АГА-ИНИ МЕЛАДЗЕЛЕРДИН МУРУНКУ ЖУБАЙЛАРЫНА АРНАЛГАН ЫРЫ ИНТЕРНЕТТИ ЖАРДЫ

Константин жана Валерий Меладзелердин жубайлары менен ажырашуусунан кийинки толкун токтой элек кезде ага-ини дагы бир жаӊылык жаратышты. Бул алардын «Мой брат» («Менин агам») аттуу ырынын жарык көрүшү. Айрым окурмандар ыр жазышса эмне экен деши мүмкүн. Биринчиден, бул Костя менен Валерийдин алгачкы жолу чогуу дуэт аткаруусу. Экинчиден, ырдын алардын мурунку жубайларына арналган көмүскөдөгү маанисинде жатат.
Айрыкча чыгармадагы «Өмүрүмдүн жарымы өткөнчө ага көнүүгө аракеттендим. Башында эле андан кеткеним оӊ болмок экен» деген саптар интернеттеги колдонуучуларды эки тарапка бөлүп, кызуу талкуунун жаралышына себепкер болду. Бири ага-инилерге бакыт кааласа, экинчилери алардын мурунку жубайларына жаны ачып жатканын айтышат.
«Жазган чыгармаларымдын бардыгы менин же жакындарымдын башынан өткөн окуялардан алынган» деген Константин азырынча жаӊы ыр тууралуу эч кандай комментарий бере элек. Кантсе да бул чыгарма аркылуу атактуу Меладзелер учурда өз бактыларын таап, бактылуу жашоо кечирип жаткандыктарын айткысы келгенин алардын күйөрмандары түшүнүштү окшойт. Сиз дагы аталган чыгарманы угуп, өз бааӊызды берсеӊиз болот. Ал үчүн SUPER.KG порталына баш багыӊыз.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Lilia11
2015-12-07 09:02:17
Костяны Вера Голушкону( Брежневаны) тандап кетет деп эч ойлобоптурмун. Анткени чырактай Яна дегее жубайы турганда. Жубайыле эмес уч баласы турганда.
+10
bazarkyl
2015-12-07 09:33:00
Ырын каяктан угуп көрсөк болот?
+1
admin_superstan
2015-12-07 12:00:04
bazarkyl, саламатсызбы!
http://www.super.kg/media/uservideo/156077/
0
sezim_osmonalieva111
2015-12-07 12:56:26
Константин менен Яна сонун пара эле да.Ажырашкандан кийин аялы интервью бергенде айтты го,Вера экоонун мамилеси 2004-жылдан бери уланып келе жатат деп.Брежневага да баарибир экен,атасындай болгон продюсери менен.Ал эми Костянын биринчи аялы Вера азыр бактылуу,экинчи жолу турмушка чыккан,боюнда бар
+2
Gulya.akbaralieva
2015-12-07 13:35:57
Вечерний Ургантка келишкенде ырдашкан. Соооонун ыр. Негизи таланттуулар
0
begai93
2015-12-07 19:43:52
Вера Брежнева аябай жагат! Сулуу фигурасы укмуш жон эле. Эми ар кимге тийе бербей Костя менен жашап кетсиндаа!
-2
jalgyzdyk
2015-12-08 11:28:37
Адамдын бир нерсеге тушалып, айла жоктон жашоо суруусунон откон жаман нерсе жок. Жаштык кылып суйуу экен деп уйлонуп алышкандыр, балким чын эле суйушкондур. Бирок кийин аялдарынын жанында жашоо кыйын боло баштагандыр. Аялзаты баары бир таарынат, капа болот тушунбойт. Бирок менимче бироонун жанында айласыздан жашап, бактысыз болгонго караганда кеч болсо да бакыт даамын таткан жакшыго. Эки мырзаны ушунчалык тушунуп турам.
-2
Erniet
2015-12-09 03:48:10
Жаш кыздарга уйлонуп аялдарын таштаганы мага жакпады
+4
FSB
2015-12-09 04:16:36
Bashkaga uilonso uilonsun dechi, birok birinchi ayaldaryn jamandabai ele koiso bolmok. Jakshy kundordu dele bashynan otkorushtu da.Ayaldary soonun baldardy torop , kir-pirin juup, naskiin jamap degendei.Meladzeler adamkerchilikteri jok nemeler go.
+2
rozka
2015-12-11 07:56:30
Ошончо жашап бала чакалуу болушту ушунча ийгилике жетишти аялдарынын салымы чон да. Ыраазычылыгын билдирип ырдаган го десем . Жаман эркек аялын жамандайт. ОЗУ тандап ОЗУ жашады да канча жылдан бери . Эркекче иш кылбаптыр
+2
№ 683, 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан