АЙПЕРИ КУБИК КЫЗЫ УУЛДУУ БОЛДУ

Айпери Кубик кызы 5-августта көз жарып, тун наристесин жарыкка алып келди. Жолдошу Наруланга балканактай уул төрөп, куудул Кубик Калыковду таята статусуна ээ кылган ырчы айымды кепке тарттык.

– Куттуктайбыз, бешик боо бек болсун! Биринчи жолу эне болуп жатасың, кандай сезимдерге курчалдың?
– Азыр мен кандай сезимдерге балкып турганымды сөз менен жеткире албайм. Баламдын кичинекей жүзүн, колу-бутун карап алып эле эт жүрөгүм элжиреп жатат. Мындай бакытты баарына каалар элем.
– Боюңда барда эле уул экенин билчү белең?
– Ооба. Атайын УЗИге түшпөсөм да негедир жүрөгүм сезип турчу.
– Кош бойлуу кез кандай өттү?
– Ай-күнүм жеткиче эле концерттерде, гастролдо жүрдүм. Кайсы бир тамакка талгак болуу менде болбоду.
– Атын ким койдуңар?
– Азыр уулума ысым ыйгара элекпиз. Үйгө чыкканда чоң ата, чоң энеси коюшат.
– Бала ыйлаак эмеспи?
– Балам бир аз чыр экен. Колума алып жүрүп селки кылып алат окшойм. Бирок кыйналган жокмун.
– Рахмат, уулуңа узун өмүр каалайбыз.

star@super.kg 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (45)
chynara87
2015-08-10 23:31:33
Бешик боон бек болсун кыргыздын керегине жараган чыгаан жигит болсун
+1
kama_future_millioner
2015-08-11 02:44:56
Өмүрү мн берген болсун
+1
ailam14
2015-08-11 03:03:56
Куттуктайм омуру узун болсун келечеги кен болсун
+2
strangergirl
2015-08-11 09:23:54
бешик боосу бек болсун, ыймандуу жигиттерден болсун...
+2
sneg88
2015-08-11 09:50:33
бешик боонор бек болсун!!!!Ыймандуу журогу Аллах деп соккон татыктуу жигит болуусун каалайм.
+3
rusana
2015-08-11 15:25:59
Менин кызымдын туулган кунундо торолуптур )) Омуру узууун, Кыргыз элимин чыгаан патриот жигитеринен болуп чонойсун!
+1
Apyyke
2015-08-12 08:47:45
Омурлуу болсун!
+1
miraiymka
2015-08-13 01:48:23
Бешик боосу бек болсун,мен да тун наристем уул болсо деп тилек кылам.
+2
Maksxan
2015-08-13 08:12:19
Уулунардын омуру менен бересин ылайым
+1
Meka77
2015-08-13 18:24:07
Омуру менен берсин.
+1
timaika9195
2015-08-13 23:11:36
Beshik boo bek bolsun, Jaratkan omurun bersin.
+2
Illusions
2015-08-14 19:50:25
МашаАллах, кудайым омуру, ден соолугу, ыйманы менен берген болсун. Бешик боонор бек болсун!
+1
jazdaika
2015-08-15 22:21:10
Бешик боонор бек болсун!
+1
Mariyana
2015-08-16 00:26:31
омурлуу болсун!
+1
tatulinka
2015-08-25 00:18:45
Ой менин суйуктуу ырчымгооо бешик боон бек болсун!!!!
0
№ 666, 7-август-13-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан