Жаш экенине карабай көптөгөн сынактарга катышып, келечектен көптү үмүттөндүргөн таланттуу ырчы Айыма быйыл мектепти аяктап жатат. «Кыргыз тилин түшүнөм, бирок сүйлөй албайм» деген ырчы жеке жашоосу, чыгармачылыгы, келечектеги пландары тууралуу кеп салып отурду.
– Салам, Айыма! Эки ай мурун берген интервьюӊда «кыргыз тилин үйрөнүү үчүн кошумча сабак алып жатам» дедиӊ эле, бүгүн өз тилиӊде сүйлөп берет турбайсыӊбы?
– Саламатсыздарбы? Ооба, аракет кылып көрөйүн. Азыр концерт, мааракелерге чакыруулар көп болуп жаткандыктан ийримге кыйратып бара албай жатам. Ошентсе да кыргыз, англис тилдерин үйрөтүүчү ийримдерге жазылгам. Анткени быйыл 11-классты аяктап, АКШдагы жогорку окуу жайлардын бирине тапшырсамбы деп турам.
– Чет өлкөгө окууга кетсеӊ чыгармачылыгыӊ аксап калбайбы?
– Азыр апам экөөбүз ошол тууралуу ойлонуудабыз. Балким, ырларды жаздырып коюп кетем же ал жактан жаздырып анан жиберемби, айтор, бул маселени чечебиз. Азыр менин музыкалык билимим жок, жадакалса ноталарды да тааныбайм. Ошондуктан чет жактан музыка тармагында билим алсам дейм.
– Байкашымча, апаӊ сенин колдоочуӊ, эӊ биринчи продюсериӊ окшойт. Ата-энеӊ жөнүндө айтып берчи...
– Атам Кубанычбек Айылчиев МАИ кызматкери, апам Айнура Сагынбаева «Түндүкэлектр» ишканасында иштейт. Ал мендей кезинде ырдап, фортепианодо ойночу экен. Музыкалык мектепти да бүткөнүнө карабай ата-энеси каршы болуп ырдатпай коюшуптур. Ошондуктан менин ырдаганымды колдоп, кеӊеш берип турат. Үч бир тууганмын, эки иним бар. Улуусу Адил 12 жашта, мектеп окуучусу, кичүүсү Амир 6 жашта, бала бакчага барат. Инилерим да жакшы ырдашат. Өткөндө Адил «апа, мен да ырдап чыгам» деп чыгынды эле, апам «бир үйгө бир эле ырчы жетет» деп койду. Адил менен Амирди кичинесинен өзүм багып чоӊойтком. Апамдар каякка барышпасын мага ишенип таштап кетишчү.
– Үйдүн улуу кызы болсоӊ тиричиликке да бышык болсоӊ керек?
– Ооба, кадимкидей эле үй иштеринин баарын жасайм, үй жыйнап, идиш жууп, тамак жасап дегендей. Үйдө жалгыз болгондо ойдогудай жыйнайм. Көӊүлдөнсөм өзүмө жаккан тамак-ашты жасап коём. Көбүнчө торт, пирожное, печеньелерди жакшы бышырам. Бирок бирөө мажбурлап жумшаса, такыр жасагым келбейт.
– Анда мүнөзүӊ да оор окшойт...
– Мүнөзүм ачык болгону менен, өзүмдүкүн бербеген эркемин. Ошондой эле ашыкча эле өзүмдү сындап, өзүмдү өзүм жей бермейим бар. Кичине кезимде тентек болгон экенмин. Азыр, тескерисинче, жоошмун. Бир жолу кооз көйнөк кийип керебеттин үстүндө секирип бийлеп-ырдап жатып тоголонуп кетип, башым жылыткычка тийип жарылганга аз калган. Ошону ата-энем видеого тартып койгон экен, көрүп алып аябай күлдүк. Энергиям ашып-ташкан кыз болупмун.
– Энергияӊ ашып-ташса, өзүӊө сын көз караш менен көз салып турсаӊ мектепте да жакшы окуйсуӊбу?
– Мектепте 8-класска чейин жакшы окудум. Ырдай баштаганда сабактарды көп калтырып жетишпей калгандыктан «4» деген баалар да аралашып кетти. Бирок артта калбайын деп кээде тапшырмаларды алдын ала алып, жооп берип баа алып коём. Ырдаганымды мугалимдерим да колдоп турушат. Чыгармачылыгыма кызыгып, колдорунан келген жардамын беришет. Москвага сынакка жөнөгөндө мектебим акча чогултуп беришкен. Өткөн жылы Казакстанда бир долбоорго катышып, 1 жыл сабакка барган жокмун. Ал жактан келгенде сынак тапшырып, мугалимдеримдин жардамы менен кайрадан окуумду улантып кеттим.
– Алгачкы сүйүүгө кабылып көрдүӊ беле, негизи эле кандай жигиттер жагат?
– Алгачкы сүйүү башымдан өткөн. Классташ баламды жактырып, махабат даамын таткам. Азыр болсо жигит жандоо оюмда жок, ага убакыт да тар. Көӊүлүмдүн баары окууда. Жигитим мындай болсун, тигиндей болсун деп талап деле койбойм. Эӊ негизгиси мага жакса болду.
– Күйөрмандарыӊ да көбөйүп калгандыр, өзүӊдү жылдыз сезген учур болду беле?
– Чыгармачылыгымды сыйлагандар көп эле. Ошентсе эле өзүмдү жылдыз сезип, алардан бийикмин деп ойлогондон таптакыр алысмын. Ырдап коюп эле өзүн кыйын сезүү – бул акмакчылык. Анткени кимдир бирөө спорт жагына жакын болсо, айрымдар соода кылганга шыктуу, кээси кийим тиккенди жактырат. Ар бир адамдын өзгөчөлүгү бар. Ошол сыяктуу ырчынын алардан эч айырмасы жок деп ойлойм. Мен бат-баттан балдар үйүнө, майыптар үйүнө кайрымдуулук иштерин жасап барып турам. Аларды көргөн сайын тобо келтирип, жөнөкөй болуп, манчыркап көөп кетпегенге шарт түзүлөт.
– Өзүӊ орус чалыш кыз экенсиӊ, кыргыздын классикалык ырларын ырдаганга ким түрткү болду?
– Кичине кезимде «Ай, комузчу, комузчу» деп ырдаганым менен, жалаӊ англис, орус тилиндеги ырларга басым жасачумун. Чоӊ ата, чоӊ энемдин сунушу менен «Ак бата», «Атам менен энеме» деген ырларды ырдап калдым. Бул ырлардын текстин алгач окуганда айрым сөздөрүнө түшүнсөм, көбүнө түшүнбөй койдум. Анан маанисин которуп беришти, түшүнүп ырдап чыктым. Менин оюмча, эӊ негизгиси ырдын сөзү жакшы болуш керек.
– Ошондо чоӊ ата, чоӊ энеӊ да шаарда силер менен чогуу турабы?
– Жок, чоӊ апам Көлдөн, чоӊ атам Кара-Балтадан, таятам Алайдан, таенем казак кызы. Кара-Балтага чоӊ атамдарга бат-баттан барып турам. Мурун ал жактагы кыздар менен тоого чыгып мал кайтарып келчүбүз. Уй саап, анын астын тазалап жардамдашчумун.
Эне тилди жакшы билбегендиктен алар мага орус тилинде сүйлөшөт. Түшүнөм, бирок эркин жооп кайтара албайм. Чоӊ апам «кыргызча сүйлө!» деп урушат. Мен аларга жакын болгондуктан башка неберелеринен кызгана берем.
– Продюсер менен иштешүү планыӊда жокпу?
– Буга чейин продюсерлерден иштешели деген сунуштар түшкөн. Бирок апам макул болбой койду. Азырынча апам, менеджерим Мирзада үчөөбүз эле иштешебиз го. Учурда өзүмө кызыктуу образ, өзгөчө стиль издеп жатам.«БУЛ ДА МЕН ЖӨНҮНДӨ»
Замира Рахманбердиева
star@super.kg