«Киного кайтуу үчүн хиджабды чечтим» деп гезитибиздин өткөн сандарында маек курган жаш актриса Нуриза Бурханова жолдошу, экс-депутат Турсунбай Бакир уулу менен ажырашып кеткенин билдирген эле. Турсунбай мырза жакында гезиттердин бирине маек берип, «Нуриза менен ажырашкан жокмун. Ал актриса болгондуктан өз ролун мыкты ойноду» деп билдирди. Актриса айым атак алыш үчүн өзү жөнүндө талкууга жем таштадыбы деген суроо жаралды. Бул жагдайдын чын-бышыгын, албетте, Нуризанын өзүнөн угууну туура көрдүк.
– Нуриза, «Турсунбай Бакир уулу менен ажыраштым» деп айткансыӊ. Бирок аны экс-депутат «Ал шайлоо учурундагы кара пиар болчу. Нуриза экөөбүз сүйлөшүп алып, ошондой интервью берүүнү туура таптык» деп актриса катары өз ролуӊду мыкты аткарганыӊды айтыптыр. Бул билдирүүнүн канчалык деӊгээлде чындыгы бар?
– Мен аны менен жашабай калганыма 1 жарым жыл болду. Балам да 1 жарым жашка чыгып калды. Ал мага талак берип ажырашканбыз. «Шайлоо алдында кара пиар кылабыз» деген сөз ортобузда болгон эмес. Болгону экөөбүздүн эки жолго түшкөнүбүз тууралуу интервьюм ошол учурга туш болду. Эгер саясатка байланыштуу кара пиар болсо, хиджабымды чечпейт болчумун да.– Анда эмне үчүн мындай интервью берип жатат деп ойлойсуӊ?
– Балким, кайра жарашам деген максатта болсо керек.
– Ал эми сенин жарашканга көӊүлүӊ жокпу?
– Азырынча андай оюм жок.
– Хиджабыӊды чечкенден кийин экөөӊөрдүн чогуу түшкөн сүрөтүӊөргө күбө болдук...
– Сүрөткө кызым менен жолуктурганы барганда түшкөнбүз. Ал өзүнүн жашоосу, мен өзүмдүн жашоом менен жашап жатабыз.
– Учурда мамилеӊер кандай?
– Анча деле жакшы эмес. Балдарды көрсөтүп турам.
– Мурунку жолдошуӊдан эмне үчүн минтип маек берип жатканын сурап көрдүӊ беле?
– Ооба. Ал «эгер өзүӊдүн кызыкчылыгыӊды ойлосоӊ, ошондой жооп кайтарууга туура келет» деди. Мындан улам кайра жарашам деген үмүтү бар экен деген ойдо калдым.
– Маегиӊе рахмат.