Өткөн сандарыбызда жер шарын кыдырып, саякаттап жүргөн Руслан Токочев жөнүндө жазганбыз. Ошол учурда ал 13-мамлекетте саякатын улантып жатканын айткан болчу. «Дүйнө жүзүн айланып чыгуу – балалыктан бери багып жүргөн кыялым» деген саякатчы 588 күндө 17 өлкөнү кыдырып, 91 637 чакырым аралыкты артка таштап Кыргызстанга кайтып келгени тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазды.