МЫКТЫБЕК АБДЫЛДАЕВ ПОЗИЦИЯСЫН АНЫКТАДЫ

Мыктыбек Абдылдаев башында турган «Кыргызстан саясий күчтөрүнүн Альянсы» алдыдагы парламенттик шайлоодо «Бир бол» партиясынын тизмеси менен катыша тургандыгы билинди. «Бир саясий күчкө айлануубузга партиялардын идеологиясынын окшоштугу, мамлекеттин өнүгүүсү боюнча бирдей көз карашта болуусу шарт түздү. Баарынан бийик турган – мамлекеттүүлүктү бекемдөө деген ыйык баалуулук бар. Ал баарыбызга маанилүү. Сырткы жана ички ар кыл коркунучтарга элибиз бир болгондо гана туруштук бере алат»,- дешет биригүү чечимин кабыл алгандар. «Бир бол» жана «Кыргызстан саясий күчтөрүнүн Альянсы» жарандарды жана саясатчыларды мамлекеттин туруктуулугу жана өнүгүшү үчүн бир болууга, ал эми бийликтегилерди парламенттик шайлоону таза, ачык-айкын өткөрүүгө чакырды.
«Бир бол» партиясында Марат Султанов, Жаныбек Бакчиев, Алтынбек Сулайманов, Акылбек Жапаров, Аскарбек Шадиев жана башка көзгө көрүнүп калган инсандар бар. Мыктыбек Абдылдаев да өз ишин мыкты билген, принциптерин сактаган, интригадан алыс, азыркы кыргыз саясатында өз орду бар, көз карашын, пикирин так айткан инсандардын бири.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
tilek-x
2015-08-10 10:07:51
Тизмесинде бардыгы эски карышкырларго булардын кыргызстанды онуктуруп жиберишине игенейин десем ла ишене албай койдумго чиркин!!!
+2
ertur
2015-08-10 10:20:24
Карт борулордун атыбыз "Болтурук" деп айткандай элего
0
kaytmas
2015-08-10 17:34:59
кыргызстандагы эн кучтуу саясатчы Мыктыбек Абдылдаев
0
Edik_86
2015-08-11 14:57:46
булардан эч бир жакшылык кутуугоо болбойт менин айтарым ушу ойлон кыргыз ойлон шайлоодо кимди шайлаш керек экенин
0
malywKG
2015-08-12 13:04:32
Карышкыр картайсада Бир койго алы жететта эээ
0
№ 666, 7-август-13-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан