Кытайлык ырчы, бийчи Айнур Турду кызы 1990-1998-жылдары кыргыз ырларын ырдап бир топ эле популярдуу болгон. Улуттук көйнөк кийип, шөкүлөсүн көйкөлтө ырдап клиптерге да тартылган. Көзү бакыракай, чийме каш бул ырчыны эми эстедиӊиз окшойт. Дал ушул ырчы айым бизде мейманда.
«12 ЖАШЫМДА КЫРГЫЗ ЭКЕНИМДИ БИЛГЕМ»
– Мен Пекинде төрөлүп, өскөм. Апам Зейнеп Пекин педагогикалык университетинде физика-математика мугалими болуп иштегендиктен ошол окуу жайдын алдындагы балдар бакчасында тарбияландым. 5 жашымдан баштап бардык концерт-сынактарга калтырбай катышчумун. Бир жолу мугалимдер арасында сынак болуп, мени да катыштырып коюшту. Тартынбастан ырдап-бийлеп жатсам көрүүчүлөр туруп алып кол чабышкан эле. Ырдап бүткөндөн кийин тарбиячым көтөрүп сахнадан алып кеткен. Бул менин сахнадагы алгачкы кадамым болду.
Ал эми атам Турдукерим Шинжан дене тарбия университетинин дене тарбия факультетинин деканы болуп иштеген. Мамлекеттик даражадагы гимнаст чебери эле. Андан сырткары классикалык бийлерди бийлеп, аккордеон, кытайлардын кыягын жакшы ойночу.
Ата-энем студент кезинде мамлекеттик бир чоӊ майрамга катышышкан экен. Ошондо Кытайдын белгилүү саясатчысы Дэн Сяопин апамды бийге чакырып бийлептир. Атам апамды ошондо көрүп жактырып, таанышкан экен. Экөө теӊ искусствону сүйгөндүктөн мени 5 жашымда муз үстүндө бийлөө курсуна беришкен. 12 жашымда мамлекеттик группага өткөрүү үчүн бланк толтурганда улуту деген жерине атам кыргыз деп жазганда аябай таӊ калгам. Анткени мен өзүмдү кытай деп ойлочумун. Кыргыз экенимди билген соӊ кыргыздардын тарыхын изилдеп, кыргыз тилин үйрөнгөнгө аракет кыла баштадым. Кыргызча ырларды жаттап, атама котортуп маанисин түшүнчү элем.
«БИШКЕКТЕ 19 КҮН КОНЦЕРТ БЕРГЕНБИЗ»
– Мен 12 жашка чыкканда Үрүмчүгө көчүп келдик. Ал жакта музыкалык мектепте окуп, аны аяктагандан кийин Шинжан педагогикалык университетинин музыка бөлүмүн бүтүрдүм. 1990-жылы жогорку окуу жайды бүтүп, Кыргызстандагы «Достук» коомунун чакыруусу менен мекениме келдим. Бул жакта филармониянын астындагы 2 жылдык студияда окуп, Улукмырза Полотовдон сабак алдым. Аны менен катар «Камбаркан» ансамблинде солист болуп иштедим. Кытайдан жаӊы келгенде «Ырчы, бийчи кытайлык кыргыз Айнур Турду кызы ырдайт» деп теле-радио, гезиттерден жарыя кылып концерт койгонбуз. Концерт аншлаг менен өтүп 5 күндүк концертибиз 19 күнгө созулган.
Кытайдагы кыргыздардын «Кайдасыӊ?», «Боз торгой» деген ырларын жаӊыртып ырдап чыктым. Андан кийин «Эрсай» тобунун солисти Рыспай Үсөнов «Келчи сүйүү»,
«Гитара» деген ырларды жазып берди. Чыгармачылык менен жүрүп экөөбүздүн жылдызыбыз келишип 21 жашымда Ошко келин болдум. Бизди ата-энем «кыргызга гана турмушка чыгасыӊар» деп тарбиялашкан. Ошондуктан туугандарыбыздын баары кыргызга турмушка чыктык. Үйлөнгөндөн кийин бир аз ырдап жүрүп кийин курулуш материалдарын сатып, ишкердик менен алектенип кеттик. Бизнестин арты менен Кытайдан, Кыргызстандан, Вашингтондон үй алдык.
«КЫЗЫМДЫ КЫРГЫЗ ЖИГИТИНЕ БЕРЕМ»
– Кыргызстанга келгенде туугандарымды изилдеп көрдүм. Көрсө, атамдын теги Таластан экен. Чоӊ атам Кытайга кетип кытайлык кыргызга үйлөнгөн. Таластык туугандар менен катышып баштаган элем. Алардын да жарымы Казакстанга, жарымы чет өлкөлөргө көчүп кетип азыр байланышыбыз үзүлдү. Ал эми таятам 7 жашында Ташкенттен Кытайга барыптыр. Таятам Аким Юсупов деген хандын тукумунан болгон. Апамда өзбек, татардын каны бар. Бирок өзбекче билчү эмес, татарча жакшы сүйлөчү, өзүн татармын деп айтар эле. Атам 1997-жылы 57 жашында, апам быйыл 67 жашында көз жумду. Учурда жолдошум экөөбүз дүйнө кезип Малайзия, Сингапур, Австралия, айтор, бүт жерде жашап көрүп, АКШнын Вашингтон штатына токтолдук. Анткени кызым Айсулуу Вашингтон университетинде дүйнөлүк бизнес менеджмент факультетинде окуйт. Кызыма азыртадан эле «сен кыргыз жигитине гана турмушка чыгышыӊ керек» деп кулагына куя берем.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg