Сүйлөгөндө күлүп сүйлөгөн, ырдаса ууртунан жылмаюу жанып, боюнан ою ашып турган төкмө акын бар. Ал 3 жашында тамга таанып, китеп окуй баштаган, 16 жашында үйлөнүп, наристелүү болгон. Сөз Токтогул же Жеӊижок жөнүндө болуп жаткан жок, кадимки эле Элмирбек акын тууралуу уланат.
Обондуу ырлары: «Булбулум», «Аруузатым», «Жалгыздыктан тажап бүттүм» жана башка.
Прозалары: «Үркөрдөйдөгү үч күн» деген аӊгемеси, «Эсил жылдар» деген повести бар.
«АГАЛАРЫМА СҮЙҮҮ КАТТАРЫН ЖАЗЫП БЕРЧҮМҮН»
-Бир күнү атама «жер кайсы жерден бүтөт?» деген суроо узатсам, ал «жер Ленин, Сталин аталарыӊ жаткан Москвадан, Кремлден бүтөт» деп кызыктуу жооп узаткан. Атамдын жообунан кийин мага Кремлдин ары жагы деӊиз же талаа болуп барып жер бүтчүдөй туюлчу болду. Өзүм көрбөгөн нерселерди элестетип тарта баштадым. Гезит, журналдардан Лениндин сүрөтүн көчүрүп тартам. Акча, тыйындардагы сүрөтү болсо деле тарта берчүмүн. «Тартпа, көрүп калса каматып жиберет» деп коркутушса деле болчу эмесмин. Эс тарткан сайын Манаска болгон кызыгуум артып, Манастын баатырлыгына, айкөлдүгүнө, эрдиктерине маашырланып, Манас болом деп чыктым. Көк чыбыкты ат кылып минип, аны Аккула деп атап, туягын элестетип тегерете сызып атама көрсөтө берчүмүн. Бара-бара алдымдагы көк чыбык Аккула, мен Манас боло албасымды түшүнгөндөн кийин эпосту айткым келе баштады. Манас айтканымды көргөн агам, «мен эпостун бардык томун окугам, сен айткан жери жок болчу» деп катуу уялткандан кийин тык токтотком. 3-4-класста окуп жатканда ыр жазуу дымагым ойгонуп, классташ кыздарга сүйүү саптарын арнай баштадым. Ыр жазганымды билген жогорку класстагы агаларым буйрутма берип, сүйгөн кыздарына ыр жаздырууга өтүштү. Алгачкы гонорарларымды ошол учурда эле ала баштагам.
«КОЙДУН ЖҮНҮН САТЫП ЖОЛ КИРЕ КЫЛЫП БОРБОРГО КЕЛГЕМ»
-6-классымда Нооруз майрамы болуп, мугалимибиз «комуз менен саламдашасыӊ» деп текст жазып берди. Сахнага чыгып агайым жазып берген ырды ырдап, ары жагын өзүм жамактап төгүп салдым. Менин бул өнөрүмдү Тууганбай Абдиев айылга келип угуп, «Сенден төкмө акын же жазма акын чыгат. Айылда жүрсөӊ кандай болосуӊ, ким билет, шаарга бар» деп кеӊеш берди. Апам «барбайсыӊ, шаарда жашоо кыйын, өткөөл мезгил, сени ал жакка жибергенге акча жок» деп болбойт. Ал учурда айылдан койдун жүнүн чогултуп, акчасын кийин беребиз деп районго алып кетчү. Биз дагы жүн тапшырган болчубуз, апама ошонун акчасын алып кетем деп көгөрдүм. Акыры оюм ишке ашып, ыр жазган эки дептеримди, эки көйнөк салынган портфелимди алып, 4 койдун жүнүнүн акчасы менен борборго бет алдым.
Борборго келгенде Тууганбай Абдиев ата ордуна ата болуп, жол көрсөттү, окууга өткөрүп, жатаканага жайгаштырды. Эркиндик бульварына жакын жашачу элем. Чогуу окуган тайпалаштарым менен көп деле убакыт өткөргөн жокмун. Азыр «биз менен түшкөн сүрөтүӊ деле жок» деп айтышат. Ал учурда сүрөткө түшүү, студенттик күндөрдү өткөрүү дегенди билбесем керек. Көп убактым китепканада, анан залкарлардын жанында өтчү. Эркиндик бульварында Шүкүрбек Бейшеналиев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Абды Сүйөркулов, Орозбек Кутманалиев өӊдүү улуу адамдар менен кезигип, далай жолу кеӊешин, батасын алдым. Тамашалап айтканда, балдардын чөйрөсүнөн келип, чалдардын чөйрөсүнө аралаштым.
«КӨЙРӨӉДӨНҮП КӨПКӨН ДЕЛЕ ЖОКМУН»
-15 жашымда төкмө акындар арасындагы айтыштан баш байгени жеӊип алдым. Ошол жылдары эле «Булбулум», «Жалгыздыктан тажап бүттүм» аттуу ырларым элге алынып кетти. Токтобүбү Черикчиева жадакалса «Жалгыздыктан тажап бүттүм» аттуу концертин 5 күн берген. Концерттен түшкөн акчага батир, автоунаа алганын да уккам. Анда мен кайсы акчага нан алам деп тыйынымды эсептеп жүргөн учурум эле. Ырларым базарларда жаӊырып, элдер ырдап жатса «ушул сенин ырыӊбы?» деп сурап жибербесе экен, батыраак өтүп кетейинчи» дейт элем. Сыйлыкты да, сыймыкты да Кудайга шүгүр эле алдым. Маданиятка эмгек сиӊирген ишмер, президенттик стипендия алган учурларда деле кубанбаптырмын. Көйрөӊдөнүп көпкөн деле жокмун.
Кудайдан жашыра албаган нерсени адамдардан жашыргым келбейт. Жүрөгүмдө болгон нерсени айтканды жакшы көрөм. Кээде мени селсаяктардын жашоосу кызыктырып, алар менен аралашып, отуруп алган күндөрүм болгон. Айрым учурда турмуш-тиричиликке каржы жетишпей калганда «туй ата, ушундан көрө соодагер болуп кетпептирмин» деп кейип калчумун.
Үй-бүлөсүн жетик каржылай алган чыгармачыл адамдар деле арбын. Меники балдарымды бакканга жеткени менен, көкүрөктөгү ойлорду ишке ашырууга жетпей калат. Кудайга шүгүр, алдымда эски болсо дагы унаам, шаардын так ортосунда болбосо да четинде үйүм, жайкысын эс алганга дачам бар.
Үйлөнгөндөн кийин окууну токтотуп, Шаршен атындагы Чүй облустук театрына иштеп жүргөм. Шаардын четиндеги ГЭС-3 деген айылда эки бөлмөлүү времянканын 1 бөлмөсүн мага беришти. Экинчисинде театрда иштеген актёрлор жашайт экен. Тун кызым Айзуура ошол үйдө жашап жатканда төрөлгөн. Үйдү кирпичтин үстүнө спираль ийилген меш менен жылытып, ошого жалаяк кургатчубуз. Андагы ит көрбөгөн кыйынчылыкты замандаштарыбыз менен жеӊдик. Не бир таланттар жоголуп, өзүнө-өзү кол салгандары дагы болду.
«АРУУЗАТЫМДЫ» СТУДЕНТ КЫЗГА АРНАГАМ»
-Аскат Мусабеков ырдап жүргөн «Аруузатым» ичтеги букту, күйүттү сыртка алып чыккан чыгарма болду. Ал учурда кейип жүргөн учурум болчу. Шекербек деген досум экөөбүз шаар аралап басып баратып аялдамага токтогон троллейбустун канчанчы экенине карабай түшүп алдык. Ичиндеги адамдар баарынан тажагандай, дүйнөсү кирдеп кеткендей муӊдуу, кайгылуу мен сыяктуу көрүндү, же мага ошондой сезилдиби, билбейм. Арт жакты бурулуп карап ажарлуу, таза, тунук, көздөрү күйүп турган, бейкапар кызга көзүм түштү. Ка-ап, адамдардын баары ушундай болсо деп ичимден суктанып, барып тааныштым. Өзүмдүн жердеш карындашым болот экен. Бул ырдын жаралыш таржымалы ушундай.
«АЛГАЧКЫ АЙЛЫГЫМА МАНТЫ ЖЕГЕМ»
-Устатым Тууганбай Абдиев «Сейтек» балдар борборунда сабак берчү эле. Жарыктык киши чарчаганданбы же мага айлык болуп турсун дедиби, өзүнүн ордуна ишке орноштуруп койду. Өзүм теӊдүү балдарга сабак берем, кыздар «биз менен теӊ турбайсызбы» деп тийишип жүдөтүшөт. Иштегениме үч ай болгондон кийин бир эже «айлыгыӊды алдыӊбы?» деп калды. «Кандай айлык?» деп таӊ калдым. Эже «бул жерден аласыӊ» деп жол көрсөттү. Үч айдын айлыгы биригип 50 сом чыгыптыр. Ошондо биринчи жолу мамлекеттик иштен айлык алгам. Бакыт деген досум бар болчу. Экөөбүз бир кафеге кирдик. 1 порция 5 даана манты болот эмеспи, бат эле жеп коёбуз. Көп алалы десек элден уялабыз. Улам тарелкаларды бошотуп, кайра манты алып отуруп аябай тойгонбуз.
«АКЫН МЕНЕН АЙТЫШСАМ ЖЕӉЕМ, КАТЫНЫМ МЕНЕН АЙТЫШСАМ ЖЕӉИЛЕМ»
-Келинчегимдин кесиби медик болгондуктан мага кайсы тамак жакпасын, ден соолугума зыян-пайдасын карап турат.
Акын менен айтышсам жеӊем, катыным менен айтышсам жеӊилем деп калам. Анткени аялзаты назик, алсыз жан келет эмеспи. Жубайымдын аты Нурзат. Экөөбүз ооруканадан таанышканбыз. Бир учурда ден соолугума байланыштуу тез-тез ооруканага жатууга туура келди. Ал менин жеке медайымым болуп, таанышып калдык. Жылдызыбыз келишип баш коштук.
Ортобузда үч балабыз бар. Улуубуз Эрулан 6, кызым Жайдары 5, кичүүбүз Адылхан 2 жашта.
Гүлбү Орозкул кызы, мурунку жубайы: «ЭЛМИРБЕК КУДАЙ БЕРГЕН ТАЛАНТКА ЭЭ»
-Элмирбекке талантты Кудай берген. Андай талантка, өнөргө эгедер адам сөзсүз өз ордун табат, ташты жарган чөп сыяктуу өнүп чыгат. Андыктан анын мындан ары да бийиктиктерди багындыра беришине тилектешмин.
Айдар Иманалиев, агасы: «ЭЛМИРБЕК 3 ЖАШЫНДА ТАМГА ТААНЫП, КИТЕП ОКУГАН»
-Элмирбек биздин эӊ кичүүбүз. Аны баарыбыз эркелетип, шоктонсо да урушпай өстүрдүк. Кичинесинде эле абдан зээндүү болчу. 3 жашында тамга жаттап, китеп окуп баштаган. Бир күнү үйдө тоют түгөнүп, туугандардыкына чөпкө бардык. Алардын үйүнөн Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы «Манас» эпосун көрүп, шарылдатып окуп кирсе 11-класста окуган эжебиз «ушул бала да окуй алабы?» деп таӊ калганы эсимде. Кеч киргенде «үйгө кетели» десем, «китепти алмайынча кетпейм» деп туруп алды. Өжөрлөнүп атып алган «Манасты» чоӊ энеме окуп берип жүрчү. Бир күнү эпосто жазылган Коӊурбай менен Манастын кармашын окуп жатса энем «бул жери китепте жок» десе, энеме таарынып окуп бербей койгон. Энем «Манастын Сайкал менен сайышка түшкөн жерлери бар» деп айтканын угуп калса керек. Бир күнү карасам «Сайкалды Манас бир сайды» деп эле кошуп манас айтып жатат. Элмирбекке «эй, эпосто мындай жери жок, мен бардык томун жакшы билем» десем, кызаӊдап уялып кетти. Азыр «агам антип айтпаса манасчы болот элем» деп айтып жүрөт. Чын эле ошондо баланын шагын сындырбаганда, балким, манасчы да болот беле деп ойлоп калам. Амантай Кутманалиев, акын: «ЭЛМИРБЕК ӨЗГӨРҮП, КӨПКӨН ЖОК»
-Элмирбек жатаканага жаӊы келгенде мен концертте болсом керек эле. Ал жердеги балдар аны тамашалашып «Амантай бул жерди кармайт. Ал бөлмөгө киргенде байпагын бир жакка ыргытса, шымын башка жакка ыргытат. Сен унчукпай кийимдерин жыйнап, жууп, иреттеп кой» дептир. Ал менин сүрөтүмдү карап, «чын эле ушундай балабы, түрүнөн андай көрүнбөйт го?» деп ойлоптур. Менин келишимди күтүп коркуп отурган го, келип эле «оо, Тууганбай агам айткан бала сенсиӊби, жакшы келип алдыӊбы?» деп күлүп-жайнап кирип келдим. Амандашкандан кийин «канча жаштасыӊ?» десем, «14 жаштамын» деди. «Айылда эле жүрө бербейсиӊби, шаарда биз жыргап жатыппызбы. Карачы, эне сүтү оозуӊдан кете элек экен, оозуӊдан агып жатат» деп тамашалап күлдүм эле. Элмирбек башында кандай келсе ошол бойдон калды. Көпкөн да, кекирейген да жок.
Нурзат Абдырашитова, жубайы: «КӨӉҮЛҮМДӨГҮНҮ ИЗДЕП, МААНАЙЫМДЫ КӨТӨРҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛАТ»
-Мен биринчи жолу интервью берип жатам. Өзүм сөзгө чоркокмун. Чыгармачыл инсан катары Элмирбектин бизге көп нерсеси табышмак, ошонусу менен кызыктуу. Аябай жоопкерчиликтүү. Балдарым менен чогуу аны күтүп, сыйлап турабыз. Уулубуз Эруланды абдан жакшы көрөт. Кыскасы, жакшы ата деп айта алам. Мени да эч качан капа кылбай, көӊүлүмдөгүнү издеп, маанайымды көтөрүүгө аракет кылганын көп байкайм. Татаал, оор мүнөзү да жок эмес. Аны мен эмес, көптү билген, көптү көргөн адамдар да түшүнүүсү кыйын экенин айтышат. Албетте, бул дагы анын өзгөчө бийик сапаттарынын биридир. Көп нерсеге көзү жетет. Ага «сен врач болсоӊ абдан мыкты врач болмоксуӊ» деп айтып калам.
Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg