ТҮРКИЯ МЕНЕН ОРУСИЯ ТИРЕШИ КЫРГЫЗСТАНДЫ КЫЙЫН АБАЛГА КАЛТЫРДЫ

24-ноябрда Түркиянын аба күчтөрү Орусиянын бомбалоочу аскердик Су-24 учагын абадан атып түшүргөн соӊ 2 өлкөнүн алакасы кескин начарлап, ансыз деле бычак мизинде турган дүйнөлүк саясий абалды курчутту. Түркия жана анын Батыштагы союздаштары Орусия өлкөнүн аба чектерин бузду, эскертүүлөргө көӊүл бөлбөдү десе, Орусия учак Сириянын аймагында болгонун, Түркиянын чегинен бир чакырым аралыкта учуп жүргөн кезинде атып түшүрүлгөнүн айтууда.

ТҮРКИЯГА КАРШЫ САНКЦИЯЛАР
Орусия окуяга реакцияны көп күттүргөн жок. Түркия менен Орусиянын ортосундагы визасыз режим 1-январдан тарта жоюлмакчы болду. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Ошондой эле Түркиядан келүүчү айыл чарба продукцияларына 1-январдан баштап чектөө киргизилип, Орусиядагы туроператорлорго аталган өлкөгө эс алуу турларын сатууга тыюу салынып, 2015-жылдын 1-декабрынан тарта чартердик авиаучуулар токтотулду.
Түркияга каршы санкциялар муну менен эле чектелген жок. Орусияда иш алып барып жаткан түркиялык компаниялардын ишмердүүлүгү да токтотулмакчы болду. Түркия мындай экономикалык санкциялардан чоӊ зыян тартары айдан ачык. Мисалы, 2014-жылы эле Орусиядан 3,3 миллион турист Түркияга эс алууга барган.

АТАМБАЕВ ЭКИ ОТТУН ОРТОСУНДА
Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары ЖККУга мүчө өлкөлөрдү, анын ичинде Кыргызстанды «аскердик-саясий өнөктөшүн колдобой жатышат» деп күнөөлөп чыгышты.
«Орусиянын аскердик учагын атып түшүрөрү менен Түркия НАТОго мүчө өлкөлөргө кайрылып, альянс тезинен жыйынга чогулду. Анкара «Орусия Түркиянын аба мейкиндигин бузду» деген айыптоосу боюнча союздаштарынын толук колдоосуна ээ болду. Ал эми ЖККУ боюнча Москванын союздаштары өз позицияларын конфликттен 2 күн өткүчө да билдиришпеди» деп жазды
Лента.ру агенттиги.
«Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кыйын абалда калды. Бир жагынан ал орусиячыл саясатчы катары белгилүү. Быйыл Кыргызстан ЕАЭСке мүчө болуп кирди. Экинчи жагынан Атамбаев түрк лидери Режеп Тайип Эрдоган менен жакшы мамиледе. Атүгүл президенттик шайлоодо Эрдоган утуп чыкканда анын жеӊишинин урматына уюштурулган митингде сөз сүйлөгөн. Орусиянын союздаштарынын чечкинсиздигин түшүнсө болот. Анткени Түркия ЖККУга мүчө өлкөлөр менен экономикалык бекем катыштары бар ири держава. Анын артында АКШ менен өнөктөштөрүнүн күчтүү колдоосу турат. Бирок баары бир
ЖККУга мүчө өлкөлөргө ким кас, ким дос экенин так аныктап алууга туура келет»
деп улантат Лента.ру.
«ЖККУга мүчө бардык өлкөлөр учактын атып түшүрүлүшүнөн улам келип чыккан Орусиянын Түркияга каршы аракеттерин түшүнөт» деп билдирди ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (44)
HUMMER
2015-12-08 15:24:45
Путин 1
+4
HUMMER
2015-12-08 15:25:55
Питин номер одинь дуйнодо
+4
Bekish-kg
2015-12-08 22:44:20
HUMMER,кулкуму кыстатбачы
-3
meerimma84
2015-12-08 17:31:40
Кыргыздарга курук соз болсо келтирип койушатта, озундо эчнерсеси жок эки олкону карап жалдырап...
+1
Bekish-kg
2015-12-08 22:43:24
Аны буну жаза бересинерби дуйнолук саясатты тушунбой туруп эле.?Биринчиден Оруссия Сирияны бомбалай баштаганда союздаштары менен(жкку)менен кенегип анан рперацияны баштадыбы?натодо бироосу бир деме кылар астынан калгандарына айтат,кенешет анан аткарат,а Оруссия бизди тоготтуп да койбоду,еще жкку ну тузуп алганына олосун.Казакстан,Беларуссия же Биз менен кенешип анан Сирияны бомбалай баштаса башка кеп.Америка мин жаман болсода озунун кичинекей союздаштарын колдоп келген,жардам берген.
0
Erniet
2015-12-09 03:58:12
АКШ экоонун ортосуна от жагып максатына жетти Анын максаты дуйно жузун Орусияменен душман кылуу Кыргызстан азырынча бейтарап болгону дурус Эгер согуш чыгып кетсе анда орустарга кошулабыз го
0
senchi
2015-12-09 15:07:19
Аллах озу сактасын
0
maratsaikal
2015-12-09 23:30:20
турцияда да канчалаган кыргыздар окуп, иштеп жүрүшөт... Орусияда жүргөндөр өзүмчүлдүгүн көрсөтүп жазып коюшуптур, орустар дагы деле Кыргызстанды өзүнүн колониясындай көрүп, мигранттарга кандай мамиле кылганы менен ишиңер жок! Азыр Кыргыз Эл кошулуунун айынан кандай кыйналып жатканы мисал!
-2
begai93
2015-12-10 04:40:32
Россияны колдош керек! Себеби биздин жараандардын почти жарымы бул жакта. Эми Туркияда деле жок эмес го бирок Россиядагыдай коп эмес деп ойлойм. Туркияны колдобосок ал жакта кыргыздарга зыян келтирбесе керек а эгерде Россияны колдобосок точна олдук десек болот (
-1
bosmos777
2015-12-10 08:02:50
begai93,Андай деле эмес!!! Акыйкат керек ! Туркияны аткылааганы учкан жок! Бул учкучтар! Болгону чек ара сызыгын кесип откон.Булар атпаш керек эле.
0
Hanzada
2015-12-10 10:38:58
Россия Алга
0
jamalka-2
2015-12-10 14:45:27
Путин туура кылып атат, эгер ал эч кандай чара колбонбосо болбой калмак. Кылган иштерине жооп бериштери керек Турция туура эмес кылды.
+2
FCMUKG
2015-12-10 22:03:26
Туркиянын территориясына киргенде,15секундка жеткирбей атып салган мына сага сактык.А бизге кирип бир кун деле учуп журо беришсе эч кимдин иши жок болмок.Мен Россияны эле колдойм.Россия жок болсо биздикилер кайсы жактан бары жан бакмак эле.Путин эркек. Бизге келип 1.2жыл иштеп берсе зынк болмок.
+2
kyrgyz4ik
2015-12-10 22:57:12
Россия Туркия тирешип атса А.Ш.А неге ортодо калат оор абалда. А.Ш.А нын озунчо бир пикири болушу керек президент катары. Антип эки адамдын конулун ала'албай олтурган шестеркага окшобой. Анан алар дуйнолук державаларда А.Ш.Анын ойу алар учун маанилууда эмес.
+2
bakyt71
2015-12-11 21:03:42
Россия алга!
+1
Ular91
2015-12-13 04:22:56
Деги аман эле болойлу. Баардыгы жалгыз Аллага белгилуу.
0
Guljar
2015-12-14 03:47:54
Россия биздин экинчи уйубуз,семьябыз!!!Эч кандай Турция только за Россию голосуем.!!!.Бул американын политикасы болуп жатпайбы.Кыргызстанды кроме Россиядан башка эч башка мамлекет колдобойт,или Турция колдойт деп ойлойсонор жанылыштынар.Бул сайтта туура эмес информация жазылган,эмнеге дегенде Туркия преждупреждат этиш керек болчу,а Учкучту эмне акыбалга салганын кордунорбу?Путин правильное решение принимал!!!.
0
№ 683, 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан