СҮЙҮН ОТКЕЕВ КЫЗДУУ, РАСУЛ РАХМАНАЛИЕВ УУЛДУУ БОЛДУ
Август айынын аягында режиссёр Cүйүн Откеев менен "ЭлFm" радиосунун ди-джейи Расул Рахманалиевдин үй-бүлөлөрү бир мүчөгө көбөйдү. Дегенибиз, 27-августта Расул уулдуу болсо, 29-август күнү Сүйүн мырза үчүнчү ирет кыздуу болуп отурат. Режиссёр жашоосундагы жаңылыгы тууралуу: «Наристеме Сумая деген ысым ыйгардым. Кыздар күйүмдүү келишет эмеспи. Андыктан аябай кубанып жатам»,- деп билдирди.Айта кетсек, режиссёр буга чейин Айлин жана Назик аттуу кыздарын тарбиялап келген. Ал эми Расул: "Бул менин экинчи чүрпөм. 4 килограмм салмакта жарыкка келген наристеме чоң апасы Элдос деген ысым ыйгарды",- деп кубанычын жашырган жок. Ымыркайлардын өмүрү узун болуп, эл керегине жараган балдардан болсун.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Biikech93
2015-09-07 09:52:25
Омурлору менен берген болсун Аллах
+4
Nur.88
2015-09-07 10:17:26
Эл керегине жараган уул кыздардан болсун!
+2
AFRODITA-89
2015-09-07 11:40:37
ден соолугу омуру менен болсун!
+3
nusichka
2015-09-07 11:41:21
куттуктайм
+3
arash96
2015-09-07 14:34:15
Омурлору узуун болсун кыргыз элинин атын алыска тараткан улуу инсандардан болсун.Суйун Откеевдин аялы тортунчусун уул тороп алсын.
+2
Zhanybek88
2015-09-07 20:47:12
Расул дос аяш баламдын омуру узун болсун сага окшоп елдин маанайын которгон уулдардан болсун
+1
Apyyke
2015-09-07 22:58:32
Омурлуу болсун наристенер.
+2
Rasul_Rahmanaliev
2015-09-10 23:08:58
Баарыныздарга ыраазычылык билдиребиз!Суйун аке,бешик бообуз бек болсун.))
+1
chika-chika88
2015-09-10 23:34:56
Аллахым береерин унутпасын,силерге Берген белекти башка пенделерине да берсин. Ыймандуу жана куйумдуу болсун уул кыздарынар.
+2
sarbo
2015-09-11 19:19:03
Расул укам уулдуу болушун менен куттуктаймын!
+1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.