САХНА АРТЫНДА ӨТКӨН БАЛАЛЫК

Ырчыларды сахнадан көрүп суктанганыбыз менен, алардын жумушу кандай түйшүктүү экенин биле бербейбиз. Үй-бүлө менен чыгармачылыкты бирге алып кетүү оӊой эмес. Ага карабай бир буту үйдө, бир буту сахнада болуп, жадакалса жаш балдарын сахна артында багып ийгиликке жеткен ырчылар арбын. Кеп кезеги сөзүбүзгө мисал болчу чыгармачыл инсандардын уул-кыздарында.

Курмангазы Азыкбаевдин кызы Нурайым Азыкбаева: «НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВДИ КОЛГО ЧААП ЖИБЕРГЕМ»
– Атам менен апам таарыныша кетип, бизди кичине кезибизден эле атам өзү жетелеп жүрүп чоӊойтту. 5 жашымдан тарта атам менен чогуу жүрдүм. Концерттерде уйкум келсе мышыктай болуп жылуу жер таап уктап калчумун. Бир жолу концерт бүткөндөн кийин барабандын ичине кирип уктап калган экем, атамдар чарчап, мени унутуп кетип калышыптыр. Үйгө барып издешип, түн жарымда клубга келип барабандын ичинен таап кетишкен.
Ал эч нерсе эмес, Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин дачасына атам менен барып Роза Рымбаеванын «Күбе бол» деген ырын ырдагам. Кичинекей болуп казакча ырдап жатсам Назарбаев кызыгып кетти окшойт, келип кошулуп ырдайын дегенсип микрофонду кармады эле, колго чаап жибердим. Атамды карасам коркконунан көзү алайып, сүйлөйүн деп баратып какап кетти. Анын президент экенин кайдан билем? Ырдап жатсам жолтоо болгонунан чаптым да.

Жамиля Муратованын уулу Адилет Муратов: «БАТКАККА БАТЫП АПАМДЫН ЖҮРӨГҮН ТҮШҮРГӨМ»
– Чыгармачыл адамдардын балдары күнү-түнү ыр уга берип чыгармачылыкка жакын болуп калат экен. Мен тилим чыга электе эле музыканы түшүнчү экем. 3 жашымдан баштап «Ачык көӊүл балдарбыз» деген балдардын телеберүүсүнө катышкам. 5 жашымда Алина Жетигенованын кызы Азель экөөбүз апамдын «Ак кайыӊ» деген ырын ырдап эфирге чыкканбыз. Өтө тентек болчумун, гастролдо жүргөндө көп жолу жоголуп кетип апамдын жүрөгүн түшүргөм.
Апам гастролдоп жүргөндө концерттен кеч келип, түшкө чейин уктачу. Алар уктап жатканда Азель экөөбүз боёкторун чачып, көзү-башыбызды боёп, бутубузга апабыздын туфлисин кийип алып булакка кетип калдык. Кечке чейин суу болуп баткакта ойнодук. Апам уйкудан ойгонсо биз жок, издей берип чарчаптыр. Бир маалда булакка келип кийимдери суу, чимкириги аккан бизди көрүп ыйлап жиберди. Катуу коркуп калган экен, ошондон кийин мени гастролго алып барбай, таенеме таштай турган болду. Азель экөөбүз сахнанын көшөгөсүнө оронуп уктап чоӊойдук. Апам мени Шубин атындагы музыкалык мектепке окутту. «Андан ары музыканы улант» десе болбой, юридикалык тармакты тандап алдым.

Алина Жетигенованын уулу Азиз Жетигенов: «ГАСТРОЛЬ, КОНЦЕРТТЕРДЕН АЯБАЙ КӨӉҮЛҮМ КАЛГАН»
– Мен эс тартканы гастроль, концерттерде жүрүп аябай көӊүлүм калган. Январда гастролго чыгып, ноябрда кайтып келген учурлар болгон. Анан да автобус менен жолдо жүрүү көӊүлүмө көк таштай тийген. Кичинемден ылгап тамак жегендиктен, кээ бир айылдарда үй ээси жасаган тамакка табитим тартпай, ачка жүрө берчүмүн. Бир жолу апам «Азиз ачка болду» деп мени райондун борборуна алып барып манты алып берди. Аябай ачка болгондуктан шашып тиштей салсам ысык экен, оозум күйүп калган. Жиним келип мантыларды ыргытып салып эшикке чыгып кеттим.
Ал кезде жаш баламын да, апамдын жумушун түшүнбөптүрмүн. «Апам талаалап жүрө берет, бизге көӊүл бөлбөйт» деп аны жаман көрүп ыза боло берчүмүн. Азель 5 жашында апам менен дуэт ырдап чыккан. Апам биринчи ырдап сахнага чыкса, Азель 2-куплетин ырдап чыкмак. Биз карындашымды жасантып, чачына бантик тагып чыгарчубуз. Бир концертте сонун кылып кийинтип, бутуна туфлисин унутуп калып кир, чоӊ тапичке менен чыгарып жибериптирмин. Апам ырдап жатып Азелдин бутун карап элден уялып жаман болуп кетсе, Азель ансайын бутун көтөрүп көрсөтүп жатпайбы, ушуну кийгизип койду дегенсип. Элдин ата-энеси конокко жөнөөрдө балдары ээрчисе «доктурга барам» десе токтоп калышат го. Биз болсо апам концертке барам десе ээрчибей үйдө калып калчубуз.

Динара Акулованын кызы Малика Дина: «ПАМПЕРСИМ МЕНЕН САХНАГА ЧЫККАМ»
– Апам гастролго чыгарда Мэри, Гүлмира эжелерим менен кошо мени да алып алчу. Күндүз тамак жасап курсагыбызды тойгузуп, кийимдерибизди жууп, кечинде концерт башталганда көшөгөнүн артына уктатып койчу. Күнүгө сахнанын артында жатып апамдын ырларын уга берип мээме сиӊип калыптыр. Анын айтуусу боюнча, тилим чыкканда эле ар бир ырын жатка билип калган экем. Мэри, Гүлмира эжелерим мени коляскага салып сүйрөп жүрүшчү. Эки колумда дайыма упчусу бар эки бөтөлкө жүрөр эле. Бирөөсүндө сүт, экинчисинде муздак чай. Уктаганда ошол эки бөтөлкөмдү кучактап уктачумун.
Бир күнү мени чечинтип, памперс кийгизип, эки колума эки бөтөлкөмдү карматып уктатып коюптур. Катуу музыка чыкканынан ойгонуп кетсем апам сахнада ырдап жатат. Эки бөтөлкөмдү колума алып ага чуркап баратсам элдин баары каткырып күлүп жиберди. Ырдап жаткан апам мени карап эмне кыларын билбей катып туруп калды. Же мени албайт, чуркап барып жабышсам, сыр бербей ырдап бүтүп сахнадан чыгып кеткен. Апамдын ыр дегенде ичкен ашын жерге коюп, чыгармачылыкты аябай сүйгөн адам экенине баа берем.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Сахна артында чоӊойгон жылдыздардын балдары
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
AFRODITA-89
2015-09-07 10:24:32
Нурайым жакпайт мага Назарбаевда чапканын айтпай эле койсо болмок озун кыйын седип мактанбай, Маликанын кылыгы сонун болгонго памперчен болоколору менен сахнага чыкканын элестетип кулку келди
+6
nazi84
2015-09-07 14:51:53
Маликаныкы кызык окуя экен. Кулуп атып боорум эзилип калды
+3
Ajar.
2015-09-07 15:36:46
Малика коляскада жүргөнүн, упчу эмгенин, памперс кийип жүргөнүн ж.б. эстесе, анда ал канчада болуп калат? Упчу менен сүт ичсе, коляскада жүрсө, памперс кийсе, анда кичирээк эле чагы болсо керек, 1,5-2 жаш. Же андан чоң болсо деле, мисалы, 3 жашында коляскага отуруп, упчу менен сүт ичип, памперс киеби?
А ошол кезин эстеп калса, эс тутуму укмуш го... Же азыркы балдар ушундайбы...
+5
azamat.k
2015-09-07 17:37:18
Ajar.,апасы айтып берсе керек да, аябай эле чон проблема болдуго сага
+2
Ajar.
2015-09-07 18:33:57
azamat.k, текстти шашпай,көңүл коюп окуп, ой жүгүртүп, анализдесеңиз, мен эмнени айткым келгенин түшүнөсүз деп ойлойм... Рахмат...
0
aku
2015-09-07 21:41:49
Ajar.,ха ха ха чын эле ошону эстеп калганын,чыгып барча апасы эмне кылаарын билбей катып калганын байкап койгонун ошол жаштагы кыз,укмуш.)))))
+1
kutucsha
2015-09-07 17:15:48
Эх балалык ))))
0
edik.toloikon
2015-09-08 01:14:49
Малика делай
0
Azura
2015-09-08 13:08:32
Курмангазы Азыкбаевге баа берем! кошуна турганбыз,мен озум деле кичине кезим,бирок эсте калган, алар биринчи этажда,биз алтынчы этажда турганбыз, аялы жок,озу эки баласын баккан!
+2
ZHaziko
2015-09-08 14:44:57
Малика молодец
0
sher.
2015-09-09 03:04:05
Нурайым аябай таланттуу, турмуштун ойдо-ылдыйын билген кыз деп ойлойм.
+1
akzuura
2015-09-10 13:18:08
Маликанын убагында памперс жок болсо керек элего!памперс чыкканына билишимче 10жыл болдуго же мен 10жыл мурун уксам керкк у
+2
elika86
2015-09-12 20:52:06
Маликанын бойунда бар екен деп жатат еле ошол чынбы
0
BAGIROCHKAA
2015-09-15 11:28:19
elika86,даа она скоро родит
0
Aiym
2015-09-28 19:48:31
Эльмирбекбайкенин кызы эстуу, суйлогон созу орундуу, тарбиялуу кыз болупчонойгону корунуп турат. азамат!
0
№ 670, 4-сентябрь-10-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан