Ырчы Айпери Кулбаева Майрамбек Осмоновдун «Куда күтүү» аттуу ырын жаӊылап ырдап чыкты.
Акбар Сүйүнбаев зордук-зомбулукка каршы чакырык жасаган, тарбиялык мааниси тереӊ «Ак тилек» аттуу ыр жаздырды.
Ширин Сарыгулова «Урпагыбыз Манастын» аттуу ырына клип тарттырып бүттү.
Режиссёр Темир Бирназаров Мыскал Өмүрканованын 100 жылдыгына арналган даректүү фильм тартты.
Кыргызстандык режиссёр Дальмира Тилепбергенованын «Асман алдында» аттуу тасмасы 27-августтан 7-сентябрь аралыгында Монреалда өткөн «Дүйнө тасмаларынын фестивалы» (World Film Festival) кинофестивалынын лауреаты болду.
Актёр Назым Мендебаиров «Мунабия», «Жамгырдан кийин» аттуу тасмаларда роль жаратып жатат.
Ырчы Съездбек Искеналиев эми продюсер Арсен Мендебаевдин канаты астында иш алпарат. Чыгармачылыгынын мындан ары өсүшү үчүн ырчы продюсерге чогуу иштешүү сунушун киргизгендигин айтты.
Ырчылар Динара Акулова менен Нурлан Насип 10-сентябрда туулган күндөрүн чогуу белгилешти.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.