Данияр Эрматов, ырчы: «ОЮ ЖАМАН КЫЗДАРГА УБАКТЫМДЫ КОРОТПОЙМ»

«Токто, жаным» аттуу ырым визиттик карточкам болду. Ошол ыр менен казак ырчысы атактуулугун арттырганы мен үчүн сыймык. Андан кийинки деле бир топ ырларым боордошторго сатылып, чыгармачылыгыма чоӊ стимул берип жатат»,- дейт Данияр Эрматов. Ырчы мырза азыр жеке жашоосун да жыйыштырып, ырларды жаздырып жүргөнүн айта кетти.

– Салам, Данияр! Сени эфирдеги жаӊы жылдык программаларга катышпайт экен деп уктук. Ага эмне себеп болду?
– Туура, быйыл жаӊы жылдык программаларга катышпайын деп чечтим. Ойлоп көрсөм, эфирге, сахнага кийген формага, бийчилерге оӊой эмес каражат кетет экен. Бул ирет ошончо акчаны пайдалуу жакка жумшайын деп карылар үйүндөгүлөргө керектүү каражат, буюмдарды сатып берүүнү пландап жатам.
– «Сахнага чыкканыма 3 жылдан ашты» деп жатасыӊ. Мурун сахна кандай көрүнчү эле, аралаша келгенде кандай экен?
– Мен деле ырчы боло электе кээ бир ырчыларга кат жазчумун. Алар кээде жооп берсе, кээде жооп берчү эмес. Көӊүлдөнбөй учурашып койсо, «бул ырчы да, мени тоготпой жатат. Жылдыз болуп кетти» деп ойлочумун. Эми өзүм да шоу-бизнеске аралашып, аларды түшүнүп калдым. Жаӊы ырдай баштаганда күйөрман кыздар аз болчу. Алар жазса, ар бирине жооп берип турчумун. Бара-бара күйөрмандардын саны көбөйүп, баарына көӊүл бурганга үлгүрбөй калдым. Азыр социалдык тармактарда миӊдеген каттар бар, бириндеп окуганга жетишпейм.
Мурун ырчылар сахнага кооз кийинип чыгып, машина айдап жүрсө, атактуулардын жашоосу жыргал турбайбы деп кызыга берчүмүн. Чынында, андай эмес экен. Сахна артында урушуп, канча кыйналсаӊ да, эл алдына күлүп чыгыш керек болот. Бул деле оӊой эмес. Эч качан асмандан түшүп эле ырчы боло калбайт экенсиӊ. Мурда ырчылыкты хобби катары кабыл алсам, азыр кесибим деп айтам.
– Күйөрман кыздар көбөйгөн сайын аларга байланыштуу окуялар да көбөйсө керек?
– Туура, ар кандай күйөрман кыздар болот. 1000 кыз жазса, анын 500ү жолугалы дегендер. Жолугуп деле көрдүм. Кээ бири белектерин беришет, кээ бири ырларын берет дегендей. Чектен ашып кеткендери болбойт. Анткени жаман ою барларды алдын ала билип, аларга убактымды коротпойм.
– Сени «продюсери менен мушташыптыр» деп укканбыз. Деги эле маселени эркектер арасында кантип чечесиӊ?
– Эгер мушташсак, уялбай эле айтмакмын. Мен кыз менен мушташкан жокмун да. Бирок мушташка чейинкилер болгон, урушканбыз, талашканбыз. Түшүнбөстүктөр көп эле болду.
Ал эми ырчы болуп элге таанылганга чейин балдар менен келишпей калсам эле муштумумду түйүп кирчүмүн. Азыр анын пайдасы жок экенин түшүндүм. Канчалык жиним келсе да, сабырдуулук менен өзүмдү басканга аракет кылам.
– Кандай адамдарга туш болдуӊ?
– Чыгармачылыкта жүрүп бир көрүп эле дос болуп алгандарды көрдүм. Ырчылыгыма кызыккандарды, бат эле өзгөрүп кеткендерди, мага башкача, жөнөкөй адамга башкача мамиле кылгандарды көрдүм.
– Казактар менен ыр алышып-беришип жүрөт элеӊер...
– Азыр 18 ырым бар. Анын 8ин казак ырчылары алышты. Анын биринчиси «Токто, жанымды» Кайсар Кукишовго бекер бергем. Калганынын баарын саттым. Кукишов «Токто, жаным» деген ырым менен популярдуулугун арттырып, Казакстандын бир нече жеринде ырдын аталышы менен концерт коюптур. Ал эле эмес, аталган ырдын 2-бөлүгүн жаздырып, «ошону сен да ырдап чыксаӊ болот» деп мага сунуштап жатат. Андан кийин катарынан ырларымды саттым. Эӊ арзаны 300 доллар болсо, кымбаты 1000 долларга бааланды.
– Боордоштордун кызыгуусун арттырган ырлар кантип жаралууда?
– Мен дайым изденүүдө жүрөм. Ырларга идея деле турмуштан алынат. Мисалы, акыркы «Адам бойдон калгын өзгөрбөй» деген ырым Орозо учурунда чыкты. Себеби адамзат Орозодо ыймандуу болуп, Рамазан айы бүткөндө анын баарын кайра эле унутуп калат экенбиз. Ошолорду ойлонуп, ушул ыр жаралды.
– Бойдок жигиттин жеке жашоосун сурап кетпесем болбос...
– Азыр жүрөгүм тыныгууда дебейминби (күлүп). Учурда чыгармачылыкка көбүрөөк көӊүл буруп жатам. Сүйүү башына келип, жабыркап жүргөндөрдү көп көрөм. Мен да ошентип калыштан корком. Ошондуктан азыр жеке жашоону биринчи планга койбой турайын деп чечтим.
– Келечекке көз чаптырып көрбөйлүбү. Дагы 10, 20 жылдан кийин да өзүӊдү сахнада көрөсүӊбү?
– Буюрса, 10 жылдан кийин деле азыркыдай элге жаккан ырларым чыгып, сахнада жүрсөм керек деп ойлойм. 20 жылдан кийинки жашоомду айта албайм. Балким, келинчегим чыгармачылыгыма каршы чыгып калса, үй-бүлөнү тандап кетермин.

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
“Ал кыз мени бир тууган агасындай көрөт” дейт Данияр Эрматов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
Bek94
2015-12-07 15:57:49
Ырды да ошончо кымбат сатабы
0
Kunbeken
2015-12-07 16:13:20
Жонокой акылдуу жигит ийгилик!
+4
Ago
2015-12-07 18:49:42
Ырчы болдун утуш сеники БИНГОООО
+1
aylin.kg
2015-12-07 20:51:06
Ишенизге ийгилик супер.
0
Meer
2015-12-07 21:55:39
Мен ушул баланы бир ырчы баланын уйлонуу тоюнда коруп аябай жактыргам. Башка ырчылар оздорун корсотуп койшондоп журушсо, Данияр жылмайып коюп турган. Ушунчалык жонокой, аябай жылдыздуу бала экен.
+4
BEGIMKYZYM
2015-12-08 09:29:19
эч кандай жасалмасы жок орундуу суйлойт.мен бул жигиттин сахнага жаны чыгып келе жаткандагы маегинде эле тв дан коруп жакшы ырчы болгудай деген элем.озгорбоптур.молодец чыгармачылык ийгилик жонокойлук адамдын жылдызы деп койот эмеспи жонокой таза дилинди жоготпой, озун максат кылгандай КРнын эмгек синирген эл артисти бол келечекте
+1
jama9210
2015-12-08 12:48:55
Ооо Данияр молодец абдан жопжонокой бала. Ар дайым кулуп журот учурашып турат, абдан сыйлайм ушу баланы))
0
ailam14
2015-12-08 19:18:02
ийгилик каалайм
0
AFRODITA-89
2015-12-08 22:31:53
башкаларга кандай окуп корбодумго бирок мага аябай жагат ушул жигит, ырлары отто сонун жаралат ар бир ырын жадабай угуп келем коп ырлары менен ооруп да калам, ырдаган адам ушинтип майын чыгара ырдап, ылайыктуу клип тартса эле оз ордун табат! Азаматсын Данияр сенин ар бир ырынды суйуп уккан куйорманын!!!
+1
Afina
2015-12-09 00:11:29
жараткан оюнузду ишке ашырып, ошол карылардын батасы тийсин. Дагы да коптогон ийгиликтерди каалайм! абдан жонокой, жагымдуу экен!
0
Gulnaz.GS
2015-12-09 15:18:09
Жакшы жонокой экен.бирок бир да ырын билбейм
0
Ledi89
2015-12-09 19:02:34
Карылар уйуно жардам берем дегени аябай жакты. Ушундай жигиттер кобоё берсин.
+1
bakaika
2015-12-10 21:43:35
Ийгилик каалайбыз, коп коп ийгиликтерди багындырып келебер.
+1
jamal1993
2015-12-12 12:04:37
Магада аябай жагат,бир жолу кафеден досум экообуз тамактынып олтуруп бизден ары жактагы столдо Данияр достору менен олтуруптур,коруп баргым келди жанына,анан ал чыгып кеткенде артынан чыктык артында басып баратам эч баралбайм уялып,ал болсо машинасына тушуп кетип калды барсак болмок деп аябай окунгом ошондо.
0
Symbaaatik
2015-12-15 15:05:12
men bashynda jaman korchum uwu yrchyny birok tokto janymdy aianbai ukkam jany chykkanda a azyr bolso sosialdyk tuiundorundo bolushkon janylyktaryn korup kalyp jurup jonokoi adamdai sezilip kaldy anan bilbeeim
iigilik sizge...
0
№ 683, 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан