5-август күнү Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов эки күндүк мамлекеттик сапары менен Бишкекке келди. Аны мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өзү аэропорттон тосуп алды.
Сапардын алкагында Түркмөнстандын Кыргызстанга арзан баада электр энергиясын сатууга даяр экендиги айтылды. Жолугушуулардын жыйынтыгында эки тараптуу 15 документке кол коюлду. «Кол коюу салтанатында 15тен көбүрөөк макулдашууларга биз Кытай менен гана кол койгонбуз деп тамашалады Түркмөнстандын президенти. Андан тышкары Гурбангулы Бердымухамедов Ысык-Көлдө 5 жылдыздуу отелдин курулушун баштоо боюнча тапшырма берди»,- деди Алмазбек Атамбаев.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg