ҮЧ КУРБУ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Атамды эч түшүнө алчу эмесмин. Ал менин жүзүмө карагандан качар эле. Кокусунан көзү көзүмө урунуп калса, менден көзүн тез алып кача турган. Атамдын көздөрүнөн менден уялып, качып жатканын байкачумун. Ал мен төрөлүп калганым үчүн өзүн күнөөлүү сезгендей эле. Бирок эмнеге? Менин кандай күнөөм бар? Балким, кептин баары менин жүзүмдө болбосун? Андай учурда күзгүнү көпкө тиктеп отура берчүмүн. Күзгүдөн мени коркуп турган бактысыз балакай тиктеп турчу. Атамдын бир да жолу мага жакындап башымдан сылап, жакшы сөз айтып же көӊүл бурганы эсимде жок. Ошондон уламбы, өзүмө аябай ишенимсиз, тартынчаак болуп чоӊойдум. А Адам мага караганда эркин болчу. Мектепте экөөбүз бирдей окусак да, ал элге тез алынчу. Мен ушундай чоӊойдум. Ушул нерселердин арасында мен үчүн чыккан бир гана күн бар болчу. Ал менин апам эле. Бир гана апам ооруп калсам төшөгүмдөн кетпей кымтылап, түнү менен жанымда болуп, кайра-кайра чекемди кармап дене табымды өлчөп жанымда болор эле. Менин жаӊылыктарымды, сезимдеримди айта ала, уга турган балалык маселелеримди чечкен апам эле.
 Бир жолу отуруп «апам кимди жакшы көрөт?» деп талаша кеттик. Апам ашканада тамак жасап жаткан. Үстүнкү кабаттан чууруп түшкөн бизди таӊ кала тиктеди.
– Апа, баарыбыздын ичибизден сен кимибизди жакшы көрөсүӊ?- деди Адам адатынча өктөм сүйлөп.
– Ал кайдан чыккан суроо? Баарыӊарды бирдей жакшы көрөм.
– Жок, апа, чыныӊды айтчы,- деди Тилек байкем да.
– Балдарым, кимиӊердин башыӊар ооруп калса, ошонуӊарды көбүрөөк жакшы көрөм,- деп койду апам тамашалай.
Апамдын жообун ким кандай түшүндү билбейм, бирок менин төбөм көккө жеткендей болду. Анткени балдарынын ичинен мен көп ооручумун. Сасык тумоо башталды дегиче эле ооруп калар элем. Демек, апам мени баарынан жакшы көрөт экен да деп кубанып жүрдүм. Алты жашымда болсо керек, бир күнү апамдын ыйлап жатканын уктум. Акырын бөлмөсүнө кирсем, апам ыйлап жаткан экен. Мен биринчи жолу анын ыйлаганын көрдүм. Жүрөгүм ооруп, аны менен кошо ыйлагым келип жатты. Жанына барып соороткум келди.
– Апа...
Сербейип жанында турган мени көрүп апам бооруна кысты. Анын жүзүнөн аккан жаштар колдорума, бетиме тамып жатты.
– Апа, ыйлабачы, мен да ыйлайм анда,- дедим ыйламсырап.
– Байкушум, күнөөсүз периштем, сенде эмне күнөө? 
 Эмнегедир апамдын ыйына мен күнөөлүүдөй сезим пайда болду. Көрсө, чындыгында эле мен күнөөлүү экенмин. Менин төрөлгөнүмдүн өзү күнөө болгон экен. Аны кийин түшүндүм.
Орто жерде атам менен апам ажырашып кетип, кайра атам биз менен жашай баштады. Ошондо аябай кубанган элем. Кантсе да атам келип, толук үй-бүлө болорубузга сүйүнгөм. Бирок... Атам мени көӊүлүнөн алыс кармаганы үчүн өзүмө көӊүл бургузгум келер эле. Атам үчүн мектепте жакшы окудум, атам үчүн өзүм каалабасам да күрөшкө бара баштадым. Жан дүйнөмө таптакыр жакын болбосо деле атамдын көӊүлү үчүн футболдо алдыӊкы оюнчу болгонго талпындым. Бирок баары бекер эле. Баары бир экөөбүздүн ортобуздагы дубал урап түшпөдү, ал мага мээрим менен карай албады. Андан да ыза кылганы, ар дайым Адамды менден бийик көргөнү эле. Адам үчүн ар дайым колдоосу даяр болчу. Акыры атамдын жүрөгү мен үчүн жабык экенине бир жолу көзүм жеткенден кийин өз көӊүлүмдөгү өнөр менен алыша баштадым. Апамдын жанында жана сүрөт тартып жатканда гана мен өзүм менен өзүм болчумун. Мен биринчи апамдын сүрөтүн тарткан элем. Мага апамдан сулуу, андан акылдуу аял жоктой сезилчү. Бирок бир күнү мен күтпөгөн, билбеген чындыкты уктум. Менин апам
башка экенин, болгондо да никесиз төрөлгөн бала экенимди билдим...
Бир күнү сүрөт тартып отурсам Адам мени чакырып калды.
– Аманат, сага бир эже келиптир, сыртта күтүп отурат.
– Ким экен ал?
– Билбейм, сенде иши бар болсо керек.
Ал ийинин куушура үйгө кирип кетти. Дарбазанын алдына чыксам мени бир аял күтүп турган экен. Көрөрү менен көзүнө жаш ала мени кучактап калды.
– Назик, Назиктин эле өзү...
Кайсы Назик? Ким тууралуу айтып жатат?
– Сиз адашып калсаӊыз керек?- дедим апкаарып.
– Жо-ок, араӊ издеп келсем кантип адашайын? Мен сенин апаӊдын таежеси болом.
– Апамдын?
– Баяндын эмес, өзүӊдүн апаӊдын. Назиктин...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
s9zen098
2015-03-09 09:27:48
Иий дагы деле бутпой калды го
0
nargiz-94kg
2015-03-09 10:12:06
Ай мей ойлогом бүттүго деп, бир жума күтөбүз эми.
0
aiwa1990
2015-03-09 10:46:31
Эмнеси болсо да мага аябай жакты ушул чыгарма.
0
vera23
2015-03-09 11:29:11
Мен аманат торолгондо еле ушул баланын тагдыры емне болот екен деп ойлоно баштадым еле еми чыдамсыздык менен кутомго.
0
Ledi89
2015-03-09 13:57:23
Качан бутот.
0
dinooou
2015-03-09 16:31:22
Таеже болуп чоңойгондо келгенин.
0
Akmosha
2015-03-09 22:52:45
Таежеси таш талканын чыгарса эле Эми.
0
ILYAS181296
2015-03-10 01:35:06
Ушул чыгарманы кино кылып тартышса кана
0
mer88
2015-03-10 09:40:56
эми ити менен мышыгынын айтып беришин кутолу окуяны ошолор эле калды.
-1
Ayka0696
2015-03-10 15:06:06
Дагы кандай окуялар болор экен мен аябай кызыгып жатам?
0
pirim77
2015-03-11 13:14:02
Олжобай шакирдин чыгармасы мындан кызыктуурак. Анын окуясын алып-чолуп узуп кесип жамап жазган чыгарма бул!
0
bei
2015-03-14 17:01:11
pirim77,OOba men da okudum al jonundo. Uurda alup anu jamap juktabai ele avtordun atun aitup chugarsa bolmok. Gezit betine ozumduku kulup chugargan jurnalisttin 50 min somu janunda kalat ele.
0
№ 644, 6-март-12-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан