СИРЕНЬ ГҮЛДӨГӨН МААЛДА

(Башы өткөн сандарыбызда)

Ошол күндөрдө бир топ оңолуп калган апам кыраакылык кылып менин абалымды байкап койду:
– Чөгүп кетипсиң да эркем,- деди чачымдан жыттап. Үн катпай телмирдим. Апам мени таарынып жатат деп ойлоду окшойт:
– Кызым, ким дедиң эле?
– Ким?- дедим чочуп, кимди сурап жатканын билсем да.
– Менин болочок күйөө баламдын атын. Өзүң айттың го, бири-бирибизди жакшы көрөбүз, бир болууга чечим чыгардык деп.
– Апа...- деп мен эмне айтарымды билбей кайсалактадым.
– Ошентели дегенбиз, бирок сиз каршы болсоңуз ага турмушка чыкпай деле коём.
– Мен эмнеге каршы болоюн. Силер бир болууга чечим кылсаңар, мен бактыңарга бут тосуп, колуңарды үзгүм келбейт.
– Апа, ойлосом жерибиз алыс экен. Дагы ойлонуп көрсөмбү деймин.
– Кызым, мен улгайып калсам да түшүнөм. Сүйүү Алла Таалам насип кылган ыйык тартуулардын бири. Аны булгоого, кыянаттык кылууга, кор кылууга болбойт. Бирок биз атаң экөөбүз сүйүшпөй этпей эле баш кошконбуз. Кудайга шүгүр, жаман болгон жокпуз. Муну айтсам ал заман өттү-кетти дээрсиң. Аны жакшы бала деп айттың, сенин да акылың зирек, жакшылап байкагандырсың ?..
– Ооба, кечээ айттым го... Жакшы бала деп. Апа, башка маселени сүйлөшөлү, -дедим сөздү башкага буруп.
– Мейли, бактылуу болсоң болду. Мага сенин бактың керек.
“Апа, биз бактылуу болбой калдык, ал башка кызды... Мен жаңылып калдым” деп айта албай ого бетер телмирдим.
Эртеси Бактиярдын досуна кайра чалдым.
– Кажы, Бактиярдан кабар барбы?
– ...Өзү менен сүйлөш, азыр жанымда.
– Ыя...
Мен чочуп кеттимби же кубанып кеттимби билбейм. Телефондон Бактиярдын үнү угулду:
– Салам!
– Бактияр, эмне болду, эмне кылып жүрөсүң?
– Эмне болмок эле, укканың болду,- деп ал кош көңүл жооп берди.
– Кантип, менчи, мен кантем, Бактияр?!
Ызама чыдабай ыйлап жибердим.
– Жаным, койчу өзүмдүн да башым катып кыйналып турам,- деп ого бетер ызалантты.
– Апам катуу ооруп калды, абалы оор,- дедим дагы да болсо ага эреркеп. Ал мени аяп кетти окшойт.
– Малика, ыйлаба баары жакшы болот.
– Ар дайым ушинтип сүйлөйсүң, анан ушул кылганың жакшыбы?!
– ...
– Угуп кой, эртең сага барам. Баарын көзүм менен көрмөйүнчө ишенбеймин.
– Малика, жаным, тамаша кылып жатабыз, келбе. Сен айтканыңдан кайтпаган өжөр элең, келип калба. Мына, аз күндө каникул бүтөт, анан шаардан жолугабыз,- деп тызылдай кетти.
– Барам дедимби барам.
Мен сөзүмдөн кайтпай туруп алдым.
– Жинди болбо, мени укчу элең го. Балдар сени сынап көрөлү деп тамашалашты. Кантип ушуга түшүнбөйсүң? Сен да айтчы тамаша кылдык деп, ишенбей жатат, каяктан бул тамашаны баштадык эле,- деп телефонду досуна берип койду.
– Малика, биз тамаша кылганбыз. Ишен, сени сүйөбү же сүйбөйбү деп сынаганбыз. Ошого ушунча болосуңбу? Мейли, калганын шаардан чечишип аларсыңар,- деп досу да мени тынчтантты. Телефонду коюп салдым. Бул чындыгында азил экенине канчалык кубанганым менен, сиркем суу көтөрбөй жүргөн учурда Бактиярдын мындай тамашасы жакпай калды. Бул окуядан кийин көпкө чейин келише албай, тамашасы таарыныч менен аяктады. Ошентсе да күндөр өтүп, бири-бирибизди кыя албай бир топто барып жараштык. Алтургай мурдагыдан да жакын, ого бетер ынак болуп кеттик...
...Күн уясына батып, караңгы түшө баштады. Биз палатага кайттык. Уколубузду алып, кечки тамакка отурдук. Малика тамактануудан баш тартып жатып алды. Эже аны ой-боюна койбой тургузууга аракеттенип:
– Малика, өзүң акылдуу эле кыз экенсиң. Туруп-туруп эле пейилиң бузулуп кетет. Бул эмне кылганың? Тамак ичкиң келбей жатса да биз менен бирге отур. Кел, жок дегенде бир чыны чай ичип ал,- деди. Эженин сөзүнөн кийин ал көңүлсүз катарыбызга кошулду. Бирок жарытылуу эч нерсе жеген жок.
– Жигитиң барбы?- деди Малика бир убакта мага кайрылып.
– Кандай десем... Бирөө менен мамиле куруп жүрөм, бирок азырынча бир чечимге келе элекпиз.
– Эже, сизчи, жолдошуңузду сүйүп тийдиңиз беле?
– Каяктан, мектепти бүтөрүм менен ала качып алган. “Таш түшкөн жеринде оор” болуп отуруп калгам,- деди өткөн күнүн эскерип.
– Көшөгө ичиндеги алгачкы күндөр бир башкача дүйнө, өзүнчө бир кереметтүү жашоо болсо керек ээ?- деди Малика.
– Эмне... Сен... Силер Бактияр экөөңөр үйлөнбөй калдыңарбы?- деп эже мукактанып сурады.
– Кеп бир четтен кеткени жакшы. Анда аңгемемди улантайын,- деди. Баарыбыз дасторконго бата тилеп, маектешүүгө уй мүйүз тартып отурдук.
Бул жаңы окуу жылында Бактиярдын Канат деген классташы Жалал-Абаддан которулуп Бишкекке окуганы келди. Анын башка университетте окугандыгына карабастан, Бактияр биз жашаган жатаканадан жай алып берип, бирге жашап калышты. Айылда жүргөн жакын курбум Тилла мага айылдагы ар кандай ушак-сөз, көр тиричиликтен тажаганын, эгер жардам берген адам болсо ал да шаарда окугусу келерин айтып кат жазган эле. Ага боорум ооруп өзүм окуган окуу жайга өтүүсүнө жардам бердим. Ал кезде өзүм магистратураны жактап, диплом алган мезгилим эле. Бирге жашаган кыздар ар жакка кетип жалгыз калганым үчүн аны менен бирге жашап калдым. Ананчы, алыскы айылдан атайын мага ишенип келсе, апасы да кайра-кайра мага ишенерин айтып дайындап жатса, ишеничтерин актагым келди. Колумдан келишинче жардам берүүгө далалаттандым. Дос-тууган десе жеген ашын жерге койгон ак көңүл Бактияр болсо Канатты бөпөлөп, көзүнө карап аябай кастарлайт. “Ак көңүлдүн аты арыбайт, аты арыса өзү жарыбайт” болуп ошондо акыр түбү кандай болорун билсек, мындай кылбас белек ким билет?
Эми экөө эмес төртөө болуп калдык. Менин баамымда акыркы күндөрдө Канат менен Тилла өз ара мамиле түзүп алгандай. Тилланын өзүнөн сурасам унчукпайт.
– Тилла, сен менин курбумсуң. Жашырбай ачыгын айт, Канат менен мамилең барбы?- деп мен аны кепке тарттым.
– Эмне, менин эч ким менен мамиле түзүүгө акым жокпу?! Ал мага таарына сүйлөдү.
– Кеп анда эмес, силердин мамилеңер мага башкача сезилип жатат. Сен күйөө көрүп турмуштан чыккан келинсиң.Ал бир үйдүн жалгыз эрке баласы, үйлөнгөн эмес. Сенин да мага окшоп жашың улуу. Дагы бир нерсени унутпа, бул жерде турмуштан чыкканыңды эч кимге айтпа, Канатка да. Болбосо кеп-сөз тарап, жаманатты болосуң.
– Биз жөн эле дос болуп жүрөбүз. Сен Бактияр менен жүрсөң бир нерсе деп жатамынбы?!
– Бактияр экөөбүздүкү башка кеп. Анан калса бул жерде бизди «ушул кыздар кичүү балдардын башын айлантып жүрөт» дедиртип, сен да мага кошумча болбо. Ансыз да мындай сөздөрдү уга берип тажап бүттүм. Окуйм, иштейм, башкача жашоо баштайм дебедиң беле?.. Сен дагы эле башка жолго кетип жатасың. Канат менен бактылуу болуп кетишиңе, акыр-аягы жакшы болоруна ишенсең, каршылыгым жок!- дедим жиним келип. Ал унчуккан жок.

Жумагүл Жолматова

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 377, 22-28-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан