Мукам үндүү ырчы Токтобек Асаналиев кыргызстандык өнөрпоздор менен биргеликте Кореяга барып, улуттук баалуулуктарды даңазалашат. Салттуу музыкаларды аткаруу, сүрөт искусствосу жана кол өнөрчүлүк боюнча уюштурулуп жаткан фестиваль 20-26-август күндөрү орун алат. Өлкөбүздүн желегин желбиретип, кыргыз обондорун созолонтууга камынып жаткан Токтобек мырза: «Кол өнөрчү, сүрөтчүлөр өздөрү жараткан кайталангыс эмгектери менен чет өлкөлүктөрдү тамшандырса, мен керемет кыргыз фольклорун даңазалайм»,- дейт.