БИР БҮРКҮМ

  • ӨКТӨМ САПАР УУЛУ казак ырчысы ГАДИЛБЕК ЖАНАЙ менен биргеликте «Биздин жолдор» аттуу дуэт жаздырды.
  • «WE'LL BE» бий тобу керектүү каражат чогулта албай калганына байланыштуу АКШнын Сан-Диего шаарында өтчү заманбап бий боюнча биринчиликке катышуудан баш тартты.
  • Улуу Британияда Кыргыз Эл жазуучусу СУЛТАН РАЕВДИН «Кара» романы басылып чыгарылат. Чыгарманын бет ачары 6-9-ноябрда Лондондо өтчү 4-эл аралык адабият фестивалында жана китеп форумунда өтөт.
  • Бир кездерде жанып турган ырчы ЖАНЫМ АЙЗАТ 6 айдан кийин Германиядан окуусун бүтүп келип, ырчылык карьерасын улантарын кабарлады.
  • ГҮЛНАРА КАЛДАРОВА «Күткүм келет» ырына клип тартып бүтүп, эми «Жан балам» аттуу ырын жаздырууга киришти.
  • МИНЮРА РАХИМЖАНОВА 6-июлда Алматы шаарында өткөн казак элинин ассамблеясынын күнүнө карата уюштурулган концертке катышып кайтты.

star@super.kg 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
AFRODITA-89
2015-08-10 09:46:28
вайблииин Вилби группасынын барбай калганына аябай окунуп атам алар сонун бийлейт эле дагы бир барып корсо болмок, депутаттар деле колдоп койсо болот да шарты болгондон кийин кайдагы калганан бир аз акчасын аябай! Ушундай жаш талантууларды котормолобосо Кыргызтанды ким которот???
+1
№ 666, 7-август-13-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан