4-мартта парламентте Мамлекеттик кадр кызматынын башчысынын орун басары Бахтияржан Фаттахов: "Кыргыз Республикасынын өкмөтү бир топ мамлекеттердин өкмөттөрү менен мекендештерибизди окутуу боюнча келишимдерди бекиткен. Окуп келгендер жооптуу кызматтарга келип жатышат. Көбү айыл өкмөттөрүн жетектешүүдө",- деди.
Ошондой эле кызматкерлерди кызматтан мыйзамсыз кетирген жетекчилердин "кара тизмеси" түзүлгөнү белгилүү болуп, анда мурунку жана учурдагы мамлекеттик жетекчилер бар. "Тизмеге мурунку каржы министри Акылбек Жапаров, ИИМдин мурунку башчылары Зарылбек Рысалиев, Шамиль Атаханов, Абдулда Суранчиев жана учурдагы ИИМ башчысы Мелис Турганбаев, облустук ички иштер түзүмдөрүнүн жетекчилери киргизилген",- деди ал.
Мирлан Өмүралиев,
SUPER.KG
politika@super.kg