1-сентябрды утурлай ата-энелер балдарын окууга даярдоо менен убара болуп жүргөндө биз ошол күндөрдү артта калтырган атактуулардын эскерүүлөрүн уктук. 1-класска барган күн балалыктын таттуу үзүмү эмеспи, ал күн баарыбыздын жадыбызда болсо керек, унутуу да мүмкүн эмес.
Султан Садыралиев: «АТТЫН БОЛГОН МҮЧӨСҮН ТАРТЫП, МУГАЛИМДЕРГЕ ШЫЛДЫӉ БОЛГОМ»
– 1-класска 1992-жылы Жамбыл облусунун Луговое (азыркы аталышы Кулан) айылындагы Ахмет Байтурсынов атындагы мектепке баргам. Үйдө беш бир тууганбыз, менден башкасынын баары мектепке барышчу. Бир туугандарым мектепке кеткенде кадимкидей зеригип, «мен чоӊоюп качан мектепке барам?» деп эле үйдөгүлөрдүн кулак-мээсин жеп тажаткандыктан мени 6 жашымда эле мектепке берип коюшкан.
1-сентябрда апам сирень гүлүнөн гүлдесте жасап берген. Ошону көтөрүп алып апам менен жетелешип мектепке баргам. Мен теӊдүү бир кызды 11-класстагы жигит көтөрүп алыптыр. Анын коӊгуроо каккылаганын көрүп, менин да коӊгуроо каккым келген. Майрам бүткөн соӊ класс жетекчибиз баарыбызды бир класска алып кирип тааныштырып, анан «сүрөт тарткыла» деди. Мен доскага чыгып аттын сүрөтүн тарттым. Карасам эжейим баш болуп баары мени карап күлүп жатышат. Көрсө, аттын болгон мүчөсүн тартып салыптырмын. Эми ал кезде балалык кылып көргөн нерсемди тарттым да. Ошол окуяны мугалимдерим да, үйдөгүлөр да азыркыга чейин эстеп күлүп калышат.Самара Каримова: «АТАМ МЕНИ САМАНКАНАДА ТӨРӨГӨН ДЕП АЙТЫП АЛЫП ЫЙЛАП...»
– Мектеп босогосун 1998-жылы аттагам. Окууга барардын алдында апам Исфана шаарына алып барып мектеп кийимдерин сатып берген. Күндө ак бантигимди тагынып кайра чечип, 1-сентябрды аябай күткөм. Мага мектептен да жаӊы кийимдерди кийип баруу кызык болгон. Кичинемде капкара кыз элем, ошон үчүн баары мени «кара жөжө» деп коюшчу. Алгач эле барганда эжейибиз окуучулардан «ата-эне деген ким?» деген суроо берип, оюбузду уккусу келди. Классташтардын баары апасы жөнүндө айтып жатышат. Кезек мага келгенде «апамдын аты Разия, медайым болуп иштейт. Апамды жакшы көрөм, бирок мен атама жакынмын. Анткени атам мени саманканада өзү төрөгөн» десем, классташтардын баары күлүп калышты. Атам мага «кызым, мен сени өзүм саманканада төрөгөм» деп айтчу да, мен ага баёо сезим менен ишенип алыптырмын. Ошондон кийин билгем, эркек кишилер төрөбөйт экенин. Үйгө келип «ата, сиз мени төрөбөптүрсүз го?» деп ыйласам, атам «кара жөжөм, элдер айта берет да, сени өзүм эле төрөгөм, ошон үчүн экөөбүз теӊ карабыз да» деп мени соороткон.Алтынай Нарбаева: «ЭЖЕЙИМ ЖАЗЫП БЕРГЕН КАТТАРДЫ ЖЫРТЫП, АПАМДЫН ТАЯГЫНАН КУТУЛГАМ»
– Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылындагы мектепке 1-класска 1974-жылы бардым. Үйдүн кичүүсү болуп, эрке талтаӊ болуп өскөн кыз элем, үйдөгүлөрдүн баары менин көзүмдүн агы менен теӊ айланып эле жүрүшчү. Бирок мектепке моралдык да, психологиялык жактан да даяр эмес болчумун. Көзүмө баары өөн көрүнүп, мектеп коркунучтуу туюлчу. Үйдөгүлөр мени бир ай окууга ташып жүрүштү. Сабакка жиберүү тозок эле, кичинекей балдар «бала бакчага барбайм» деп ыйлашат эмеспи, ошондой болуп көз жашымды көлдөтүп ыйлап, үйдөгүлөрдүн баарынын маанайын бузуп анан кетчүмүн. Бир жолу эжейим «апаӊа бер» деп менден кат берип жиберди, аны апама берип коём. Апам болсо мени күндө урат. Эртеси дагы кат алып келем, ал күнү да урат. Айтор, күндө апамдан таяк жечү болдум. Көрсө, эжейим «Алтынай орусча билбейт, түшүнбөйт, окубайт, аябай шок» деп мени жамандап жазчу экен. Өзүм 1-класс болсом окуганды билбейт элем да. Анан «токтоп тур, ушул катта бир нерсе бар» деп эжейимдин жазган каттарын жарым жолдо тытып салмай адат таап алдым. Ошондон кийин апамдын сабаганы басылды.
Нурзат Токтосунова: «КИЙИМИМДИ БАТКАК КЫЛЫП, ОКУБАЙМ ДЕП ҮЙГӨ ЫЙЛАП КЕЛГЕМ»– 1-класска 6 жашымда бардым. Бирок мага атам 5 жашымда эле окуганды, жазганды үйрөтүп койгон. Ал кезде телефон деген жок, эжейлер бири-бирине кат жазып окуучулардан бердиртип жиберип кабар алышчу эмес беле. Мен 1-класста ошол каттардын ичин ачып окуп койчумун. 1-сентябрь күнү мектепке ак куудай болуп аппак форма кийип бардым. Мектеп көзүмө абдан кооз, сулуу көрүндү. Тегерегинде селкинчек, айлампа бар экен. Өмүрүмдө андай нерсени көрбөгөн жаным чуркап барып селкинчекке отурдум эле, бир бала селкинчекте аябай ойнотту. Жыргап ойноп жатсам, тиги катуулатып баштаганда учуп барып баткакка түшүп калсам болобу. Формам баткак, өӊгүрөп ыйлап, аны менен кошо тиги баланы да урушуп жатам. Ал деле мени ойноткусу келсе керек. Үйгө барып апама окубайм деп ыйлагам. Ошентип менин 1-сентябрым эртеӊ менен эле аяктап калган.
Лунара Бекиева
star@super.kg