ГҮЛЗИНАТ СУРАНЧИЕВА КЫЯЛЫНДАГЫ АК ӨРГӨӨНҮ САЛУУДА

Учурда ырчы Гүлзинат Суранчиева тапкан акчасынын баарын кыялындагы 2 кабаттуу ак өргөөнү тургузууга жумшоодо. Келерки жылы курулуш иштерин бүтүрүп, жаңы үйгө көчүп кирүүнү пландап жаткан ырчы: «Күн сайын курулуш иштеринин бир жери бүтүп калса аябай кубанып жатам. Үйдүн чатыры жабылып, короосу тосулуп, дарбазасы орнотулду. Быйыл кара жумуштарын бүтүрүп салалы деп жатабыз. Ошондуктан учурда мончо, меш салынууда. Андан кийин ичин жасалгалоого кезек келет. Кудай буюрса, үйүбүзгө көчүп кирер замат сиздерди конокко чакырып, жаңы үйүмдү күйөрмандарыма гезит аркылуу көрсөтөм»,- деп билдирди.
 
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Biikech93
2015-09-07 09:49:44
Кутобуз анда гезиттен чыгышын
0
ZHaziko
2015-09-07 10:47:05
Азаматсын! иШИНЕ ИЙГИЛИК
+1
AFRODITA-89
2015-09-07 11:24:57
оо жакшы экен салган уйунуздон жалан эле жакшылыктар болсун
+2
Apyyke
2015-09-07 23:08:52
Маалымат берсениздер Гулзинат эже тууралуу. Кызы Рузанадан башка да балдары барбы?
+2
jypar.i
2015-09-07 23:12:47
Гүлзинат азамат, эстрада ырчыларынын ичинде эң жөнөкөй, татынакай,таланттуу жана эмгекчил, ылайым үйүңөр ак жолтой болсун
+1
magic1721
2015-09-12 01:11:18
жакын арада супер инфо коноко барат турбайбы
0
guzel_
2015-09-22 15:30:47
Ит мышыгынарга чейин мактангыла.ХХХ ХХХХ.
0
admin_superstan
2015-09-22 15:33:27
guzel_, этика нормаларын сактоону сунуштайм!
0
№ 670, 4-сентябрь-10-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан