ДЖИ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Бүгүн ооруканадан анализдерди алып коёлу, ээ?
– Жанар, Адилетти эмнеге урдуӊ?
– Кайдан билдиӊ? Ал сага бир нерсе дедиби?
– Жок, бирөөлөр айтышты.
– Оозуна алы жетпегендерге ошондой эле жарашат.
– Ал эмне, мен жөнүндө бир нерсе дедиби?
Жанар үндөгөн жок.
– Анализдердин жыйынтыгын алалы,- деп сөздү бөлдү. Окуу жайдан чыгып бир аз басканда эле Адилет топтошкон балдар менен тосуп чыкты.
– Экөөбүздүн сөзүбүз бүтө элек.
– Адилет, азыр Аруукени жеткирип анан келем, макулбу? Эркексиӊби, күтүп тур!
– Эй, сен өзүӊө өтө эле ишенет окшойсуӊ, ээ? Желиӊди чыгарып коюш керек экен. Адилет менин иним болот. Мунун башынан бир тал түшүргөн киши менин душманым. Мен сени жейм, түшүндүӊбү?!- топтун арасындагы олбурлуу кара жигит Жанарды жөөлөдү.
– Адилеттин байкеси, биринчиден, иниӊди эркек кылып тарбияласаӊ болмок. Экинчиден, кызымды узатып коёюн. Сага келип жолугуп кетем.
– Жанар, теӊелбечи, бас кете берели!- Арууке сөзгө аралашты.
– Чоӊ кыз, бүгүн сенин жигитиӊди үйүнө жибербейм. Бар кете бер!- олбурлуу неме Аруукени карап кекенди.
– Эй, жигит, антип сүйлөбө, ал кыз. Мен жеткирип коёюн, анан келем.
Жанар 10 чакты баланы аралап Аруукени жетелеп жөнөдү. Капыстан Адилет Аруукенин колунан кармап калды.
– Сойку, бүгүн жигитиӊди жер менен жер кылам. Бул сөздөн кийин Жанар бурулду да, Адилетти ээк талаштыра муштап жиберди. «Кач!» деди Аруукеге. Жанар балдардын арасында калып калды. Аруукени ары жулкуп, бери жулкуп четке чыгарып салышты. Ортодо Жанар улам жыгылып, улам тура калып бирөөнү муштап жатты. Бир маалда капысынан четте турган Аруукенин эсин жоготуп кулаганын байкап калды.
– Токтоткула, ал жыгылып калды!- бети-башына тийип жаткан муштумдарды сезбей, бошонууга аракет кылды. Бирок аны эч ким уккан жок. Кимдир бирөө аны башка катуу тээп жиберди. Көзүнө эч нерсе көрүнбөй калды. «Суранам, токтоткула! Кызга жардам керек. Ал жыгылып калды!»- Жанар Арууке тарапты жаӊсады. Өзүнүн алсыздыгына арданып ыйлай баштады. Тигилер дүпүлдөтүп эле тепкилеп жатышты. Жанар акыры сойлоп жөнөдү. Аркасына, башына, туш келген жерине эле ар кимдин соккусу тиет. Эптеп Аруукеге жетсем дегенде эки көзү төрт. Капыстан бирөө «качтык!» деп кыйкырды. «Азыр жетем, Аруш, азыр» ый аралаш сүйлөнүп, сойлоп келе жаткан Жанарды Адилет болгон күчү менен бет талаштыра тепти да, качып жөнөдү. Жигит Аруукенин колун кармаган боюнча эсин жоготту.

* * *

Жанар ооруканадан эсине келди. Жанында иниси отурган экен. «Арууке... Арууке, эмне болду?» деди дароо эле. «Байке, сиз 2 күн эсиӊизге келе албай жаттыӊыз. Деги эмне болду эле? Апама эч нерсе айткан жокмун. Милиция кызматкерлери да сиздин көз ачышыӊызды күтүп жатышат» деди иниси. Жанар турууга аракет кылып, бирок анысынан майнап чыкпады. Көӊүлү айланып, өзүн жаман сезип кетти. Таптакыр алы калбаптыр.
– Анарбек, телефонум кайда?- иниси телефонун сунду. Дароо эле Аруукесине чалды. Бирок кыздын телефону өчүк экен.
– Жанар байке, деги эмне болду эле?- деди Анарбек тынчсызданып. – Бул жакка Адилет деген группалашыӊыз да келген. «Ойгонсо чалып кой» деп жаткан болчу.
– Чакырчы.
Аз өтпөй күнөөлүү түрдө башын салып Адилет кирип келди. «Тууган, кечирип кой. Ачууга алдырып коюптурбуз. Милицияга арыз жазба. Мен дарыланганыӊды төлөп берем» деп кирип-кирбей жатып чебелектеди.
– Сенин үстүӊдөн арыз жазыппы? Эй, чөө! Экөөбүз башкача сүйлөшөбүз!- Жанар ызырынып алды. – Арууке кайда?
– Аны башка ооруканага которуп кетти дешти го. Ал эч нерсе деле болгон жок.
– Аруукеге бир нерсе болсо, сени тирүүлөй жейм!
Жанар ооруканада дагы 2 жумадай жатты. Арууке башка ооруканада 2 күн жатып эле чыгып кеткенин Адилет айтып келди. Бирок ал эмнегедир бир да басып келген жок. Телефону дагы деле өчүрүлүү. Сабактарына да барбай жатыптыр. Муну да Адилет айтып келген. «Эӊ башкысы, аман болсо болду» деп ойлоду. Ооруканадан чыккан күнү эле ал Арууке жашаган көп кабаттуу үйдүн короосуна барды. Кайсы кабатта, канчанчы батирде жашаарын билбейт. Балким, чыгып калабы деп короодо түн киргенче отурду. Бирок Аруукеден кабар жок. Ошол короодо жашаган 2-3 кишиден сурап көрдү. Бири да тааныбайт экен. Жанар ал күндүн эртеси да көп кабаттуу үйдүн короосуна келип күтүп отурду. Акыры ар бир кабатты кыдырып сурап чыкмакчы болду. Тепкичтер менен өйдө чыкканда башы лакылдап ооруп жатты. Ага да кайыл. Биринчи кабаттагы 3 каалганын бири да ачпай койду. Экинчи кабаттагы батирлердин биринин эшигин ачкан кичине кыз «Арууке эже төртүнчү кабатта жашайт» деп Жанарды кубандырды. Канчанчы батир деп сурабастан эле шаша-буша төртүнчү кабатка көтөрүлдү. Бет маӊдайындагы эшикке барып коӊгуроосун басты. Аз өтпөй колуна наристе көтөргөн жаш келин эшик ачты.
– Саламатсызбы, Арууке ушул үйдө жашайбы?
– Жок, биз аларга коӊшубуз. Алар тигинде жашашат. Бирок үйүндө жок го дейм. Келбей жатышканына көп болду. Атасы, апасы анан Арууке эле жашайт да. Үчөө теӊ жок
го.
– Кайда кетишкенин билбейсиз да, ээ?
– Жок.
– Рахмат сизге!- шаабайы сууй түшкөн Жанар Арууке жашаган батирдин коӊгуроосун басты. Эч ким чыккан жок. «Аман болсоӊ экен, берекем» тепкичтер менен ылдый түшүп бара жатып уйгу-туйгу ойлорго кептелди. Эч нерсеге көӊүлү чапкан жок. Көп кабаттуу үйдөн чыгып, лапылдап жаап баштаган карга карабай жай басып кете берди. Көкүрөгүндө түшүнүксүз боштук пайда болду. Сагыныч, кусалык, ошол боштук жигитти чүнчүтүп жиберди. Эркек башы менен ыйлагысы келди. Жакшы эле өзүн кармайын десе да, бир убакта көзүнөн жаш куюлуп кетти. Шаша-буша жашын аарчып жиберип, өзүн алаксытууга көктү карады. Жылдыздар көрүнбөйт. Катар тизилген көчөдөгү жарыктын шооласына чагылышып түшүп жаткан кар бүртүктөрү да маанайын түшүрүп жиберди. Балким, Аруукеси жанында болгондо алар бул көрүнүштөн кооздук, сулуулук издешмек. Бирок кыз жок. Жанар ансыз жашоонун түстүү жагын көрө албай калгандай.
«Ушул бойдон Аруукени көрбөй калсам эмне болот?» Күтүүсүз келген бул ойдон жигит чочуп кетти. Жок, ал ансыз жашай албайт. Ал бардык максаттарын, жакшы тилектерин, эртеӊкисин ошол бакыраӊ көз назик, эрке кызга эчак байлап койгон экен. Баарынан да Арууке тууралуу таптакыр кабар жок болуп жатканы жигитти жеп жатты. «Балким, ал мени таштап кеткен болсочу? Мүмкүн, мен ал үчүн жөн гана убактылуу оюн болгон болсомчу? Жок, көздөр кантип калп айтсын? Анын көздөрү калп айтмак эмес». Уйгу-туйгу келе калган жаман ойлорду алыс кубалады. «Балким, ооруп калгандыр… Бирок ал ооруканада эмес го. Ата-энеси да үйүндө жок экен. Кыязы, алар башка жакка кетишкен го… Бирок кайда?» Жооп таба алган жок...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
dasta
2015-12-07 10:42:48
Сууперчилер! Кообурок жазгылачы окуп канбай калтам
+3
Gulya.akbaralieva
2015-12-07 11:09:17
Бат эле олуп калабы кыз???
+1
Sm.nargiz00
2015-12-07 13:21:03
Аябай жакшы чыгарма экен кутуп окуйм. Арууке жакшы эле болсо экен((
+2
aizada15
2015-12-07 13:44:07
Не.болду экен Арууке
+1
iasmin
2015-12-07 14:27:36
Дагыы кутмой бир жумаааа
+1
Gulya21
2015-12-07 15:03:43
Супер көбүрөктөн жазгыла бара бара азайып кетип жатабы,Арууке аман болсунда экөө бири бири мн өмүрүн акырына чейин бирге болушсун
+3
Medina..
2015-12-07 18:16:59
Бечара жигит!Мени да биро ушинтип суйсо ээ,?))
+1
Jazim93
2015-12-07 18:46:48
Аруукеге не болду экен....журогумду ооруттуго.....же чет олкого дарылатканы алып
кетти бекен? Бир жума качан отот эми....
+2
Ayka0696
2015-12-07 20:15:09
Баргансайын кызык болуп баратат кобурот жазгылачы
0
ailam14
2015-12-08 00:39:03
байкуш бала
+1
Ryskulova
2015-12-08 03:59:39
Кызык эмне болоор экен эми
0
Zarger59
2015-12-11 17:03:08
Эмне мынча аздан жазасынар бир аптага куткон чейин бир жылдай болуп жатат.
0
Aisuluu160790
2015-12-11 23:03:06
Жигит менен кызга боорум ооруйт
0
ibragimkg
2015-12-12 00:58:35
Админ саламатсыздарбы мен ушундай аркандай темадагы сериалдарды окугум келет аны кайсы бодумдон таап окусам болот
0
admin_superstan
2015-12-14 16:32:08
ibragimkg, саламатсызбы!
Төмөнкү рубрикадан окуй аласыз:
http://www.super.kg/article/theme/217
0
Aisuluu160790
2015-12-13 20:45:46
Арууке олуп калат окшойт.
0
№ 683, 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан