-карындарын 4 адам жууп-тазалайт. Андан сырткары 12 адам эшектерди түштүктөн жана Чүй облусунан алып келүү менен алектенет.
2 жүк ташуучу бар. Мындан башка да жумушчулар иштейт.
КЫЗЫКТУУ БИЗНЕС, ӨКҮНГӨН ТҮРК ИШКЕРИ...
Ишкердин жактоочусу Жаныбек Долбаевдин айтымында, 2500 эшек этин экспорттогондугу үчүн түрк тарап кыргыз тарапка 1 миллион 800 миӊ доллар төлөп бермек:
– Негизи эле бул абдан кызыктуу бизнес болчу. Аны Кыргызстанда өркүндөтсө да болот. Буга мыйзам боюнча тыюу салынган эмес. Учурда бул иштин артында рейдерлик кылгысы келип, ишкерге бут тоскусу келген күчтөр бар деп болжоп жатабыз.
Түрк ишкери Сердар Латыфсес болсо иштин үзгүлтүккө учураганына капа:
– Менин фирмам Кытайга жана Мексикага эт экспорттойт. Кыргызстанда эч кимди тааныбайм, бир дагы кафени билбейм. Менин фирмам эки жылга жакын убакыттан бери иш алып барууда. Такырбашев менен Гонконгдогу зоопаркка эт жеткирүү тууралуу келишим түзгөм. Эми эмне кылышты билбей турам.
«МАТЕРИАЛ БИЗГЕ ЖАӉЫ ТҮШТҮ»
Ал эми бул окуя тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Чүй жана Талас облусу боюнча жетекчисинин орун басары Эмил Жамгырчиевге байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул факт боюнча кылмыш иши козголо элек. Материалдар бизге бүгүн (ред. 25-февраль) гана түштү. Толук маалыматты иш менен кенен таанышып чыккан соӊ гана беребиз.
ТИЕШЕЛҮҮ КЫЗМАТТАГЫЛАР ТҮШТӨН КИЙИН ОЙГОНУШУП...
Жогорудагы жоопту угуп биз кимисине ишенерибизди билбей калдык. Милициянын билдирүүсүнө караганда, бул факт эчак эле Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилген, алар болсо эми келип түштү деп жатышыптыр. Фирманын иши тергөө бүткүчө токтотулса, эмнеликтен журналисттер барганда дале эшектер союлуп жаткан, же ишкер тиешелүү адамдардын оозун майлап-сүттөп койду беле? Бул жерде бир мандем бардай...
Ошондуктан укук коргоочулардан бул окуяны аягына чейин иликтөөнү талап кылабыз.
Ошондой эле Санэпидкөзөмөл борборунун жана Ветеринария инспекциясынын кызматкерлеринен турган комиссия түзүлүп, алар бул фактыдан соӊ Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы эт сатуучу жайларды текшерүүгө алышмакчы болду. Кеч болсо да алардын «ойгонгонуна» ыраазы боло туралы.
"КЫРГЫЗСТАНДАН ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРГӨ ЭТ ЭКСПОРТТОЛБОЙТ"
Мамлекеттик Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы маалымат таркатып, "эшектин эти чет өлкөлөргө чыгып жүргөн" деген маалыматты четке какты. Алардын маалыматына караганда, эшектин этин Гонгконгго экспорттоо тууралуу келишим бар дегени чындыкка коошпойт. Аталган кызмат ал фирмага эч кандай уруксат кагаздарын берген эмес. Ошондой эле айрым эксперттер «биздин өлкөнүн ветеринардык күбөлүктөрүн чет өлкөдө тааныбагандыктан керек болсо Казакстанга да эт экспорттоого мүмкүн эмес» деп билдиришти.
Гонгконгдогу зоопарктын ээлери 1 эшек эти үчүн 720 доллар (44 миӊ сом) төлөп берери да таӊ калтырбай койбойт, же ал жакта эшек эти ошончолук кымбат турабы?
БЫЛТЫР ДА КАТТАЛГАН
Эсиӊиздерде болсо, гезитибиздин бетине 2014-жылдын 15-май күнү Ош облусуна караштуу Алай районундагы Ак-Жай айылындагы унаа жолдун жээгине союлуп, териси сыйрылган бир нече эшектин тушун белгисиз бирөөлөр таштап кеткендиги жазылган эле. Бул окуядан кийин аталган айыл тургундары арасында «Кытайда эшектин териси сатылат тура, бир даанасы 1300 доллар экен» деген каӊшаар кептер тараган. Бирок ал эшектерди кимдер, эмне максатта өлтүрүшкөнү белгисиз бойдон кала берген...
Асхат Субанбеков
koom@super.kg