СҮЙҮҮМДҮ ЫРГА ОРОДУМ...

САГА
Майрамбек Тойгонбаев

Сенин сөзүң мен үчүн керек болуп,
Сүйүп калдым бир досум себеп болуп.
Тамчысынан сүйүүнүн куралгандай,
Тагылайын моюнуңа седеп болуп.

Салдың окшойт жүрөккө тузак-жалын,
Алдап сүйлөп, акырын узатпагын.
Жүргүм келет сени менен түбөлүккө,
Жаным, келчи боорума кучактайын!

Сен болбосоң тозок оту жанчудай,
Сезимдерим жакшы ойлорду танчудай.
Кан айланбай каректерим карарып,
Кайран жүрөк сенсиз токтоп калчудай.

Жаралыпсың сүйүүдө сараң болуп,
Дарылачы жүрөктү дабаам болуп.
Сени сүйүп, катуу ооруп калган кезим,
Карап турчу жанымда караан болуп.

Сен гүл болсоң турайын жериң болуп,
Ак сүйүүдө жайкалган эгин болуп.
Айдай болуп асманда жүрө бербей,
Жерге түшчү жанымда перим болуп.

АЙТЫЛБАГАН МАХАБАТ
Асек Казиев

Болсо да татынакай алган жарым,
Негедир бир сенчелик сүйө албадым.
Жалжалым, жоодураган элесиңди,
Жоготпой жүрөгүмдө жүрөм баарын.

Сен менин жыпар жыттуу гүлүм элең,
Сен менин жадыраган күнүм элең.
Сезимдин түпкүрүнөн өнүп чыккан,
Секелек эң алгачкы сүйүүм элең.

Билчүмүн сен да мени сүйөрүңдү,
Болбосо неге бердиң сүрөтүңдү?
Албырып араң жатып сундуң эле,
Артына тартып коюп жүрөгүңдү.

Жалжалым, аман-эсен жүрөсүңбү?
Жоодурап баштагыдай күлөсүңбү?
Жолумдан жолугушуп каламбы деп,
Жоготпой сактап жүрөм сүрөтүңдү.

Ойлонуп сактап жүрүп ушул сырды,
Өткөрдүк ортобуздан отуз жылды.
Жаш кезде жетпей калган махабатым,
Бар бол деп, сага арнадым ушул ырды.

ЖАЛГЫЗ ТЕРЕК
Алтынбек Исмаилов

Сүйдүм сени, жолдоштукка тандадым,
Сөз айталбай бир топ мезгил жандадым.
Өзгө адамды жактырарың укканда,
Өлө жаздап, өзүмдү араң кармадым!

Билбейм, кантип жаратымды бүтөймүн?
Билик жандын өрт алышын күсөймүн.
Куу жыгачтай болгон менен кебетем,
Көөдөн быкшып, чычаладай түтөймүн!

Жүрөгүм таш, мен сүйүүгө сенекмин,
Жалбыраксыз жалгыз калган терекмин.
Сөңгөгүмө шынаа кагып кууратпа,
Сенден башка адамга да керекмин!

Жолоочудай күндө сага кезигем,
Жарам ырбап, көргөн сайын эзилем.
Өзөк жанды мите курттай кемирип,
Өзүмдү-өзүм жеп жаткандай сезилем!

ТҮШҮМӨ КИРДИҢ БҮГҮН...
Алтынай Ормотоева

Түшүмө кирдиң бүгүн түн каткан жолоочудай,
Өңүң да азып калган оорукчан ойлорумдай,
Терметсе сагынычтар, алдейлеп үмүт менен,
Санаалар айылымдын чаң баскан жолдорундай.

Күтпөгөн чоочун жандай, күбөсү болуп кечтин,
Түнүмө конок болуп, түшүмө кирдиң менин.
Жаңырган жаңырыктай бир саамга болсо дагы,
Жаш билбес карегимде жашагың келет сенин.

Түшүмө кирдиң бүгүн эски бир таанышымдай,
Керек жан дечү элем, жүрөктүн кагышындай.
Сезилчү арзуу анда, үмүткө суутулган,
Аламан байгедеги аргымак жарышындай.

Көрүнчү анан дагы шүүдүрүм карегиндей,
Тумардай ыйык эле сактаган адебимдей.
Алыс да, бирок жакын бир көргөн түшүм өңдүү,
Ал күндөр азыр мага үзүлгөн седебимдей.

Аялуу жароокерим, түшүмө кирдиң бүгүн,
Аянын күткөн жүрөк, барарын билгин бир күн.
Ооруган жандай алсыз, онтогон ойлор менен,
Бактысыз күндөрүңдү бактылуу кылыш үчүн.
Аянын күткөн жүрөк, түш болуп барат бир күн,
Бактысыз өмүрүңдү бактылуу кылыш үчүн...

ЯНВАРДАГЫ КАР ДҮЙНӨ
Афина Бакирова

Бүгүн кандай январдагы кар дүйнө?
Сейилимди күттүң беле бул түндө?
Күздөн түшүп, кыш ийнине таяндым,
Элегинен өттүм жакшы замандын.
Муз жыттанган сейил бакта кайыкпай,
Гүл жыттанган бир сүйүүдөн жай алдым.

Быйыл кандай январдагы кыш дүйнө?
Сейилимди жактырдыбы бул түндө?
Сейрек жаандай аруу болдум сезимге,
Серт күндөрдүн бирок баары эсимде.
Кар колдоруң жолуктурду колумду,
Мүрөк сууга жүрөк жууган кезимде.

Эми кандай январдагы ак дүйнө?
Аяз беттен тоңбой жаштар акты эмне?
Тутам сүйүүм ала качып тагдырды,
Тун болбосо деле бакыт атты эле.
Сүйүнчүлөп сүттөй коюнуң дуулдатып,
Сүйүнүчтөн өз дүйнөмдү ыйлатып.
Кайтчу күндү эч бир, эч бир эстебей,
Зирек жандан таап турам бир бакыт...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
alirun
2010-01-29 12:53:52
Алтынбек Исмаиловдун ыр саптары жакты. Калемин курчуй берсин.
0
LIVER
2010-02-04 17:30:36
Майрамбектин ыры жакты жакшы жазыптыр. Афина менен Алтынайдын ырлары философиялык ырлар экен бир окуган киши тушунбойт...
0
jif
2010-09-21 14:49:21
Асек Казиевдин ырындай болгон, окуганда жан дуйнон толкуп, ырдагы саптар коз алдына тируу элес болуп тартылган поэзия саптарын издеп, окугум келип жургон элем.
0
ibragimkam
2011-06-18 16:20:56
Майрамбек Тойгонбаевдин ыры аябай сонун жазылыптыр уч торт жолу окусом да дагы окугум келип жатат
0
periwtem
2013-12-26 11:11:22
Баары абдан сонун,чыгармачылыгыныздарга ийгилик.
0
№ 377, 22-28-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан