ЖАӉЫ ЖЫЛДЫК ЫСЫК ТАМАКТАР

ҮНДҮК БАКЧАСЫ

Керектелүүчү азыктар:
Үндүк – 1 даана
Корица – 1 даана
Лавр жалбырагы – 2 даана
Сабиз – 100 грамм
Апельсин – 1 даана
Пияз – 100 грамм
Сарымсак – 1 баш
Кориандр чөбүнүн уругу – 1,5 чай кашык
Гвоздика – 10 даана
Кара мурч – 1 чай кашык
Каймак май – 100 грамм
Татымына жараша туз, кумшекер

1. 3 литр сууга татымына жараша кумшекер, туз, лавр жалбырагын, кориандр уругун, корицаны, ичке тууралган пияз, сабизди кошуп 10-15 мүнөт кайнатып маринад даярдап алабыз.

2. Маринад муздаган кезде ага үндүктү салып, үстүн бекем жаап муздак жерде 3 күн сактоо керек.

3. Маринаддалган үндүктүн суусун сарыктырып, ичине ар кайсы жерине гвоздика, сайылган апельсинди жана ортосунан теӊ экиге бөлүнгөн сарымсакты салып тигип же тиш чукугуч менен бекитебиз.

4. Каймак майга кара мурчту аралаштырып, үндүктүн сыртына сүйкөп фольгага оройбуз.

5. Электр мешинин ысып турган табасын майлап үндүктү салып, алгач 220 градус ысыктыкта 40 мүнөт, кийин 180 градуста 2 сааттай бышырабыз. Бышкан үндүктүн алдына салат жалбырактарын төшөп, жашылчалар жана көк чөптөр менен кооздоп дасторконго коёбуз.

Үндүктүн эти башка канаттуулардыкына караганда даамдуу, калориясы аз жана бат сиӊет. Өнөкөт оорусу жоктордун баарына жегенге болот жана аллергия чакырбайт. Жаӊы союлган үндүктүн териси агыш жана жылмакай, эти катуураак келип, күлгүн кызыл түстө болушу керек.
Бир чоӊ үндүктүн эти 10-12 адамга жетет.

ЭТ МЕНЕН ЖАШЫЛЧАДАН КУУРДАК

Керектелүүчү азыктар:
Койдун же уйдун эти – 600-800 грамм
Куйрук май – 150 грамм
Помидор – 4 даана
Сабиз – 3 даана
Пияз – 3 даана
Сарымсак – 6 тишче
Татымына жараша туз, татымалдар

1. Этти чоӊ-чоӊ, куйрук майды майда туурап алабыз. Казанга куйрук майды (эгер куйрук май жок болсо өсүмдүк майын), анан этти салып жай отто кызарта куурабыз.

2. Үстүнө жарым шакекче тууралган пиязды кошуп, отту кичирейтип 15 мүнөт кармайбыз.

3. Туурасынан ичке кесилген сабизди, төрт чарчы тууралган помидорду, майда тууралган сарымсакты салып, татымалдарды кошуп демдейбиз. 1 саат ичинде эт, жашылча менен даярдалган куурдак даяр болот. Бадыраӊ, помидор, көк чөптөр менен кооздоп тарелкаларга сала беребиз.


Уйдун эти көрүүнү жакшыртат. Курамында темир көп болгондуктан гемоглобинди көтөрөт. Майсыз эти – диеталык азык.
Ал эми койдун эти жана шорпосу гастриттен жабыркагандарга пайдалуу. Тиштин кариесинин алдын алат. Жашылча кошулган куурдак жасоодо этти маринаддап алсаӊыз да жакшы.

ДЫМДАЛГАН БӨДӨНӨ

Керектелүүчү азыктар:
Бөдөнө – 3 даана
Помидор – 400 грамм
Пияз – 1 даана
Сабиз – 1 даана
Петрушка – 1 боо
Сарымсак – 2-3 тишче
Картошка – 4 даана
Суу май – 100 грамм
Татымына жараша туз, татымалдар

Пиязды аарчып, төрт чарчы түрүндө туурап, кызарганча куурабыз. Үстүнө сырты аарчылган помидорду, төрт чарчы тууралган сабизди, майдаланган сарымсакты, петрушканы салабыз.
Ичеги-карды тазаланып жуулган бөдөнөнү куурулуп кайнап жаткан жашылчалардын үстүнө салып бир аз демдейбиз. Андан соӊ жарым стакан кайнак суу куюп жиберебиз. Жай отто 30 мүнөт бышырабыз.
Бөдөнө бышканча картошка калдырканын (чипсы) жасайбыз. Аарчылган картошканы ичке туурап, крахмалы чыгыш үчүн сууга 5-10 мүнөт чылап коёбуз. Эми анын суусун таза сарыктырып алып майга кызарта куурабыз да, табакка салабыз. Үстүнө бөдөнөнү коюп көк чөптөр менен кооздойбуз.

Бөдөнөнүн эти калориялуулугу аз, диетага ылайыктуу. Андыктан бардык жаш курактагы адамдарга пайдалуу. Курамында белок көп.
Бөдөнөнүн этин куурусаӊыз да, электр мешине бышырсаӊыз да болот. Бирок баарынан кайнатылганы пайдалуу. Анткени керектүү витаминдер кайнатканда жакшы сакталат.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Asel.24.07.93
2015-12-28 11:04:06
Эн сонун кенештер экен))
+3
tea23
2015-12-28 11:19:47
Эн сонун даамдуу тоок же индюк болот бышырганда чеснокту мясорубкадан чыгарып майонез менен аралаштырып соус жасап этке кошуп жесе.
+2
jypar.i
2016-01-04 20:18:20
tea23, чеснокту антип эзбей эле, майда сүргүчтөн өткөрсө жакшы болот
0
tea23
2015-12-28 11:20:47
Бодоно деген перепелкабы же голубь бу айтып койгулачы сураныч
0
Tursunai23
2015-12-28 11:25:23
tea23, бодононун орусчасы перепелка да )))
+4
Emil0279
2015-12-29 16:48:25
tea23,голубь деген когучкон, бодоно деген переделка
+1
Atlantida.
2015-12-31 07:29:58
tea23, перепелка
0
jypar.i
2016-01-04 20:19:49
tea23,айланайын кыргызым, голубь деген көгүчкөн да, кыргыздар өз тилибизди билбей, Кыргызстанга келген чет-өлкөлүктөргө шылдың болуп бүттүк го
0
jyldyzay
2015-12-29 18:58:32
Саламатсыздарбы супер инфо! Балыкты да ушинтип бышырууну жазып койбойсторбу? же болсо шилтемесин берип койунуздарчы. Алдын ала рахмат.
+2
admin_superstan
2016-01-04 09:56:08
jyldyzay,
Саламатсызбы!
Балык бышыруу тууралуу төмөнкү шилтемеден окуңуз
http://www.super.kg/article/show/19417
0
Saipova.91
2015-12-30 13:35:55
жакшы кенеш экенго жасап корсо болгудай
+1
ALBIKA
2015-12-31 03:32:25
Ундуктун этин аллергия козгобойт деп жазыптыр.Эмизген аялдар этият болуп жебесе жаш балага аллергия чыгарат.Кызым 5айлыгында ундук этин билбей жеп кызымды кыйнап алгам.Кызымдын эки бети кыпкызыл болуп башка нерселерге Караганда аллергиясы кучтуу.Эмизген аялдар ммумкун болсо жебей эле койсо жакшы болмок.Ким билет,бирок ар баланын организм и да ар турдуу...
0
I_love_dance
2016-01-04 09:52:28
ALBIKA,үндүктүн эти башка канаттуулардыкына караганда даамдуу, калориясы аз жана бат сиӊет. Өнөкөт оорусу жоктордун баарына жегенге болот жана аллергия чакырбайт деп турат го. демек эч кандай оорусу жоктор жесе болот. Эмизген аялдар ваабщеле тамакты этияттап жеш керек, менин оюмча
0
№ 686, 25-декабрь-31-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан